Миңжылкыевдин үнү Миланда үч жыл шаңшыган

b_minjilkiev

Убагында өз Мекенинде анчалык бааланбаган улуу басты Европада төрт саат бою дем тартпай угушкан. Ошол сейрек талант, кыргыз элинин атактуу опера ырчысы Болот Миңжылкыев жөнүндө азыноолак кеп кылганы турабыз.

Бала чак – бардык асылдын башаты

Болот Миңжылкыев 1940-жылы 23-апрелде Фрунзе шаарында төрөлгөн. Атасы Абдулла Миңжылкыев кыргыздын алгачкы геологдорунун бири, геология-минералогиялык илимдеринин кандидаты болгон. Ал Москвадан билим алып келип, өмүрү өткүчө Тянь-Шань тоолорун кезип, пайдалуу кен байлыктар чыккан жерлерди таап изилдеп, геология боюнча көптөгөн илимий макала жана китептерди жазды. Энеси Бахруш Хасановна балдарын бапестеп багып чоңойткон мээрман эне эле.

Ал жылдары кыйын кез, согуш маалы. Апасы үй-бүлөнүн турмуш-тиричилигине каралашып, өмүрлүк жарынын жеңилин жерден, оорун колдон алуу үчүн заводго ишке орношот. А кичинекей Болотту жаш үй-бүлө Ысык-Көлгө чоң ата, чоң энесине жөнөтөт. Болоттун чыт курсак бала чагы ошентип касиеттүү көл жээгинде өттү. Чоң энеси Урумкандын мээримине бөлөнүп эркин, эрке, чоң атасынын тарбиясы, көргөн камкордугу менен ден соолугу чың, эрки күчтүү, тайманбас болуп өстү. Кенедей кезинен чоң атасы ат мингенди үйрөтүп, алты жашында күлүк чаптырды. Жайлоодон жакага кымыз ташыды. Ошондо чабандардын дасторкон четинде чогулуп ырдаган ырлары, комуз күүсү, даңазалуу Манастын эрдиги бүт тулку боюна тарап, ичинен толкун сыяктуу бир күч көмөкөйүнө тыгылып, буулуктуруп жиберчү. Көрсө, бул чыгармачылыктын алгачкы башаттары экен. Болот Миңжылкыев тээ кийин, үнү ай-ааламга тараган кезде ушулардын баарын көз алдынан сыдырып, көп айтыптыр. Бирок анда эл алдында ырдагандан тартынып, жалгыз аяк жолдо ат үстүндө обон созуп, ырларына тоолор гана күбө болчу тура. Анан калса, жарыктык Ысык-Көлдөй керемет жер барбы, а эличи, ачык-айрым, шатыра-шатман, анан да тегиз өнөр даарыган адамдар эле. Чалагыз Иманкулов, Карамолдо Орозов, Ыбырай Туманов өңдүү белгилүү комузчуларды, темир комузчу Бурулча, улуу манасчы Саякбай Каралаевди жараткан жердин касиети таасир этип, алардын керемет ыр-күүлөрүн угуп шыктанды. Атактуу хирург Иса Ахунбаевдин көзүнө түшүп, батасын алды. Мектеп босогосун айылдан аттап, көп өтпөй кайра ата-энесинин колуна келет.

Ата кесибине арбалып…

Болот адеп учкуч, анан моряк болом деп кыялданчу, бир аз чоңоё түшкөндө геолог болгусу келди. Буга албетте, жайкы экспедиция учурунда калтырбай ээрчитип алчу атасынын таасири тийген. 12 жашында чоң кишилер жасачу жумуштарды аткарды: атка жүк артып, отун терип, улуу от жагып, ал эмес тоо тектеринин калдыктарын жыйнады. Арийне, геологдордун турмушу жалаң оор иштен гана турбайт экен, тар жол, тайгак кечүүлөрдү калтырап басып өтүүнүн, бир кадамды жаза бассаң таштан-ташка урунуп, күм-жам кылчу бийиктиктин коркунучу кичинекей жардамчынын да жүрөгүн оозуна тыгылтып, ошол эле саатта эрдемситип, кандайдыр бир кызык сезимдерге туш болчу.

