Майрам – кыргыздын Людмила Зыкинасы
Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, Улуттук филармониянын Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин ырчысы Майрам Дүйшөкеева 50 жылдык өмүрүнүн отуз беш жылын сахнада өткөрүп, эл арасында “Кыргыздын Зыкинасы” деген урматтуу атка конду.
– Майрам айым аткаруучулук-ырчылык чыгармачылыгыңыздын төл башын мектепте окуп жүргөндөбү, же театрдан баштадың беле?
– Ар бир адам жарык дүйнөгө келгенде эле ар кандай талант менен төрөлөт экен. Менин таалайыма, тагдырыма кудай таалам ырчылык кесипти жазыптыр. Мен мектепте окуп жүргөндө эле ырдап, алардын эң алдыңкысы элем. Секелек кезимде өзүмдү аябагандай чоң ырчы катары сезчүмүн. Кароо-сынактарга катышып жүрдүм.
-Кимдин ырларын ырдап жүрдүң? Эсиңде болсо жашчылыкты эстеп койсо болобу?
– Болот, мен бала кезде айылда клуб жок эле. Областтан, райондон, республикабыздан оюн, концерт коюшканы келишкен артисттер тоолордун, коктулардын этектерине барышып, өнөрлөрүн тартуулашчу. Менин эсимде калганы, маркум Сагыйпа Чечейбаева болду. Ал кездеги шайырлардын өздөрүнүн таланттары кандай таза болсо, кийген кийимдери мага аябай таза көрүнчү. Алар үлпүлдөгөн аппак капрондон кийинишчү. Анан алар ушунчалык суп-сулуу көрүнүшчү.
Өзүңүз билесиз, бала кезде баарына суктанасың да. Сагыйпа эже көбүнчө өмүрлүк жолдошу, обончу Асанбек Абдыласовдун ырларын, К.Тагаевдин “Долонун” ырдоочу. Анан мен эженин “Долонду” ырдаганын угуп, мен да ушундай ырчы болушум керек деп, балалык тунук сезим менен кабыл алган элем.
Ошондон баштап эмнегедир башка кесипти эңсебей, ойлобой, ырчы болом деп чечтим.
– Нарын музыкалуу драма театрында кандайча кабыл алынып калдың?
– Мен орто мектепти бүткөндөн кийин Бишкекте өткөн чоң кароо сынакка катышып, “Бөбөктөр” деп аталган кароо-сынакка катышып биринчи орунга ээ болдум. Бул менин биринчи чоң жетишкендигим эле. Ошол кароо сынакта менин устатым агайым, атам, залкар кайталангыс талант, керемет инсан Жумамүдүн Шералиев мени көрүп калыптыр. Ошондо Жумакем мени чакырып алып: айнанайын кызым, сен жашсың, театрга кел, – деди.
Ал кезде билесиз да калк арасында артисттер десе жаман да, жакшы да ойлор болчу. Ата-энем болсо артист болушума каршы чыгышты. Мен иштейм деп Нарын шаардык маданият үйүнүн алдындагы “Гүл десте” деген ансамблге бир жылдай ырчы болуп иштедим. Анан үйдөгүлөр театрга иштегени атыптыр деген сөздү угушуп каршы болушуп мени үйгө алып кетишти.
Мен үйдө жүргөндө Жумамүдүн Шералиев кичинекей “Запорожец” машинасын аяланы айдатып алып, улуу башын кичүү кылып мага барып, “бул кыздан бирдеме чыгат. Үнүн кайталангыс, мындай үн жок. Баланын тагдырына балта чаппай театрга жибергиле – деп ата-энеме акидей асылат.
Акырында атам: “Театрда иштейм десең иште. Жакшы жүрсөң, жакшы өссөң болду”, – деп уруксат берип, мени узатышты. Нарын драма театрына ырчы эмес, актриса катары кабыл алындым. Бир эле мезгилде ырдап да жүрдүм. Бирок кандай ырчы экенимди, кандай ырчы болом деген максаты жок эле актриса катары иштеп жүрдүм.
Бир топ чоң ролдордо ойнодум. К.Мамбетакуновдун “Үкөйүндө” Үкөйдүн, Ч.Айтматовдун “Бетме бетинде” Сейденин, А.Островскийдин “Добулунан” Катеринанын ж.б. башкы ролдордо ойноп, ырчылыкка деле көп көңүл бөлбөй калдым.
