Skip to content
- Таалайлуу менен талашпа, бактылуу менен байлашпа.
- Таалайлуу менен талашып иш кыл,
Бактылуу менен байлашып иш кыл.
- Таалайыңа эмнени жазса, ошону көрөсүң.
- Таамай сөз таяктан катуу.
- Тааныбагандын (жердин) ой-чуңкуру көп.
- Тааныбасты сыйлабас
- Таанымал жерде бой сыйлуу, тааныбас жерде тон сыйлуу.
- Таанысаң Тынаймын, тааныбасаң Кудаймын.
- Таап алсаң да санап ал.
- Таап сүйлөгөн таттуу сүйлөйт.
- Таарынгандыкы таттуу.
- Таарынсаң Таласка бар.
- Таасирдүү сөз – тарбияга көмөктөш.
- Таба кылбай тобо кыл.
- Табарман эрден тубарман бээ өтөт.
- Табыпчы дартка жолдош.
- Тагдыр бактылууну сүйөт, бактысызды сүйрөйт.
- Тагдыр жазмыштагыны көрөм деп, отура берүүгө болбойт.
- Таз арданса, бөрк алат.
- Таз дарыкер болсо, өзү таз болот беле.
- Таз кыздын көңүлү болбосо да, таза кыздын көңүлү калбасын.
- Таз таранганча той таркайт (же тарайт).
- Таза аба жуткуң келсе – эрте тур,
Таза өмүр сүргүң келсе – эмгек кыл.
- Таза болсоң суудай бол,
Баарын жууп кетирген,
Балбан болсоң жердей бол,
Баарын чыдап көтөргөн.
- Таза үрөндөн өнгөн дан, дыйканды байытат.
Ак ниеттен чыккан сөз (көп), адамды марытат.
- Тазалык – өмүр булагы.
- Тазалык – соолук белгиси, соолук – байлык белгиси.
- Таздан тарак сурабайт.
- Таздын бити саналуу.
- Таздын көөнү болбосо да, таза кыздын көөнү калбасын.
- Таздын темир тарагы бар, кемпирдин берекелүү тамагы бар.
- Тай ат болсо – ат тыныгар, уул эр жетсе – ата тыныгар.
- Тай атка чыкса, ат азатка чыгат.
- Тай кезинде бары жакшы, жаман ат кайдан чыгат,
Кыз кезинде бары жакшы, жаман катын кайдан чыгат?
- Тай кунанга жеткизет, кунан атка жеткизет, ат муратка жеткизет.
- Тай туйлап такка чыкпайт.
- Тайлак бар, чому жерде калган жок.
- Тайы жаман болсо да, тайлагы бар.
- Тайып жыгылган таянып турар.
- Така туякты сактайт, туяк тулпарды сактайт, тулпар эрди сактайт, эр элди сактайт.
- Тактыктан достук бузулбайт
- Такыры жок жер болбойт, жакыры жок эл болбойт.
- Такыялуу башка далай иш түшөт.
- Талаага түнөгүчө, молого түнө.
- Талаада музоо эмип кетсе, үйдө сүтүнө ит тиет (же сүт төгүлөт).
- Талаада табылса, бир ором жип олжо.
- Талаадагыны үйдө болжобо.
- Талаалуу жерде тоо болбойт, жакшы элде доо болбойт.
- Талаанын көркү мал менен, калаанын көркү эл менен.
- Талант тартынчаак болот.
- Талап – табылбас канат.
- Талаптанбай муратка (тилекке) жетпейт.
- Талаштан тактык жаралат.
- Талкалап салуу бир паста, бир нерсе кылуу аста-аста.
- Талкан десе тап койгон, айыл десе ат койгон.
- Тамагы майлуунун – көйнөгү көөлүү.
- Тамагын тартпаган таттуусунан айрылат.
- Тамак болбой, дымак болбойт.
- Тамак, тамак болсо дымак.
- Тамак деп асмандагы куш торго түшөт.
- Тамак көп болсо – итке жакшы, тамак жок болсо – битке жакшы.
- Тамак көрсө күлкүсү келет, китеп көрсө уйкусу келет.
- Тамак менен кыйнабай, муш менен кыйна.
- Тамак үчүн асмандагы куш торго түшүптүр
- Тамаксоонун табагы толбойт, топуктуунун жаманы болбойт.
- Тамактан аяган мончок курусун.
- Тамактан өткөндүн баары тамак.
- Тамакты бир тууш ичет, бир кууш ичет.
- Тамакты кабак көрөт.
- Тамакты таттуу кылган – туз, ыраакты жакын кылган – кыз.
- Тамактын жакшысы ток, жаманы жок.
- Таманың тайгак болсо, таканы мыктап как.
- Тама-тама көл болот.
- Тамашага – тамаша, каяшага – каяша.
- Тамашанын таттуусу, таң атканда билинет.
- Тамашанын теңи – чындык.