Тынчыбаган кесип ээси Абдулла Муңайтпасовичке 1950-жылдары жаңы милдет тагылып, үй-бүлөсүн алып Заполярьеге жөнөйт. Атасы менен чогуу Болот дагы Коль жарым аралында дөбө ашып, өзөн кечип, сазга батат. Мейкин тайгалардын, түпсүз көлдөрдүн, калкып баткан кочкул кызыл күндүн сулуулугуна таңданып бүтпөйт. Алгач алар Пин көлүндө, кийин Финляндияга чектеш Ковдор аттуу чакан кыштакта жашашты. Кышы узак, дээрлик 6 айга созулган жерде лыжа, чаңгы, чана тебүүнү өздөштүрүштү.

Ушул жердеги мектепте Болот хор ийримине катышып, нота үйрөндү. Мурда ырга анчалык маани бербей келсе, эми күндөн-күнгө музыка дүйнөсүнө арбалып, ырдагандан кадимкидей ырахат алчу болду. Орус элинин ошол кездеги белгилүү “Севастополь вальсы” менен “Москва кечтерин” ырдап такшалды. Окуучулардын өздүк көркөм чыгармачылыгынын Киров облустук конкурсунда эң четки кыштактан келген өспүрүм экинчи орунду багынтты. Бул Болот Миңжылкыевдин эң алгачкы жеңиши эле…

Ошентип, атасынан калбай Кыргызстанда да, Заполярьеде да өзүн геолог кесибине даярдап,16 жашында айрым нормативдерге ылайык “бургулоочу мастер” адистигин алганына карабай, Болоттун кийинки тагдыры ыр өнөрүнө байланды да калды.

Ал эми операга болгон кызыгуусун ырчы өзү төмөнкүчө эскериптир: “Опера театрына алгач 10 жашымда кирдим. Бул менин балалыгымдын эң бир жаркын элестеринен. Театрга биздин үй-бүлө менен жакшы катташкан балерина Чолпон Жаманова ээрчитип барды. Ал кечте “Манас” эпосунун негизинде жазылган кыргыздын алгачкы улуттук операсын, “Айчүрөктү” көрсөтүштү. Ошондо театрдын сыйкыр дүйнөсү мени аябай таңгалдырган. Артисттердин өң-түспөлү, баскан-турганы, кийимдери, театрдын ажайып жасалгасы, жарыгы – баары өзгөчө эле. Анан дагы жалаң музыка коштоп, ал музыка мага тааныштай, бирок башкача аткарылып жатты. Баарынан да артисттер бири-бири менен сүйлөшпөй эле ырдап жатышы ого бетер таңдантты. Ал эми сахнага атчан жоокерлер чыгып, аягында жекеме-жеке кармашкан эпизоду да укмуштай таасир эткен. Экинчи ирет театрга 4 жылдан соң кирдим. Жайкы каникулда атам мени өзү менен Москвага ала кетип, кандайча болуп билбейм, кечкисин Чоң театрга Мусоргскийдин “Борис Годунов” операсына бардык. Бористин ариясын Пирогов ырдады. Ал кезде опера жанрын анчалык түшүнө бербесем да, Пироговдун үнү, аткарган ролу эсимди эки кылганын алигиче унута албайм”.

Ырга айланган өмүр

1957-жылы орто мектепти бүтөрү менен атасынын каршы болгонуна карабай, Болот Кыргыз опера жана балет театрынын хор бөлүмүнө тапшырат. Студиядагы окуусунун башталышы кыргыз искусство чеберлеринин Москвада өтө турган Декадага даярданып жаткан учуруна туш келет. Бир жылдан кийин 1958-жылы Абдылас Малдыбаев, Сайра Кийизбаева, Мариям Махмутова, Бүбүсара Бейшеналиева, Асанкан Жумакматов өңдүү дөө-шаалар менен Москвага жөнөп кетет.

Москванын көчөлөрүн кыдырып, консерваториянын алдындагы П.И. Чайковскийдин эстелигинин алдына келип, ар андай музыкалык аспаптардын коштоосунда ырдап жаткан студенттердин мукам үнүн угуп, ал жерден окуганга ушунчалык ынтызарланат.

Декададан кайтып келген соң бардык күчүн, убактысын окууга жумшап, кантип кеч киргенин билбей үйүнө уктаганга гана келчү. Анын мындай аракетин, тырышчаактыгын байкаган окутуучулары Ташкенттеги консерваториядан билимин улантууга жолдомо алып беришет.

