Мектепте жалаң пенсионерлер, анан фанаттар калды
Маектештен кыска таржымал: 1960-жылы туулган. Кесиби орус тилчи. АКШга чейин кыдырып келген. Эки уул, бир кыздын атасы.
Кыргызстанда мугалимдер бүгүн пенсионерлерден кийинки эле жакыр катмар болуп эсептелет. Эгемен өлкө өз мугалимдерине татыктуу турмушту бери кой,совет өкмөтү түзүп кеткен жөнөкөй жеңилдиктерди камсыз кылалбай калды.Мугалимдик кесип бүгүн аргасы жоктордун,турмуштан жолу болбогондордун удулуна айланды.Бирок бул кесипти бир кезде тандап, аны не заман болсо да башкага алмаштырбай,ошондон бак табам деген фанат эркектер да бар экен. Бул маектин каарманы- ошондой адамдардын бири,алыскы Лейлек районуна караштуу Ю.А.Гагарин атындагы орто мектептин директору Абдылхак Момунович Жамилов.
– Абдылхак мырза, борбордо турган биз үчүн Кыргызстандагы турмуш Бишкектегидей эле кайнап тургандай сезилет. Миң чакырым нарыда жаткан Лейлекте турмуш кандай, мектебиңиз кантибатат?
– Кыргыз баарына жакшы деп жооп берет эмеспи,шүгүрчүлүк.Турмуштун жайын сурасаңыз,бүгүнкү күндө сыртка эң эле көп кетип жаткандар биздин чөлкөмдөн болгон соң, калганын өзүңүз түшүнүп тургандырсыз. Мектеп деле ошо турмуштун бир күзгүсү да. Акыйкаттык үчүн айтып коюш парз, акыркы эки жылда мектептерге материалдык колдоо жакшырды, убагында ремонт жүрүп жатат, компьютердик класстар ачылууда. Иши кылса мектептин шарты жакшырууда. Бирок мени мугалим катары сарсанаа кылганы – жаркыраган мектепке ошол жерде иштей турган кадрлар болсо жарашат экен да. Компьютердик класстарды ачкан менен аерде иштеп,балдарды үйрөтө турган адистер жок болсо,анын кимге кереги бар? Мугалимдердин мектептен кетүүсү мурда эле башталды эле, акыркы эки-үч жылда кескин өсүп кетти. Анткени тапкан айлыгы үй-бүлөсүн бакканга жетпейт. Бирдеме деп айтып кармап калалбайсың.
– Кечиресиз, деги мугалим азыр бир айда канча сом айлык алат?
– Жогорку категориядагы мугалим бир ставка менен (аптасына 18 саат) иштеп, айына 1967 сом акча алат.Буга стажды кошкондо 2,5-3 миң сом. Азыр бул акчага жан багып болобу? Мен түшүнбөйм, эмнеге мамлекет милийсанын айлыгын 50пайызга көтөрөт да, шоркелдей мугалимдикин араң эле 15 пайызга көтөрөт? Бул акыйкаттуулукка жатабы? Выслуга лет үчүн кошулган 30 пайыздык надбавкалар да баш аламан, бирөөгө айлык акы өлчөмүнөн, бирөөгө ставкадан эсептелген, нараазы болгондор көп. Негизи айлыктын өлчөмүнөн эсептелиши керек эле.
– Экс билим министри И.Болжурова жаш мугалимдерди депозит менен жыргатып атабыз дечү эле, ошондой болубатабы?
– Идея жакшы эле. Бирок 72 миң сом депозит алам деген жаш мугалим эптеп үч жылга чыдайт экен да, акчаны алгандын эртеси эле күнү басып кетет экен. Азыр эми бул суммадагы депозитке да баргылары келбейт. Анткени 72 миң сомго же машине келбейт же үй салганга жетпейт. Азыр турмуш ушундай болуп баратат, айылдан кеткен балдар кайтып келбейт. Окуп алгандары ого бетер. Өзүңүз айткандай, мектепте бүгүн жалаң пенсионерлер анан фанаттар дейсиңби, ошолор калды. Жаш кадрлар барып иштеши үчүн аларга шарт түзүп бериш керек, кызыктырабыз десе депозит акчанын суммасын көтөрүү зарыл.