- Тамганы күйгүз, күйгүзбөсөң өзүң күйөсүң.
- Тамды тешкен уурунун сабы кыска чоту бар.
- Тамчы суудан тал көгөрөт.
- Тамчы тама берсе таш жарат, бир сөз ырбай берсе баш жарат.
- Тамыр тарткан талыкпайт.
- Тамырлуу да жыгылат, такалуу да тайгаланат.
- Тамырсыз дарак, тарыхсыз эл болбойт.
- Тандаган тазга жолугат.
- Тандап, тандап, тазга жолукту.
- Тандап алган катының тайлак минип олтурат,
Көрүп алган катының көсөө минип отурат.
- Тандачу элең тал–тал кара чачтууну,
Эми кезиктирди кудайы аарчыган пияз баштууну.
- Таң атпаганга күн да батпайт.
- Таң сүрө иштегениң– таалай, бакыт издегениң.
- Таңда күнү таң атар, саамал ичер күн тубар.
- Таңкы куйруктан азыркы өпкө.
- Тапкан – сүйүнөт, тааныган – алат.
- Тапкан – эне эмес, баккан – эне.
- Тапканыңа сак бол, эсебиңе так бол.
- Тар жерде табышкан, кең жерде келишет.
- Тар жол, тайгак кечүүдө.
- Тар кийим талашып жыртылат, кең кийим кеңешип жыртылат.
- Тар өтүгүң бутуңду кысса, кең дүйнөдөн не пайда.
- Тар үйдө олтуруп тамак жегиче, кең үйдө олтуруп муш же.
- Таранчы жеген таруунун бөдөнө тартат азабын.
- Таранчыдан корккон таруу айдабайт.
- Тарбия – баасыз байлык.
- Тарбия көп кырдуу, таалим көп сырдуу.
- Тарбиянын кени мектепте.
- Тарс эткендин баары тамаша, карс эткендин баары күлкү.
- Тартар тилинен тартар.
- Тарткан – төө, чачкан – чычкан.
- Тартынбаган тил, таттуу турмушту бузат.
- Тартынбаганга таяк да курал.
- Тартып ичкен тай ашырат, аяп ичкен ат ашырат
- Тарчылык болбой – кеңчилик болбойт, кеңчилик болбой – теңчилик болбойт.
- Тарыхка кириш кыйын, чыгыш оңой
- Таттуу калптан, ачуу чындык жакшы.
- Таттуу ооздун даамын кетирбе.
- Таттуу тилден жаның жыргайт.
- Таш бакага таш жааса деле баары бир.
- Таш жарган балта кеңеште баш жарат.
- Таш койсоң, таш аласың, кыш койсоң, кыш аласың.
- Таш менен урганды аш менен ур,
Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер.
- Таш түш, таалайыңан көр.
- Таш түшкөн жеринде оор, иш чыккан жеринде зарыл.
- Таш, ташты эриткен аш.
- Ташка салып айдаса, тулпардан туяк кетилет (кетилмек),
Саяпкери жарашса, тулпарга туяк жетилет (жетилмек).
- Ташкын өтөөр, таш калаар.
- Ташкын суу кечүүсүз болбойт.
- Таштак жерде от болбос,
Арсыз башта уят болбос.
- Ташты таш менен урганда козголот.
- Ташты ташка урганың менен таңдайыңа тамызаарга суу чыкпайт.
- Ташчы ташты тешет, айың башты тешет.
- Ташыркаса бууданды, «баса албайт», деп кордобо.
- Таягың узун болсо, белиң ийилбейт, канаттуунун териси мээлей болуп кийилбейт.
- Таяк – тайга жеткирет, тай – атка жеткирет.
- Таяк – эттен өтөт, сөз – сөөктөн өтөт.
- Таяк (кылыч, муш, ок) жарасы бүтөт (кетет), сөз (тил) жарасы бүтпөйт (кетпейт).
- Таяк тапса төкөр сүйүнөт.
- Таяк-эттен өтөт, сөз – сөөктөн өтөт.
- Таянаарың болбосо, таамай сөздөн пайда жок.
- Таянган кожоң сууга акса, алды-артынан тал карма.
- Таянган тооңу көчкү алса, талдуу бутагынды ким калкалайт.
- Таянган тоосу бийик болсо, текенин көзү кызыл болот.
- Таянган тоосу бийик болсо, ыргыткан ташы алыс түшөт.
- Таянычы жок адам жаман болот, бөөдөсүнөн ар дайым залал болот.
- Тебенектен бутуңду тарт,
Ушакчыдан тилиңди тарт.
- Тегин (же бекер) жерден өрт чыкпайт.
- Тегин жаткан текемди сенин эчкиң ала кетти.
- Тегин жерден өрт чыкпайт.
- Тегин эмес түшүңүз, оңолот экен ишиңиз.
- Тегинен эмес, кебинен.
- Тегирмендин барасы жүгүрсө, ташы талкаланууга макул.