Бул арада жаңыдан жылдызы жанып келаткан балерина Рейна Чокоевага баш кошуп, Мирад аттуу уулдуу болушат. Ошол тушта ырчынын башынан кызыктуу бир окуя өтөт. Уулу төрөлгөндөн аз өтпөй эле консерваториянын студентине Советтик Армияга кызмат өтөөгө чакырык келип, ал аскердик милдетинен кутулмакка камына баштайт. Теңтуштары узатуу кечесин уюштуруп, Болот аларга кийим-кече, буюмдарын таратып жиберип, чакыруу пунктуна келет да, медициналык кароодон өтө баштайт. Анын өтүү тартиби белгилүү эмеспи, келечектеги аскерлер врачтардын алдында жылаңачтанып текшерилишип, анан ошол бойдон аскер комиссарынын маңдайына келишет. Бу жолду Болот да басып өтөт. Документтерди карап атып аскер комиссары: “Консерватория сени аскерден калтырууну сураныптыр. Эмне, жакшы ырдайсыңбы?” деп сурайт. Энеден туума аскер ийин куушурат. Анда комиссар студенттин ырдап берүүсүн суранат. Болот элдин адамы эле, эч кимден тартынбайт, көпчүлүк анын демине дем гана кошот кайра. Бул унутулгус сцена болду, чачы кырылып, башы жалтыраган дырдай жылаңач жигит “Мефистофелдин” куплеттерин созолонтту. Имаратты жаңырткан коңур, мукам үндү уккандар эшикти сагалашып, күлкүсүн араң тыйган фельдшер, врачтарга, комиссияга жарым саатка чукул “концерт” коёт. “Болуптур эмесе, чынында жакшы ырдайт экенсиң, окуй бер, а кызмат күтө турат”, – дептир аскер комиссары. Ошол окуусун 1966-жылы бүтүп, Кыргыз опера жана балет театрына кирип иштей баштайт. 1968-жылы өлкөнүн маданият жетекчилиги Болоттун чыгармачылыгын тереңдетиш үчүн бир канча сынактардан өткөзүп, Италияга жөнөтөт. Милан шаарынын La Skala театрында үч жыл бою дүйнөлүк профессионалдан билим, тажрыйба алып, Болоттун үнү шаңшый берди.

Ошентип, дүйнөгө опера ырчысы катары таанылган Болот Миңжылкыев Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1971), Кыргыз ССРинин Ленин комсомолу сыйлыгынын ээси (1972), Кыргыз ССРинин эл артисти (1973), 1976-жылы 36 жашында СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, ал эми 1985-жылы СССР мамлекеттик сыйлыгынын ээси болгон. Көптөгөн эл аралык сыйлыктарга да татыган. Атактуу бас 1997-жылы Питерде көз жумду. “Сөөгүмдү туулган жериме койгула” деп керээз айтыптыр. Болот Миңжылкыевдин артында калган бир кызы бар. Уулу Мирад жаш кетип, тукуму уланбады.

Улуу талант унутулбайт

Европанын кайсы бир шаарында эл жык-жыйма залда Мусоргскийдин “Борис Годунов” операсынын баш каарманын ойноп жатып, кыргыз ырчысы Болот Миңжылкыев: “Мен – падышамын!” деп жар салганда, анын падышачылыгына эч күмөн санабай төрт саат бою Борис-Болотту дем тартпай угуп отурушуптур.

Чыңгыз ага АКШга чоң симпозиумга барып, мейманканага жайланышкандан кийин Кошмо Штаттар боюнча жаңылыктарга кулак төшөп, Советтер Союзунан опералык театр гастролдо жүргөндүгүн жана “Борис Годуновдо” башкы каарманды белгилүү бас Болот Миңжылкыев ырдай тургандыгынан кабар алат. Билеттер эчак эле сатылып кеткен экен. Айтматов тилмечинен Миңжылкыевди чакыртат. Ал сүйүнүп, гриммденип аткан жеринен чуркап чыгып, атактуу агасын көмүскө эшиктен киргизип алат. Эртеси эле Нью-Йорктун көпчүлүк гезиттеринде экөөнүн бакыйган сүрөттөрү менен чыгармачылыктары жөнүндө көлөмдүү макалалар басылып чыгып, алакандай кыргыздын эки зор таланты Американы багындырган тура…

Нурзада Ташбаева, («Кыргыз гезиттер айылы»), 16.05.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.