Каарман Ашымов атындагы сыйлыкка сынак жарыяланды

Кыргызкино департаменти киноишмер, сынчы Каарман Ашымов атындагы сыйлыкка сынак жарыялады.

Бул сынакка киноишмерлер жана массалык маалымдоо каражат өкүлдөрү катыша алат.

Учурунда кыргыз кино жаатында абдан көп макалаларды жазып, бир катар китептери чыккан көркөм өнөр илиминин кандидаты Каарман Ашымовдун ысымын калтыруу боюнча Кыргызкино департаменти атайын Каарман Ашымов атындагы сыйлыкты негиздеген. Аталган департаменттен билдиргендей сынакка чыгармалар 1-ноябрга чейин кабыл алынат. Ал эми келип түшкөн материалдарды курамы белгилүү көркөм өнөр ишмерлеринен турган калыстар тобу карайт.

Бул сынакта маасалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн биринчи орунга 25 000, экинчиге 15 000 сом, ал эми үчүнчү орунга 10 000 ом сыйлык коюлган. Ал эми жеке авторлордон биринчи орунга 15000, экинчи орунга 10 000 сом, үчүнчү орунга 5000 сом берилет.

Каарман Ашымов кыргыздын биринчи нарктуу, билимдүү киноизилдөөчүсү. Анын кыргыз киносуна кошкон салымы чоң экенин белгилейт “Кыргызфильм” киностудиясынын жетекчиси Бакыт Карагулов:

-Каарман Ашымов кыргыз киносун биринчи дүйнөлүк аренага алып чыгууда, союздук республикаларга кыргыз киносу жөнүндө даректүү маалымат берген инсандардын бири. Бирок бул киши көп нерсени жасаганга үлгүрө албай калды.

Бакыт Карагуловдун сөзүн улай белгилүү кинорежиссер Темир Бирназаров Каарман Ашымовдун кыргыз киносуна кошкон салымын анын калтырып кеткен эмгектери аркылуу билеерин айтат:

-Бул кишини мен жазган китептерин окуп алып эле баалап жүрөм. Убагында айбай иштеген экен. Азыр кыргыз киносун талдап, сындап жазган киши жок. Мына ошол кыргыз киносу коомчулукка кандай таасир этип атат, анын жакшы-жаман жактарын реалдуу сындай турган сынчылар жок. Эч ким жазбай калды.

Темир Бирназаров айтып өткөндөй кыргыз киносун талдап-сынай турган ишмерлер жокко эсе. Андыктан мына ошол кемтикти толтуруу үчүн башкача айтканда Каарман Ашымовго окшогон киносынчыларды тарбиялоо максатында бул сынак уюштурулуп, сыйлык негизделгендигин кабарлайт Кыргызкино департаменти. Бул сыйлык эми мындан ары жылда берилип турмакчы.

Айжан Шаботоева, “Азаттык”, 17.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.