- Тез жанында ийри жыгач жатпайт, (тез бар жерде ийри жыгач турбайт).
- Тек жүргөн – ток жүрөт.
- Тек жүрсөң – ток жүрөрсүң, шок болсоң – жок болорсуң.
- Тек тургуча тегин иште.
- Тек тургуча тегин иште.
- Теке – тоочул, коён – коңулчул..
- Теке – турукка, азамат – урукка.
- Теке болсо мейли, сүт берсе болду.
- Текенин мүйүзү көккө жетпейт, төөнүн куйругу жерге жетпейт.
- Текенин өзү ойдо болсо да, көзү зоодо.
- Тектүү жер –намыстуу эл.
- Темене тартып төө алат, өрдөк берген, каз алат.
- Темене тартып, төө алат, тартуу кылып чай алат.
- Темир – отто, киши – жокто чыңалат.
- Темир кессең кыска кес, жыгач кессең узун кес.
- Темирди дат жейт, жүрөктү дарт жейт.
- Темирди кызуусунда (кызыганда) сок
- Темирди ысыгында сок, кепти кызуусунда сок.
- Темирдин баркын уста билет.
- Темирдин бир башы ысык, бир башы суук.
- Темирдин кадырын уста билет.
- Темирдин курчунан эмес, сугарган суусунан.
- Темирдин эки башы да ысык.
- Темирчи көмүрчү менен дос, өтүкчү наалчы менен дос.
- Темирчи көмүрчүгө үйүр.
- Темирчинин балтасы жок, жыгашчынын тубагы жок.
- Темирчинин бычагы жок.
- Темирчинин колунда катуутемир ыйман айтат.
- Тентек молдо – телмирген өгүз.
- Тентек чокмор жыйнайт.
- Тентекке санат болбосо, журт ырааты бузулат.
- Тентектик – кудаанын жолунан чыгуу.
- Тең – теңи менен, тезек – кабы менен.
- Тең көргөндү теңирим сүйөт, тең көрбөгөндүн кепини күйөт.
- Тең теңи менен, тезек кабы менен.
- Тең теңин тапса, деңиздей чалкып жашайт.
- Тең туугандын жаманы болгуча, ак буудайдын сабагы бол.
- Теңин тапса, тегин бер.
- Теңине албагандын жанына жолобо.
- Теңирим бир жааса, терегим эки жаайт.
- Теңсинбегенге теңелбе.
- Теңтуштар менен салган обон пейилди тазартып, адамга жакындатат.
- Теңтуштун теңири бир.
- Теңчилик жоголду, темингендер оңолду.
- Тер агызбай арамдан аш жебегин.
- Тер агызган тергенди адал дейт.
- Тер көтөрбөй, күлүк болбойт.
- Теректей бой бергиче, теменедей акыл берсин.
- Теректей бойдон, теменедей акыл артык.
- Теректен шаптоол тилебе.
- Теректин башы тыт болот, жаман киши кырс болот,
Каарына алганда жайдын күнү жут болот.
- Терең дарыя тынч агат, акылдуу киши тынч айтат.
- Тери тондун ичинде тердесин жигит, өлбөсүн.
- Терини ашата албаган жыдытат, сүттү сактай албаган иритет.
- Терс угулган сөздүн жообу да терс.
- Тетиги жигит кыз көрөт, ал жигитти ким көрөт.
- Тетикке бар, термелгенге жок.
- Тетири болсо кыялың, тартарсың зыянын.
- Тешик (же көздүү) мончок жерде калбайт.
- Тешик жыртыкты шылдыңдаптыр.
- Тешик мончок жерде жатпас, жерде жатса бекер калбас.
- Тешик ооз тек турбайт.
- Тешик ооз тешик ооздон калбаптыр.
- Тешик ооз тим турабы?
- Тешик ооз тим турабы? (же тек турабы?).
- Тиги дүйнөнүн бейишинен бул дүйнөнүн кейиши артык.
- Тиешелүү сөз келсе айта албаган дөдөйлүк.
- Тизе бүгүп жашынгыча тик туруп олгон жакшы.
- Тизе жерге тийсе, бет кара болот.
- Тизелеп жашаганча,
Тик туруп өлгөн артык.
- Тизелешкендин тизесин бүк, белдешкендин белин бүк.
- Тийбегенге сүйкөнбө.
- Тийбегенге тийишпе.
- Тийген болсо тилин айт, күнөөсү болсо билип айт.
- Тийип туруп жааган күндөн түңүл, күлүп туруп сүйлөгөн кишиден түңүл.
- Тийсе аякка, тийбесе таякка.
- Тикен болуп бутка киргенче, гүл болуп чекеге кысыл.
- Тикенди түбүнөн үз.
- Тикендүү дарак чыт болот, жалкоо адам бит болот.
- Тикенексиз гүл болбөйт, тик айтылбас тил болбойт. (Жалбыраксыз гүл болбойт, тикенексиз тил болбойт).
