“Биз сага ыраазыбыз, Майраш акын…”
Бул ыр ушул жылдын башында жазылган эле. Кайсы бир гезиттен акын Майраштын оңолбос ооруга кабылганын окуп калдым. Жаным жай таппай алай-дүлөй болуп аңтарылды. Демим кысылып, дендароо боло түштүм. “Кайран кыз, келин болуп келип кеменгердей иш өтөп жатты эле, кенемгем келип, төкмөнүн төрүндөгүлөр да азаябы? ” – деп ойлоп алып, кайра ошол оюмдан өзүм чоочуп секирип, уйкум качып ушул ырды жаздым эле. Соткасынан таап ырды берип, ден соолук, өнөр, мезгил туурасында канча жолу сүйлөшпөдүк. “Көзүн ачса жылдызы көрүнгөн, оозун ачса ыры төгүлгөн, күдүргө чапса күнчүлүк жерден бөлүнгөн” акын, жаны ооруп жатса да жанынан жан бөлүп жанындагылардын жарпын жазып турар эле…
Капыстан гезиттен окуп алып кабыргам кайышты. “Өлгөнүн кара өкүргөнүн кара” дечү экен илгеркилер. Мен да ошенттим. “Күмүшүм күйсө күйсөчү, Күкүгүм эсен жүрсөчү. Алтыным күйсө күйсөчү, Алтыным аман жүрсөчү…” – деп Токомдун кошогун ичтен кайрып томсордум. Өлүм деген бардык сууну жутса да тойбогон түбү жок мухит экенин билсем да, азыркы анын кайра келбесин туйсам да эмнегедир эңшерилдим.
Акыркы жолуккандагы: “Элге ыраазымын, элге ыраазымын…” – деген сөздөрү кулагыма угула берди. “Биз да сага ыраазыбыз…” – дедим ичимден. Биз сага ыраазыбыз. Майраш акын…
Акын Майраш Керим кызына
Айтыштарда эрдемсинген эрди жыккан,
Таланттардан бак тартылып баратканда.
Датка чыккан кыргызымдын кыздарынан,
Акын чыкпай арман артып турган чакта.
Зар болгондо ыйык туткан ырга, күүгө,
Сен кыргызга сел киргендей ыр, күү төктүң.
Кермаралдай келин болуп кирип үйгө,
Акын болуп атпай журттун төрүнө өттүң.
Ар айтышың болду түндө күн нурундай,
Айтканымды атпай журттан бирөө танбас.
Жалгыз эле келген жериң курсант кылбай,
Курсант кылдың кутман элди акын Майраш!
Эр-жигиттен ашык тийди пайдаң элге,
Эр-жигитке алмаштыргыс көк жал эрсиң.
Сереп салып сен казактан келбей эле,
Канат кагып тээ кайыптан келгендейсиң.
Көлгө уу төгүп, Каркыраны алдырганда,
Шаасына шаты тиреп кыргыздардын.
Кыз акынын мындай койгун, эркеги да,
Дудук болуп турган кезде сен ырдадың.
Майраш акын, кандаш акын, жандаш акын,
Калың журтту кайра аңтарып табалбасым.
Кара тоодой каңтарылбас ырың менен,
Сен аарчыдың жүрөгүмдүн аккан жашын!
Дагы шаңшы көөнүң, көлүң чайпалбасын,
Дагы өрлөсүн домбураңдан учкан ташың.
Айтпаганды айтат – дешип губернатор,
Саа даярдап жатат дейби жумурткасын?..
Наам дейби?.. Аны коюп ырда ырыңды,
Булбулдун да бир наамы бар булбул деген.
Майраш деген хандан бийик ысымыңды,
Сулуулагың келип турбу кагаз менен?
Кайра шаңшы, кайра бийик чыгар үндү,
Талантыңды таразалар эл-журтуң бар.
Бөйрөгүнүн кайда экенин эми билди,
Домбура, комуз айрымасын билелек ал…
Күндөр күнгө, айланышат айлар айга,
Анан жылдар барак мисал баракталат.
Тезекбайлар келет, кетет, сендей гана,
Сейрек талант түбөлүккө өлбөй калат.
Кана ырда, домбураңды колуңа ал,
Ырдагандай казактын кең талаасында.
Айлың жакта абысындай асылгандар,
Кала берсин даңканыңдын арасында.
Анатай Өмүрканов
Майра Керим кызынын эмгеги бааландыбы?
Садык Шернияз:
– Бул иш боюнча мамлекет, өкмөт ойлонуш керек эле. Ал эми эл болсо өз наамын берип койгон, мамлекет бере алган жок. Майра эжекебизди акыркы сапарга узатып жатканда бийлик өкүлдөрүнөн бирөө да басып келген жок. Бул абдан өкүнүчтүү көрүнүш.
Азамат Болгонбаев:
– Майра Керим кызынын эмгеги Кыргызстанда толук бааланган жок. “Эмгек сиңирген артист” наамын алыш керек эле. Бирок, мамлекеттик жогорку наамдары бар анча-мынча инсандарыбызга караганда, Майра эженин кыргыздын төкмөлүк өнөрүнө кошкон салымы опол-тоодой.
Элмирбек Иманалиев:
– Майра эжебиз наамга татыктуу болчу. Бирок, тилекке каршы, ала алган жок. Эң акыркы жолу наамды Замирбек Үсөнбаев алган. Андан кийин эч кимге бериле элек. Бирок, өнөр адамдары андай мамлекеттик наамга муктаж эмес. Эң негизгиси эл бааласа болду.
Аалы Туткучев:
– Илгери мамлекеттик наам жок кезде, “наам” деген нерсени эл берчү. Мисалы, Амантайга – Саркашка, Элмирбекке – Ак жайык, Жеңишбекке – Автомат деген сыяктуу. Өкмөт акындарды оппозиция деп түшүнөт. Ошон үчүн мамлекеттик концерттерге акындар катышпайт. Негизи эле акындар көңүл сыртында калып келет. Себеби, биз – оппозиционербиз.
Рыспай Исаков:
– Мамлекеттик наам биринчи орунда эмес, биринчи элдин наамы. Эл Майра Керим кызына өз наамын берип койгон. Бул нерсе анын жетишкендиги. Чыгаан акыныбыздын эмгегин баалай алган жокпуз.
Суроо салган Гүлмира Шаршеева,
“Эл сөзү” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 28.08.2009-ж.