Өнөрдүн өрөөнүндө өрдү көздөй…

d180d0bed0b7d0b0КРнын “Эмгек сиңирген артисти” искусство таануу илиминин кандидаты, доцент Роза Аманова менен маек.

Сизди жакында Түркияга барып келди деп уктук. Ушул сапарыңыз жөнүндө айтып бербейсизби?
Сапарымдын жөнү жөнүндө айта турган болсок, жайдын башталышы менен июнь айынын 18 – 24нө чейин Түркия мамлекетиндеги Ван областынын Улуу Памир жергесинде өткөн кыргыздардын маданият күндөрүнө катышуум болду. Бул маданият күндөрү 8-жолу өткөрүлүп жаткан экен, жергиликтүү кыргыздардын ата-баба салттарын алып жүрүүсү (Рахманкул хандын тукумдары), элдик оюндар, музыкалык маданият, кол өнөрчүлүк жарманкеси, элдик оюндарды өткөрүүсү менен өзгөчөлөнөт экен.

Андан кийин 25-27июнь күндөрү Түркиянын Караман шаарындагы “түрк тили” майрамына катыштык.

Түркияда “тил” майрамын кандай майрамдашат экен?
– Бул “тил” майрамы 1270-жылдары ошол чөйрөнүн андагы башчысы Караман Мехмед уулунун жарнагы менен байланыштуу экен. Ал жарнак ошол учурда түрк тили фарсы, араб, француз тилдери менен аралашып жок болуп кетүү коркунучунда тургандыктан, Караман Мехмед уулу төмөндөгүдөй жарнак чыгарган “Бүгүндөн тартып межилисте, саясый жыйналыштарда, көчөдө, ашканада бир гана ата тилинде-түрк тилинде сүйлөнсүн. Эгерде кимде-ким ушул жарнакты бузса андан 50 балак алынсын” . Түрк тилинин бүгүнкү күнгө чейин бузулбай, өз нугунда келе жатышы, ошол жарнактын сакталышы менен – деп түшүндүрүштү.

Чыгармачылыктын элегинен өтүү кыйынчылык туудурса керек?
– Чыгармачылыктагы кыйынчылыктар жөнүндө ар кыл багытта сөз кылсак болот. Мисалы: Чыгармачылыктагы алгачкы мезгил же азыркы убактагы кырдаал ж.б. Чыгармачылык жөнүндө кеп кыла турган болсок, бул менимче чоң улуу сапар. Кээде туура эмес багытты көздөй кеткен убактар да болот. Көп эле угуп калабыз, музыканттардын бул аспапта эмес башка аспапта окусам болмок экен дегенин, өзүмдүн курсташтарым жөнүндө кеп козгоп жатам… Себеби: (мурун) 8- классты бүтүп М. Куренкеев атындагы окуу жайга келгенибизде музыкалык дараметибизге карап эле сен комузда ойнойсуң (кыргыз комуз эмес, альт же прима комуз) сен кыякка, сен домрага (плектр) окуйсуң -деп эле бөлүп койгон. 4 жыл окуган кээ бир студенттер бүтөөрү менен ошол мен жогоруда айткан аспаптар менен коштошконун биз жакшы билебиз. Бүткөн курсташтарымдын арасынан 30% гана музыка дүйнөсүнө аралашты. Бул бир мисал. Экинчи мисал. Ошол өзүң тандаган музыкалык искусстводогу кесиптин кыргыз маданиятындагы орду, элге өз өнөрүңдү тартуулоонун, элге жеткирүүнүн туура жолго коюлушу …ж.б.д.у.с.

Ал эми сиздин сурооңузга мындайча жооп берер элем, чыгармачылык деген- изденүү деп түшүнсөк, ар бир өнөр адамы өз ордун кыргыз элинин жүрөгүнөн издей турган болгондон кийин, сөзсүз түрдө чыгармачылыктын кыйынчылык элегинен өтөөрү бышык. Демек чыгармачылыктын мезгил талаптарынан, сыноолорунан мен да өткөм жана дагы да өтүүдөмүн.

Чыгармачылыкта көп көрүнбөй калдыңыз, кайрадан мурункудай чыгармачылыгыңызды жандандырсам деген ойлоруңуз барбы?
– Мурда комуз көтөрүп эл алдында аткаруучулук кесип өтөгөнүм, кийинки илимий-теориялык маселелерге арналган он жыл ичинде фундамент катары роль ойноду десем жаңылышпайм. Адатта, чыгармачылык десе эле күнүгө өтүп жаткан күнүмдүк концерттер аркылуу сынай беребиз, ошол жылдыздар жайнаган концерттердин маданияттагы орду, элди эстетикалык жактан тарбиялоодо же табитин кандырууда канчалык деңгээлде өтүп жатканын эсибизге албаганыбыз өкүндүрөт. Ырчылардын концерттеринен тышкары музыкалык искусствонун ар бир багыты (европалык жазма маданият, кыргыздын салттуу музыкасы, мезгилдин музыкасы (эстрада)),өз угуучуларын жоготпош үчүн ырааттуу түрдө иш алып баруусу абзел. Ошол биз жогоруда айткан ырчынын туулган күнүнө арналган, чыгармачылыгынын 1 жылдыгына же 5 жылдыгына арналган концерттердеги көрүүчүлөрдү байкап көрүңүз, 14-25 жаш курактагы боз улан-кыздар. Ал эми акыл токтотуп, улуттун келечек урпактары жөнүндө, рух дөөлөттөрү жөнүндө кеп улаган орто муундан улуу муунга чейинки көрөрмандар мазмуну жагынан айырмаланган концерттерге муктаж экендигин айта кетели. Акындардын айтышына, жаш таланттуу төкмөлөрдүн, кыргыздын салттуу музыкасын аркалаган өнөрпоздордун концерттерине келген элдин залга батпай калганын көрүп жүрөбүз. Демек, телевидение, радио аркылуу ата-салтын улаган өнөргө да эстрадага бөлүнгөн убакыттай эле убакыт бөлүнүп, пропагандалоо туура жүргүзүлсө бүгүнкү өсүп жаткан өспүрүм балдарыбыздын келечеги үчүн жакшы болоор эле.

