Бишкекте “Нөлдүк километр” белгисин орнотуу боюнча шаардык мэрияга жалпысынан 11 долбоор келип түштү

Бишкек шаарынын борборунда “Нөлдүк километр” белгисин орнотуу боюнча шаардык мэрияга жалпысынан 11 долбоор келип түштү. Көп долбоорлордун авторлору шаардагы жогорку окуу жайларынын студенттери болуп эсептелет. Бул туурасында борбордук мэриянын коомчулук менен байланыш башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, алгачкы эскиздер Кыргыз мамлекеттик курулуш, архитектура жана транспорт университетинин студенттеринен келип түшкөн. Мындан тышкары өз долбоорлорун Бишкекбашкыархитектура дагы сунуштоодо. Алардын долбоору бир нече түстөр аркылуу көп варианттар менен берилген. Ошондой эле “Нөлдүк километр” белгисин орнотуу боюнча конкурска Кыргы-Россия Славян университетинин студенттери да катышууда.

Белгилей кетсек, “0″ километр белгисин Бишкектеги Курманжан Датканын эстелигине жакын жерге орнотуу пландаштырылууда. Ал белгини орнотуу боюнча конкурс уланууда.

М.Ибраева, «Кабар» МА, 15.04.2009-ж.

Долбоорлор:

КМБдан: Кабарда 11 долбоор жөнүндө сөз болгону менен 14 сүрөт берилиптир.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.