- Тиккен бак өнбөй калбайт, эр жигит жакшылыкты көрбөй калбайт.
- Тил баш жарат, жел таш жарат.
- Тил – акыл талаасы (же акылдын жарчысы).
- Тил — акыл таразасы.
- Тил – акылдын жарчысы.
- Тил – душман, акыл – дос, тиш – коргон.
- Тил – жүрөктүн ачкычы.
- Тил – көргө чейин түшүрөт, көккө чейин чыгарат.
- Тил – курсак тойгузат.
- Тил – кылычтан да өткүр, адамды адам кылат, аша чапса, жаман кылат.
- Тил – менин тууганым, тил – менин душманым.
- Тил – ойдун сандыгы.
- Тил – таш (ты да) жарат,
Таш жарбаса, баш жарат.
(Тил баш жарат, жел таш жарат).
- Тил – топчусуз, ооз – ачкычсыз.
- Тил азар – тилге кирбейт, тилинен – өлөөрүн билбейт.
- Тил акыйкатты табат.
- Тил акыл талаасы (же акылдын жарчысы).
- Тил акыл таразасы.
- Тил акылдын жарчысы.
- Тил албаган жаманга, акыл сөздөн муш жакшы.
- Тил албаган уулуң – бел ашпаган арыктай.
- Тил албасты жумшаганча, тына-тына өзүң бар.
- Тил астынан тил издегенден без (кач).
- Тил ачуусу шакардай.
- Тил баш жарат, жел таш жарат.
- Тил башты багат.
- Тил билги жүйөөкөч, кол ийиктен элпек.
- Тил көргө чейин түшүрөт, көккө чейин чыгарат.
- Тил курсак тойгузат.
- Тил кылычтан да өткүр, адамды адам кылат, аша чапса, жаман кылат.
- Тил менен тикенди да аласың.
- Тил менен тирүү адамды да өлтүрүүгө болот.
- Тил менин тууганым, тил менин душманым.
- Тил ойдун сандыгы.
- Тил ооруткан дос эмес.
- Тилазар – тилге кирбейт, тилинен өлөөрүн билбейт.
- Тилде сөөк жок, айбанда акыл жок.
- Тилде сөөк жок, не дебейт, айбанда (итте) акыл жок, не жебейт.
- Тилден бал да тамат, уу да тамат.
- Тилден жаңылбаган, буттан мүдүрүлбөгөн жок.
- Тилден жыгылганча буттан жыгыл.
- Тилден келген, колдон келсин.
- Тилден кыйын жоо жок, кыздан кыйын доо жок.
- Тилди бош койсо (эрк берсе) тишти сындырат.
- Тилди бош койсо, тишти сындырат.
- Тилди тил кесет.
- Тилди тилге бүлөйлү, тишти тишке кайрайлы, анан жарыя окуйлу.
- Тилдин кулпусу – тиш.
- Тилдин сөөгү жок.
- Тилдин топчусу жок, ооздун ачкычы жок.
- Тилдин учунан бал да агат, уу да агат.
- Тилеги бирдин – билеги бир.
- Тилеги жаманды ит кабат.
- Тилемчинин куржуну толбойт, алыңча берсең аз деп кордойт.
- Тили – бал, жүрөгү – муз.
- Тили жумшак (татты) аш жейт. Тили катуу (ачуу) муш жейт.
- Тили жүгүрүк – кепке, буту жүгүрүк – ашка.
- Тили тайгактын, оозу айгак.
- Тили таттуу аш жейт, тили ачуу муш жейт.
- Тили шогураактын батымы жогураак.
- Тилин тишине каткан жакшы адат.
- Тилинген жара айыгат, тил жарасы айыкпайт.
- Тилинде актык келмеси бардын, дилинде шайтан сөзү бар.
- Тилиң жүгүргүчө, колуң жүгүрсүн.
- Тилиң тишиңе күбө.
- Тилиңе – тибиртке
- Тирилигиң – зор дөөлөт.
- Тириликтин күчү бирдикте.
- Тирүү болсок бир дөбөдө (бололу), өлүп калсак бир чуңкурда (бололу).
- Тирүү болуп санда жок, өлүү болуп көрдө жок.
- Тирүү койгонду куру койбойт.
- Тирүүдө сыйлашып, өлгөндө ыйлашпаган урук – тууган, дос –тамыр, куда – сөөктөрдөн оолак бол.
- Тирүүдө сыйы жоктун, өлгөндө ыйы жок.
- Тирүүлүгүң – зор дөөлөт.
- Тирүүлүк – жолдон башталат.
- Тирүүлүктө – күдөрүңдү үзбө.
- Тирүүлүктө – мал таттуу, өлмөйүнчө – жан таттуу.
- Тирүүндө сыйлашпасаң, өлгөндөн кийин ыйлашпа.
- Тирүүнүн өз кесиби бар.
