А. Пазылов: 2010-жылы бюджеттик акчага биринчи анимациялык фильм тартылат
Үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда бюджеттик акчага биринчи анимациялык фильм тартышат. Бул туурасында Кинематография боюнча департаменттин директору Абибилла Пазылов билдирди.
“Өткөн жылы биз 9 кинодолбоор менен алектендик, анын алтоо ийгиликтүү аяктады. Калган фильмдердин үстүнөн иштөө улантылууда. Мындан тышкары жаңы долбоорлор аныкталган 2010-жылга план түзүлдү”,- деп айтты Абибилла Пазылов.
Анын айтымында, өткөн жылдарга караганда 2009-жыл ийгиликтүү жылдардан болду. Бирок бул жетишкендиктер менен токтоп калууга болбойт. Анткени башка маселелер да бар. “Кыргызфильмдин материалдык-техникалык базасы бул негизги көйгөй. Мындан тышкары мамлекеттик каржылоо жагынан да татаалдыктар бар”, – деди ал.
Н.Жумалиева, «Кабар» МА, 19.01.2010-ж.