Кожожаштын көз жашы

(Уламыш)

– Мына, мени дагы ырдай баштады,- деди Кожожаш жалама зоо менен сүйлөшүп… – Менин кылымдарга жазылбас каргышка калган өмүрүмдү он сегиз миң ааламга таратып, уккандардын алтымыш эки тамырын сыздатып, жүрөктөрүн канатып, алган жарымды, ата-энемди, артымда калган элимди зар какшатып, кайберенди сайратып ырдай бермекчи эми, бу Камбаркан жаратмандын комузу.

Күнүгө нечен ирет асман тиреген бийиктикти көздөй жан талашып, боорунда жылмышкан  бу көк бет мергенди өчөгүшкөн кайберен азгырып камап койгону – күңгүрөнгөнү ушул.

Аркар-кулжа, кийиктердин тукумун курут кылып, башка мергенчилерге окшоп Кожожаш алардын бири кем миңин аткандан кийин да курал-жарагын таштаган жок. Миңинчиси оңко турду. Өнөрүнө маашырланып, өзүн Улуу тоонун Кудайындай сезип туруп алды. Берилген аянга мыйыгынан гана күлүп, шертти бузду. Анан кайберендин нак өзү келип, мергенден текесинин кашык канын суранганына карабай, жалдырап ыйлаганына карабай сулатып, Сур эчкини теңине албады. Минтип каргышка калып, Авлетимдин аскасында асылып, акыйып кала берди…

– Сыздай бермекчи ушинтип, Камбаркандын үч кылы,- күрсүнүп бүтүп-бүтө элегинде көзүнөн бир тамчы жаш ыргып кетти.

Касиеттүү ыйык аска жеңилдене түштү. Козголо түштү. Анткени мергенди ичиндеги бугун төгүп алса деп тилей берчү. Көмөкөйүндөгү көк ташты ыргыта, камыкпай бир үшкүрүп алса дечү. Назили кыргыз да. Кайдадыр жактан закым жел жеткирген комуз күүсүнүн ырахатына, сыйкырына арбалды да.

– Бул эмнеси? – таңгалган мерген жылтыраган жалама ташка тамып, андан ары сызылып жөнөгөн бир тамчыны тиктеди.

– Бул сенин көз жашың,- деди комуз күүсү.

– Бул сенин көз жашың,-  аскалардын кайталаган үндөрү  жаңырып-жаңырыктап тарап жатты…

Азыр да айтылуу Авлетим аскасынын  тегерек-чети купкургак бир бурчунда “тып-тып” этип, жылуу, шор даамданган бир тамчы суу тамып турат дейт. Кожожаштын көз жашы дейт.

Нурзада Ташбаева, “Замандаш” журналы, 10.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.