- Тиш барда таш чайна, тиш түшкөндө аш кайда.
- Тиш барда таш чайноо керек, тиш түшкөндө аш чайналмак эмес.
- Тиш өтпөгөнгө тил өтөт.
- Тиши бүтүнүрөөктүн, тили тагыраак, томуктай түйүнү бар болот.
- Тиши чыккан балага, чайнап берген аш болбойт.
- Тишим кетик болсо да, көөнүм тетик.
- Тишиң барда таш чайна, тиш түшкөндө аш кайда?
- Тишиң ооруса – жулуп тын, коңшуң жаманбы – көчүп тын.
- Тишиңди жашырсаң, тилиңди сунарсың (же чыгарасың).
- Тишти (тилди) кордосоң – сөзгө зыян, чөптү кордосоң – көзгө зыян.
- Тобокел – кээде жакшы, кээде жаман.
- Тобокел – эрдин жолдошу.
- Тобокел ишке кайгы жок.
- Тобокел түбү – жел кайык, желесиң да жетесиң.
- Тобокелге салгандык–илимден артта калгандык.
- Тобокелде кайгы жок.
- Тобокелдин көөнү ток.
- Тобокелчи тоо аттайт.
- Тобунан ажыраган – торго түшөт.
- Тоготпогон жыланды топтошкон кумурска өлтүрөт.
- Тогуз кабат торкодон токтучагымдын териси артык.
- Тогуз катар торкодон токтучагымдын териси жакшы.
- Тогуз катар торкомдон үшүп отурам, көңдөй көт кантти экен (шилбинин сөңгөк куурайга айтканы).
- Тозгон казды топтошкон карга алат.
- Тозок менен тооруган, бейиш менен алдайт.
- Тозокко үйрөнгөн от чачышып ойнойт.
- Тозокту көргөн от менен ойнойт.
- Той – токчулуктун жышааны.
- Той – тондуунуку, аш – аттуунуку.
- Тойбодум деп таарынбайт, сойбодуң деп таарынат
- Тойбой жеген (кээде ичкен) аш курусун, кордукта жашаган баш курусун.
- Тойго барсаң мурун бар, мурун барсаң орун бар,
Тойго барсаң тоюп бар, ашка барсаң ачка бар.
- Тойго барсаң тоюп бар, жамандыгыңды коюп бар.
- Тойго барсаң тоюп бар, торко тонуң кийип бар,
Ашка барсаң ачка бар, ала чапаныңды кийип бар.
- Тойгон ит ээсин тааныбайт.
- Тойгон мышык чычкан менен ойнойт.
- Тойгондо токтунун эти топурак татыйт.
- Тойгон-таткан – баарыга тең.
- Тойгонуңа сүйүнбө, сиңиришиңе сүйүн.
- Тойдо тонумду бер дебе.
- Тойдум деп сүйүнбө – сиңерине сүйүн,
Байыдым деп сүйүнбө – ийгилигиңе сүйүн.
- Тойдун көркү – аш, тоонун көркү – таш.
- Ток бала ач балага карабайт.
- Ток бала ач болом деп ойлобойт.
- Ток бала эчтемени ойлобойт.
- Ток чычканга тоң май жакпайт.
- Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет.
- Токмун деп томуктун этин таштаба.
- Токой – тоонун көркү, Эр – элдин көркү.
- Токойдо жүрүп сайраган: булбулдан муңдуу куш барбы, өлгөндөн жаман иш барбы.
- Токойлуу жер аңсыз болбос.
- Токол катын – эрге жакын, алкы таза–элге жакын.
- Токол уйду чапсаң, мүйүздүүгө доо кетет.
- Токол уйдун түшүнө мүйүз кирет.
- Токол эчки кой баштабайт.
- Токол эчки койдо жок, токол катын тойдо жок.
- Токол эчки мүйүз сураймын деп, кулагынан ажыраптыр (айрылыптыр).
- Токол эчки өзүн улаксыйт.
- Токоч – тоют, жарма – оокат.
- Токоюна карай аңы, учуруна карай заңы.
- Токсон ооз сөздүн томуктай түйүнү бар,
- Токтогулдай ырчы бол, Толубайдай сынчы бол.
- Токтоолук – бакытка алып баруучу ырыстуу жол.
- Токумдай тоосу жок, кемегедей коосу жок.
- Токчулукта ит күчөйт, ачарчылыкта бит күчөйт.
- Толбоско куйба, тойбоско бербе.
- Толкунсуз суу болбойт, кайгысыз эл болбойг.
- Толтура буудай салганда кампанын чери жазылат,
Топ этип жерге түшкөндө жампанын чери жазылат.
- Томугу толук буудайдын өз колунда болбосо, азабы артык туугандын.
- Томуктай нерсени тоодой кылат.
- Тон жылуусун ээси билет, муңдуунун муңун муңдуу көрөт.
