А. Пазылов: 2010-жылы бюджеттик акчага биринчи анимациялык фильм тартылат

Үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда бюджеттик акчага биринчи анимациялык фильм тартышат. Бул туурасында Кинематография боюнча департаменттин директору Абибилла Пазылов билдирди.

«Өткөн жылы биз 9 кинодолбоор менен алектендик, анын алтоо ийгиликтүү аяктады.   Калган фильмдердин үстүнөн иштөө улантылууда. Мындан тышкары жаңы долбоорлор аныкталган 2010-жылга план түзүлдү»,- деп айтты Абибилла Пазылов.

Анын айтымында, өткөн жылдарга караганда 2009-жыл ийгиликтүү жылдардан болду. Бирок бул жетишкендиктер менен токтоп калууга болбойт. Анткени башка маселелер да бар. «Кыргызфильмдин материалдык-техникалык базасы бул негизги көйгөй. Мындан тышкары мамлекеттик каржылоо жагынан да татаалдыктар бар», — деди ал.

Н.Жумалиева, «Кабар» МА, 19.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.