“Кыргыздын салттуу музыкасы” фондун түзүп (2003), биринчи жолу 2004 жылы салттуу музыкага арналган илимий-практикалык конференция өткөрүү маселесин көтөрүп , биринчи жолу эгемен эл болгондон берки кыргыздын салттуу музыкасынын жумалыгын өткөрүүнүн демилгечиси болуу менен бирге Эл аралык илимий симпозиум, конференция, фестиваль, семинарларга катышып (Турция, Франция, Россия, Испания, Таджикистан, Казакстан ж.б.), таалим – тарбия алып, өнөрдү баалоодогу, анын коомдогу ордун айгинелөөдөгү көз карашымдын өсүп өнүгүүсү, чыгармачылыгымдагы он жыл аралык бекерге, күнүмдүк кызыкчылыкка кетпегендигине ыраазы болуп жүргөн убагым. Муну менен катар, кыргыз улуттук консерваториясындагы мугалимдик кесип кыргыздын салттуу музыкасынын аваздык-аспапчылык өнөрүндөгү Боогачы, Абдрахман, Атай, Муса баштаган улуу өнөрдү ыйык тутуу үчүн тарбиялаган келечектеги элдик ырчыларга аз да болсо таасирин тийгизет деп ойлойм. (Мээрим Карыпова деген студентим Б.Бейшеналиева атындагы искусство институнда сабак берүүдө. Элзар Оскөнбаева деген студентим Турцияда өз өнөрүн көргөзүп кайтты ж.б., бул арзыбаган мисалдар чыгармачылыгымдагы жандануулар болуш керек.

Ырчылык кесип хоббиби?
– Башка бир кесиптин ээси үчүн ырчылык “хобби” болуусу мүмкүн. Ал эми ырчылык өнөргө өмүрүн арнаган инсан үчүн бул кесип.

Үй-бүлөңүз тууралуу кеп козгосоңуз?
Кудайга шүгүр. Жолдошума жар, төрт баланын энесимин.

Чыгармачылыкта эмгектенип жатканыңызга канча жыл болду? Чоң концерт берейин деген оюңуз барбы?
– Чыгармачылыгым тээ алыскы 1987-жылдар менен башталат. Алгачкы жолу улуттук филармониянын залында концертке катышканым али күнкүдөй эсимде. Анда атайын комиссия угуп көрүп, сын пикирин айтып , жада калса терме, санат, дастандын кайсыл үзүндүсүн айтууңду да баса белгилешчү эле. Мен анда болгону 14 гана жашта болчумун. Демек 20 жылдан ашуун өнөрдүн мекениниде кызмат өтөөдөмүн.

Гастролдо жүргөндөгү кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз?
– Кызыктуу окуялар өтө эле көп. Убакыттын тардыгынан кененирээк сөз козгой албайм. Бирок, заманбыздын залкарлары улуу устаттарым Эстебес Турсуналиевден, Болуш Мадазимовдон, Асек Жумабаевден алган таасирлерим, кызыктуу окуялар жөнүндө шашпай кеп кылаарбыз…

Сүйүүгө болгон көз карашыңыз?
– Азырынча, жан-дүйнөгө байланыштуу суроого ар бир адам жеке сезимдеринин алдында өзү гана жоопкер экендигин белгилей кетүү менен чектеле турайын

Сиз бактылуу аялсызбы?
– Кудайга шүгүр. Ушуну кудай кут кылсын.

Алдыга койгон кандай пландарыңыз бар?
– Пландар көп эле. Кудай ишибизди оң көрүп, ден соолук берсе, бөөдө кырсыктан тышкары болсок, аракетибизди аябайбыз деп ойлойм.

Гендердик теңчилик маселесинин Кыргызстанга тиешеси бар деп ойлойсузбу?
– Гендердик маселелер ар бир кыргыз кызынын көкүрөгүндө го – деп ойлойм.Себеби:эзелтен элибизде энелерге болгон урмат-сый тарых күбөсү. Азыркы замандын оош-кыйыш маселелери аялдардын коомдогу ордунун тегерегинде сөз козгоого алып келүүдө.

Саясатчынын жубайы катары, саясатка аралашкыңыз келеби?
– Жок. Ар бир кесип ээси өзүнүн гана багытында иш алып баруусу абзел.

Аял-затына болгон каалооңуз?
– Кылымдардын кадырлуу энеси Каныкейдей, ажарлуу айымы Айчүрөктөй, кайраттуу даанышманы Курманжан Даткадай элибиздин эртеңине кызмат кылаар уул-кыздарды тарбиялай бериңиздер дегим келет. Тирүүлүктө ден соолук, балдардын ийгилиги менен катар амандыгына кубанып, теңибиздин урмат-сыйын көрөлү деген ийги тилектерим бар. Сиздердин гезитиңиздердин жамаатына да албан-албан ийгиликтерди каалайм.

Маегиңизге чоң рахмат.

Маектешкен Кайыргүл Молдалиева,
“Эл сөзү” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 28.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.