- Тон кийбеген тон кийсе, кача–кача (бүтүрөт) тоздурат,
Ат минбеген ат минсе, чаба–чаба өлтүрөт.
- Тондууга тондуудай, тону жокко тону жоктой – суук.
- Тоңгон тонун мактайт, адашкан жолун мактайт.
- Тоо – ташсыз болбойт, эл – башсыз болбойт.
- Тоо арасын суу бузат, эл арасын чуу бузат.
- Тоо бийиктиги алыстан байкалат.
- Тоо бөрүсү, токой каракчысы көп.
- Тоо бузулуп, таш урап,
Тозулбаган — жерде жок.
Чайпалбаган — көлдө жок.
Чаалыкпаган — жанда жок.
Бөксөрбөгөн — сууда жок.
Бөлүнбөгөн — элде жок.
- Тоо көрүнсө – алыс эмес.
- Тоо түгөнүп уч болот, жол айрылып үч болот,
Жер түгөнүп сай болот, ат арыктап тай болот.
- Тоодо кийгенин тойдо да киет.
- Тоодогу түлкүнү табындагы тайган алат.
- Тоодогу эчки күүлөгөндө, теке жүгүрүп келет.
- Тоодой калпты томуктай чындык жеңиптир
- Тоодой караны томуктай ак жеңет.
- Тоодой сөздү бергенче, берметтей ишти бер.
- Тоодон түшөрдө – таскак, тоого чыгарда – аксак..
- Тооксуз эле таң атат.
- Тооктун түшүнө таруу кирет.
- Тоолуу жер аңсыз болбойт, көчмөн эл малсыз болбойт.
- Тоолуу жер карсыз болбос.
- Тоолуу жердин бөрүсү, ойлуу жердин уурусу.
- Тоону бийик дебе, талаптансаң чыгаарсың,
Жоону күчтүү дебе, кайраттансаң жыгасың.
- Тоону, ташты суу бузат, адамзатты сөз бузат.
- Тоонун көркү – кенинде, талаанын көркү – эгинде.
- Тоонун түбү – бек болоор, жоонун түбү – эл болоор.
- Тоонун түлкүсү жакшы, бардын күлкүсү жакшы.
- Тоону-ташты суу бузат, адамзатты сөз бузат.
- Тооң бийик болсо, ыргыткан ташың алыс түшөт.
- Тоорумду бирге тооруштук, качан көңүл калыштык,
Чалгынды бирге чалыштык, кай жерде көңүл калыштык.
- Тоосуз жер болбойт, доосуз эл болбойт.
- Тоосуз жер болбойт.
- Топ болуп төртөө болсоң, төбөдөгүнү түшүрөрсүң.
- Топ жүргөн мал карышкырга алдырбайт.
- Топ сокурдун арасында жалгыз көздүү – Султан.
- Топтон качкан каракчыга кез (туш) болот.
- Топтон озгон – чечен, көптөн озгон – көсөм.
- Топту карай таш ыргытпа.
- Топук кылсаң тоёрсуң, ууруну коёрсуң.
- Топуксуздун курсагы тойбойт.
- Торко – тозот, туяк – озот.
- Тоту – куштун барчасы, кеклик – куштун калчасы.
- Тоту жүнү менен, булбул үнү менен (даңктанат).
- Тоту куш башын көрүп кубанат, бутун көрүп арданат.
- Тоюмдук эмес, көңүлдүк.
- Төгүлбөй дөөлөт тура албайт.
- Төгүлгөн аяк кайра толбойт.
- Төгүлгөн сарттын (соодагер) бозосу, сынган сарттын (соодагер) кесеси.
- Төгүлгөндүн толугу бар, карысы бардын ырысы бар.
- Төгүлсө – кыргыздын бозосу.
- Төгүн жерден өрт чыкпайт.
- Төгүн жерден өрт чыкпайт.
- Төө – бойдон, асыл – койдон.
- Төө баласы – төрө баласы.
- Төө жазасын көпүрө берет
- Төө канча болсо, жүк ошончо.
- Төө качып, жүктөн кутулбайт.
- Төө көп болуп, конокко сойбойт.
- Төө көрдүңбү? – Жок бээ көрдүңбү? – Жок.
- Төө кыядан өткөн соң, «оо» – дегениң курусун.
- Төө кыядан өткөндөн кийин «Өч!» дегениң курусун.
- Төө кыядан өтүп кеткенден кийин.
- Төө минген иттен коркпойт.
- Төө мингенде жигитти тегеректеп эл жүрөт,
Жөө жүргөндө жигитти, келекелеп эл күлөт.
- Төө мингендин төбөсү бийик.
- Төө миндим деп мактанба, жөө жүрдүм деп арданба.
- Төө минип, эчкиге жашынба.
- Төө өлгөндө жүк өгүзгө жүктөлөт.
- Төө сойгон эчки сойгондон эт сураптыр.
- Төө чайнаганын билип, жутканын билбейт.
- Төө чөлдү ойлосо, бака көлдү ойлойт.