1982-жылы Жумамүдүн Шералиевдин чыгармачылык кечеси Бишкекте өттү. Ага келдим. Филармонияга ырдаганы келдим.
– Майрам айым, залкар обончу, ырчы Жумамүдүн Шералиевдин обондору сага эмнеси менен жагат?
– Жумакемдин обондору лирикалуулугу, тунуктугу менен өзгөчө жагат. Залкар обончулардын ар биринин өзүнчө улуттук колорити бар. Ал эми Жумакемдин ырларында өзү туулуп өскөн Ат-Башынын жерин, сууларын, тоолорун, деги эле Кыргызстандын керемет жаратылышын элестетип турат. Агайдын көзү өтүп кетсе да чыгармалары ушул күнгө чейин даңкталып, азыркы жаштарыбыз ырдашууда. Өзүңүз билесиз обончулар жылт этип бир чыгат, бир учат. Жумакемдин ырлары өлбөс-өчпөс ырлар.
– Филармониянын босогосун кандайча аттадың эле?
– Мен филармонияга Жумамүдүн Шералиевдин кечесине келгенде байкабапмын. Театрдан “Шералиевдин кечесине барбайсың” деп кое бербей коюшту. “Эмне үчүн, мен ырдайм, мен өзүмдү жакшынакай ырчы деп сезип жүрсөм”, дедим. “Айнанайын, сен билесиңби биздин чоңдорду, алып барба. Ал Фрунзеге калып калат. Биздин театрда жалгыз эле ырчы Майрам болсо жибербе деп айтышты”.
Мен “кете турган болсом Шералиевдин концертисиз эле кетип калам”, десем, Жумакем: “Кантип Майрам ырдабайт, кой барсын” деп концертке алып келди. Көрсө Жумамүдүн агай мен ырдап жүргөн эки ырын эбак эле оркестрге аранжировкага берип жибериптир. Мен келдим, концертке чыгайын десем эле филармониянын чоң залында Карамолдо Орозов атындагы оркестр болуп, толуп турган убагы экен. Сахнага чыксам дирижер Эсенгул Жумабаев “Дүйшөкеева ким?- деди. – Мен,- дедим.
Анан ал оркестрдин алдына чыгарды да ырдап көрүңүз деди. Мен таң калдым. Мен сүрдөп атам. Эсенгул: ” кайсы ырды билесиң”, – деди. Ырдын баарын билем дедим. “Энекем” деген ырды билесиңби. Кел анда ошол ырды ырдайбыз. Мен колумду алып таштамайын созосуң – деди. “Макул”, – дедим. Болуптур деп “Энекемди” ырдадым.
Аягында обонду созуп атам, созуп атам, колун албайт. Анан бир маалда колун түшүрдү да, – “Азамат Зыкинанын өзү турбайбы, жаша” – дер баасын берип калды. Мен ырдаган эки ырды оркестрге Сардарбек Жумалиев салыптыр. А киши келип ырдап көрөлү деп көнүгүү жасадык. Кечинде концертке чыктым.
Залда музыка дүйнөсүндө менменсиген К.Молдобасанов, Н.Давлесов баштаган аттуу-баштуу адамдар эле. “Бул кызды филармонияга алып калалы деген ой менен ырдатып атыпсыңар. Туура оркестрдин ырчысы экен”, – деп мактап-жактап калышты.
Филармониянын жетекчилери кал дешти. Анан театрды кыйбай отуруп, акыры филармонияда калдым. Биринчи гастролумду Украинадан баштадым. Тагдырыма ыраазымын.
– Өзүңдүн репертуарыңда элүүдөн ашык ыр бар экен. Шералиевдин, К.Тагаевдин, Р.Абдыкадыровдун, Жумашевдин ж.б. ырлары. Ошолордун ичинен бассаң-турсаң да дайыма жүрөгүңдө жашап жүргөн ырлар барбы?
– Мурунку авторлорубуз чоң таланттар. Мен биринен бирин айырмалабайм. Бирок жүрөгүңө жакын ыр болот. Менин жүрөгүмө жаккан ыр Калыйбек Тагаевдин “Туулган жерим турпагым” деген ыр. Бул ырды дайыма, ар бир концертте ырдайм.
– Рахмат, Майрам айым биздин студияга келип маек куруп бергениңизге. Кутмандуу курагың кут болсун. Өнөрүң өркүндөп көктөй берсин. Бар бол!
Балбай Алагушов, “Азаттык”, 16.09.2009-ж.