“Кёр-оглы” операсы Бишкекте коюлат
Кыргыз улуттук опера жана балет театрында азербайжан композитору Узеир Гаджибековдун “Кер-оглы” операсы даярдалууда.
Бул эл аралык долбоор “ТЮРКСОЙ” уюму тарабынан колдоого алынып, ага бир катар элдердин артистери катышаары күтүлүүдө.
“Кер-оглы” операсын сахналаштырууда негизги база Кыргыз улуттук опера жана балет театры болот. Тактап айтканда солисттердин көбү кыргыз артисттери, хор, балет топтору. Ал эми сырттан келчү чыгармачыл топ туурасында театрдын жетекчиси Болот Осмонов буларды кабарлады:
-Балетмейстр Москвадан келет, сүрөтчү Түркиядан келип кыргыз сүрөтчүлөрү менен кошо иштеп атат. Казакстандын да солистери келишти, эртең-бүрсүгүнү Азербайжандан, Татарстандан артистер келе башташат.
Аткаруучулардын курамына кыргыз театрынан эл артисти Керим Орозбаев, Талгар Жакшылыков, Заира Раимбекова жана башка артистер кирген. Ал эми башкы ролду, Кер-оглынын ролун Кыргыз Республикасынын Садыр Жумашев ойнойт. Ал өзүнүн жараткан образы тууралуу мындай дейт:
–Элди азапка салган хандарга каршы элдик көтөрүлүшкө чыгып, хандарды баш ийдирип, түрк элдерине эркиндик алып келген баатыр бала туурасында.
Бир катар элдердин артистеринин башын бириктирген “Кер-оглы” операсынын бет ачаары 9-10-сентябрда Бишкекте өтөт. Андан кийин бул спектакль Алматы, Анкара жана Баку шаарларынын театр күйөрмандарына тартууланат. Улуттук опера жана балет театрынын жетекчиси Болот Осмонов бул чыгарманын алгач Кыргызстанда сахналаштыруунун да себеби бар экендигин айтып, буларга токтолду:
-Биринчиден каражат жагынан арзаныраак, экинчиден түрктөр бул жер биздин ата-бабабыздын жери дешип, аталган эл аралык долбоорду Кыргызстандан баштоону туура көрүштү.
Бул спектаклдин жалпы бюджети 1 млн долларды түзөт. Ал чыгымды “ТЮРКСОЙ” эл аралык уюму каржылоодо. Ал эми Улуттук опера жана балет театрынын айрым артисттери азербайжандардын чыгармасынын кыргыз театрында коюлушуна нааразы. Мисалы эл артисти Эсенбү Муктарова бул долбоорду колдооборун айтат.
-“ТЮРКСОЙ” эл аралык уюму ушунчалык бизге жардам берип жатканы чын болсо, өзүбүздүн “Манас” эпосун коюушубуз керек эле, биринчи. Эгер Азербайжандын операсынан баштаса, биринчи ошол өлкөдөн коюш керек эле. Ошол жактан баштап, андан кийин Кыргызстанда көрсөтө берсин. “Манас” эпосун койбой, кыргыз артистерин түркчө жаттатырып, кетсин, кетсин хан, деген чыгарманы коюп жаткандарына мен макул эмесмин.
Болот Осмоновдун айтуусунда “Манас” эпосун сахналаштыруу “ТЮРКСОЙ” уюмунун 2011-жылдагы программасына киргизилген.
Айжан Шаботоева, “Азаттык”, 31.07.2009-ж.