- Төөгө жантак керек болсо, мойнун созот.
- Төөгө минген боюн жашырбайт.
- Төөнү кыядан өткөрүп жибердиң.
- Төөнү мээнет чырмаса, жайдын күнү чоо басат.
- Төөнү сел алса, эчкини асмандан көр.
- Төөнүн бир өркөчү кесилсе, бирөөнүн күчү жок,
эки эмчектин бири кесилсе, биринин сүтү жок.
- Төөнүн куйругу жерге тийгенде.
- Төөнүн мазар менен иши жок.
- Төөнүн пайдасы талаада билинер,
Адамдын пайдасы балаада билинер.
- Төөсүнө жараша – кому, эшегине жараша – чому.
- Төөчө чайнаганыңды билип, жутканыңды билбей калба.
- Төп болуп төртөө болсоң, төбөдөгүнү түшүрөрсүң.
- Төр көркү – гүл, үй көркү– зайып.
- Төрдө орун болсо, эшикке жакын (улагага) отурба!
- Төркүндүн төбөсү – кубат.
- Төркүндүн төрүндө болгуча, уулдун улагасында бол.
- Төркүнү бар сөзүң болсо, төркүнүн көрсөтө айтпайсыңбы.
- Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт
- Төркүнүңдөн төө сура, коркконунан бээ берсин.
- Төрт аяктуу мал да мүдүрүлөт.
- Төрт өлчөп бир кес, ток этээр сөздү бир айт.
- Төрт өлчөп тең кескин, ток этээр сөздү бир айткын.
- Төшөгүн салып жата албай – жерден көрөт, өз эрин алып жата албай – элден көрөт.
- Төшөгүңө карай бутуңду сун.
- Төшөктүн тардыгы – тардык, көңүлдүн тардыгы – кордук.
- Туз таткан жериңе карасанаба.
- Тузга кара санаган жарыбайт.
- Тузду даам татканга бер, кызды издеп тапканга бер.
- Тузду мээнет чырмаса, даамы чыгып шор болот,
Кызды мээнет чырмаса, атасынын төрүндө көп олтуруп кор болот.
- Тузу аз болсо туздалар, тузу көп болсо бузулар.
- Тукум уласа, журттун жылдызы жарык.
- Тул катынга жалчы айгыр.
- Тулпар – тушунда, күлүк – күнүндө.
- Тулпар айланып үйрүн табат.
- Тулпар жерин, эр элин сагынат.
- Тулпар жүнүн оордобойт.
- Тулпар тушунда, күлүк күнүндө (керек).
- Тулпар түгүн оордобойт, султан (тууган) сөөгүн кордобойт.
- Тулпар чаба жетилет, шумкар уча жетилет.
- Тулпарга минген турчу эмес, тууганга жетпей тынчу эмес.
- Тулпарды минген турабы, тууганга жетпей тынабы.
- Тулпарды тогунда сынаба, ачында сына,
ай-ааламдагы элдердин кашында сына.
Эр жигитти эл ичинде сынаба, эл четинде сына,
канжыгадан баш чечишкен, карыдан кан кечишкен жоо бетинде сына.
- Тулпардын бир туягы кем.
- Тулпардын туягы кетилет, сазга басса жетилет.
- Тулпардын туягы кымбат.
- Тулпардын үйүрү бир болсо да оттоосу башка.
- Тулпардып изи жоголбойт, бузуктун иши оңолбойт.
- Тумагын, топусун ал десе келлесин алган, жасакердин жосуну.
- Тумшугу байланган ит көчүгү менен үрөт.
- Тунук көлдүн түбү курт.
- Тунук суу кысыктан жол табат.
- Турмуш ажарыңды да, базарыңды да ылгабайт.
- Турмуш эшек араба, карабасаң сынып калат.
- Турмушта эң кыйын нерсе – акылсыздыкты жөнгө салуу.
- Турмуштун туткасы – аял.
- Турнадан бий (башчы) койсоң, кайгы кетпейт башыңан.
- Турнанын да башчысы бар.
- Тур-турдан кабар келсе, уйкудан маза кетет.
- Туткундагы эр – канаты жок куш.
- Туубаган катындан улактуу эчки жакшы.
- Тууган ай – туураган май.
- Тууган бар болсо көрө албайт, жок болсо асырай албайт.
- Тууган бир жакшылыкта, бир жамандыкта.
- Тууган жер алтын бешик (уя), туулган жерге тууңду тик, туулган жердин топурагы алтын, эли мазар.
- Тууган издеп, достон кетпе.
- Тууган катары кучакташтырган – тил, душман катары бычакташтырган – тил.
- Тууган күйгузуп (күйгүзүп) айтат, душман сүйгүзүп (күлдүрүп) айтат.
- Тууган менен үч бөлүнсө жат болбойт.
- Тууган туугандын казанына аш салбайт.
- Тууганга душман болбо, душманга тууган болбо.