– Мугалимдерге совет өкмөтү түзүп берген жеңилдиктерден кайсынысын кыргыз өкмөтү азыр көрсөтүп жатат?
– Алардын бири да калбады шекилди. Бекер көмүр, путевка, светке жарымын төлөө ж.б.азыр качанкы бир түштөй болуп калды. Нерви бачагы чыккан мугалимдер азыр эптеп өзүлөрүнүн чөнтөгүнөн төлөп, эс алып келишет. Путевка келсе да тартыш. Баягыдай курстарга жөнөтүү маселеси оор. Барып келе бериң, акчаңызды аласыз дешет, бирок…
– Мектептерге эркек мугалимдерди кайтарганга такыр болбой калды окшойт? Аялдардын тарбиясынын кемчил жактары болсо керек?
– Сөссүз .Мектеп деле үй-бүлөдөй кеп, анда бала эки жактын тең тарбиясын алыш керек деп эсептейм. Эмне үчүн эркек балдарыбыз өзүңүз айткандай таарынчаак, чечкинсиз, майдаланып баратат, мектептеги аялдык тарбиянын басымдулугунан да. Эркек балдарды патриотизмге, аскер кызматына тарбиялай турган НВП сабагы бар эле, аны да кыскартып салышты. Мектепке эркек мугалимдер аябай керек, бирок мамлекеттин азыркы төлөп жаткан акчасына кайсы мырзалар келип иштейт, айтуу кыйын.
– Орусияда жүрүп тил билбей кор болгон кыргыздын балдарын көп көрдүм. Азыр эмне, айылда орус тили сабактары таптакыр токтогонбу?
– Орус тил мугалимдери көп жагынан тың келишет. Алардын дээрлик бардыгы Орусияга чыгып кетишкен. Балдар окубай калбасын деп смежный предметниктерге берип койгонбуз. Алар адис болбогон соң кандай окутушат, түшүнүктүү да. Бизге орус, англис тил мугалимдери, информатика боюнча адистер жетишпей жатат.
– Өзүңүз райондо жооптуу кызматтарда иштепсиз, жетекчилик да, турмуштук да тажрыйбаңыз жетишээрлик экен. Ызы-чуулуу мектептен көрө тынч, кабинеттик жумушка өтүп албайт белеңиз?
– Мен бардык нерседе адилеттүүлүк болушу керек деп эсептейм. Өз позициямдын туура экенине көзүм жетсе, менде башканы айоо деген болбойт, бетине ким болбосун түз айтам. Тилекке каршы мындай сапаттар азыр башкаруу ишинде баада эмес экен, ошондуктан өз кесибимдин өтөсүнө чыксам дейм. Элге кызмат кылуудан өткөн чоң бакыт барбы, кандай иш болбосун, мектеппи, башкасыбы, тартып кетүү колдон келет. Колдон келбегени кошоматка, жагынуучулукка жок экенбиз, мындай “кемчилдик” каныңда болсо арга жок экен.
– Райкеңештин депутаты катары эмне жумуштарды аткарасыз?
– Район көп улуттуу болгон соң элдердин ортосундагы биримдикти сакташыбыз керек. Мектептерге берилүүгө тийиш болгон командировочный расходдордун маселесин чечкенге аракет кылам. Мугалимдер курстарга, таланттуу балдарыбыз олимпиадаларга келалбай калды. Борборго чейин жол алыс, жол кире кымбат. Минтип жүрө берсек такыр эле бөлүнүп калабыз го…
– Орусия элчилигине келген экенсиз, атуулдук алып биротоло кетейин деген оюңуз бар го?
– Ой жок эй. Биз Кыргызстан деген патриот адамдарбыз, ушу жерден өсүп өнөбүз. Элчиликке келгеним биздин мектеп райондогу орус тилдүү жалгыз мектеп. Окуу китептери, усулдук адабияттар боюнча элчилик бизге колдон келгенче колдоо көрсөтүүдө. Бул жолу да ат арытып ошол максатта келдим. Сиздердин гезит аркылуу элчиликтин кызматкерлерине чоң ыраазылык билдирип койгум келет.
«Аалам» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.04.2009-ж.