- Тууганга кара санаган, туура жалчыбайт,
- Туугандан өтөм десең, коон бак, душмандан өтөм десең аштык бак.
- Туугандын өзү таарынса да, боору таарынбайт.
- Туулбаган – өлбөйт.
- Туулган адам жаман эмес, турмуштан ордун таппаган жаман.
- Туулган жер – алтын бешик.
- Туулган жерге тууңду тик.
- Туулган жердин кадырын алыста жүрсөң – билесиң
- Туулган жердин суусу – мүрөк, кызы – чүрөк.
- Туулган жердин ташы – алтын, суусу – дары.
- Туулган жердин топурагы – алтын, суусу – мүрөк.
- Туулган жердин топурагы – алтын, эли–мазар.
- Туулганына сүйүнбөй, тураарына сүйүн.
- Туулганыңа сүйүнбөй тураарына сүйүн.
- Туулдуң – өлдүң, тутандың – күйдүң.
- Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок.
- Туура сөз – кылычтан өткүр.
- Туура сөз – темирди тешет, өткүр сөз – кылычты кесет.
- Туура сөз (кеп) – тууганга жакпайт, катуу айткан – катынга жакпайт.
- Туура сөз кылычтын мизинен курч.
- Туура сөз тууганга жакпайт.
- Туура сөзгө жооп жок.
- Туура сөздү туура дебеген адам, калыстыктан кетет.
- Туурамчыдан тууганың болсун.
- Тууруна сүйүнбө, турарына сүйүн.
- Туюнтпай мээнет жолукса тууганың сага кас болот,
Туш келип деөлөт жолукса душманың келип дос болот.
- Туягы бүтүн тулпар жок, канаты бүгүн шумкар жок.
- Түбөлүгү түз болсо – болду.
- Түбү бирге – түбөлүк, учу бирге – утурумдук.
- Түбү бирге түтпөйт.
- Түгөйсүз Сайкал, жүгөнсүз байтал.
- Түгөнбөгөн дүйнөдөн түркүн – түркүн эр өткөн (же түрдүү – түрдүү жер өткөн).
- Түгөнөр уй түгүн жейт, түгүнөн кийин өзүн жейт.
- Түгөнөр уй түгүн жейт.
- Түз жүрсөң, ток жүрөрсүң.
- Түз кишиге жүз киши жакын.
- Түзөлөр жолго түшпөйм десе, түбөлүк дешкен досуңдан кеч.
- Түзүк эле биздин кыз, түйтөк баш кылган өзүңүз.
- Түйөргө түйүнчөк табылбайт
- Түйшүгү болбой, түшүмү болбойт.
- Түйшүгү жок жан болбойт.
- Түйшүк адамды кургатат, кайгы адамды карытат.
- Түк бүткөн (күткөн) сайын калтырайт.
- Түлкү алган итке сый жок.
- Түлкү ийинин карап үрсө котур болот
- Түлкү ийнинин түбүн карап үрбөсө, котур болот.
- Түлкү өз куйругун күбө тартат.
- Түлкүнүн адамдан бир эле амалы кем.
- Түлкүнүн башы батты дегиче, өтүп кетти дей бер.
- Түлкүнүн душманы – териси.
- Түлкүчүнүн жыйганы ичик үчүн.
- Түмөн ойдун түйүнүн бир сөз менен чеч.
- Түн – бакырдыкы.
- Түн болбой Айдын баркы билинбейт.
- Түн уйкусу менен кызык.
- Түндө Ай ордуна Күн чыкпайт.
- Түндө көлөкө болбойт.
- Түндөгү түлкү – бүгүнкү күлкү.
- Түнкү ууру күндүз кармалат.
- Түнттү түртмөйүнчө билбейт.
- Түптүү эл түгөнбөйт.
- Түркөй кишинин напсиси бир, молдонуку – экөө, ажыныкы – үчөө.
- Түркүктү түртпөй билбейт, акы төлөбөсөн молдо үйүнө такыр кирбейт.
- Түркүктү түртпөй билбейт, эмгексиз бакыт үйгө кирбейт.
- Түсү ийгиден түңүлбө
- Түтүн үйлөгөн өзү ышталар.
- Түтүнү бөлөктүн – түйшүгү бөлөк.
- Түтүнү көптүн түйшүгү көп.
- Түшкү тамактын ээси көп.
- Түштүк өмүрүң болсо, кечтик мал жыйна.
- Түштүн башы казандай, моюну кылдай, жоруган жакка оойт.
- Түшү оңолбой, иши оңолбойт.
- Түшүм алам десең түйшүктөн.
- Түшүң жаман болсо сууга жорут.
- Тыйын, тыйындын иши кыйын.
- Тыртайсаң тыртай, алымсагың бир тай.
- Тыртыкты алган кудай менин уулумду коёбу (же кимди коёт дейсиң).
- Тышы жалтырак, ичи калтырак.