НОГОЙ БАЯНЫ

КИРИШ СӨЗ
Үстүбүздөгү жылда Азаттыкта жарыяланган макалада ногой уруубу же адамдын атыбы?- деп суроо таштап, анан даңазалуу Манастан:
“Каратып турду Кашкарда, Карашаарга жеткенче
Хан атаң Ногой башкарды”, – деген насааты келтирген. Ошондой эле хан атабыз Ногойдун тукумдарынын тили кавказдагы ногой элинин тилине жакын экенин, ал тургай ошол кавказ ногойлорунун арасында “кыргыз” жана “сейтек” уруусунун бар экени да айтылды .

Рене Грусет (Rene Grousset) аттуу француз окумуштуусунун “Талаалардын империясы” же “Борбор Азиянын тарыхы” аттуу АКШда жарык көргөн көлөмдүү китебинде тээ скифтерден тартып, Алтайда алгач пайда болгон пре-түрктөрдүн, гунндардын, Европадагы гунндардын башчысы Аттилланын, орто кылымдардын башындагы Тучуех, Уйгур, Хитан, анан кийинки Тань империясынын, араб-кытай согушунун, андан берки убактагы Карахандын, Каракытайлардын, Аварлардын, Мажарлардын, Печенегдердин, Кыпчактардын доорунун чоо жайы баяндалып, Чынгызхандын империясына өзгөчө орун берилген. Бул эмгек да ошол ногой темасын көтөргөн.

Ушул ангеменин учун улай, жогоруда айтылган булактарга таянып, кыргыз журтуна ногой – деген уруу кыргызстанда али да бар экенин жана алар өзүн кадимки айкөл Манасыбыздын тукуму деп эсептей турганын айтып коюуну парз- деп эсептейм. Ошону менен катар эле ар түрдүү тилдеги тарыхый булактардын негизинде жүргүзүлгөн кыргыздын касиеттүү ногой уруусу тууралуу ушул чакан изилдөөнү сунуш кылмакчымын.

(Башы өткөн санда)

Буруттун үйүрүн чачып, төгөрөк-түн төрт бурчуна төрт бөлүп таратпасам акыры бизге тынчтык жок. Коноруна конуш бербей, барагына мал бербей, эки колун аркасына байлап, ичтонуна сийгизип, беттерине аза Кызыл чүпүрөк байлап, мындан аркы тукумуң туусу ушул деп, өңдөрүн бозортуп, көк теңирин кызартып, аалам кездирип тентители! Ала-Тоодой бейиш жери эстеринен чыккыдай болсун, алыс-алыс айдайлы! Ала-Тоо конушун Таңшаң деп атап алалы! Мындай касиеттүү жерди элинен, өз касиетинен жоготуп, касым кыргыз түгүл досума бергис кыламын! (А.Жакыпбеков, Теңири Манас, Бишкек).

Эми муну мындай таштайлы да касиеттүү ногой уруусуна кайрылалы. Азыр бул уруу Чаткал районунда кытай уруусунун арасында жашап жатышат. Бул уруунун да кыргыз тарыхында ролу зор. “Алиби” гезитинде жарык көргөн “Каработохан – Кыргыздын сыймыгы” аттуу макалада кытай уруусу, учурунда кыргызды калмактардан коруган баатыр уруу катары сүрөттөлөт. Кытай уруусунан чыккан белгилүү инсандар: Кара Бото баатыр , Курманжан датка, Кожожаш мерген (баатыр), Чолпонбай Түлөбердиев, Чынгыз Айтматов, Барпы Рыспаев…

Кыргыз санжыраларындагы кытай уруусу Куу Уулдан тараган уруулар менен катар саналганы менен, анын составы чаткалдык кытайлардыкынан айырмаланат экен. Чаткалдык кытайлар карамыкчы, татыран, майда, актонду, ж.б. уруулардан турат. Анын үстүнө чаткалдык кытайлардын арасында эсептелип жүргөн ногой уруусу, Кыргызстандын башка облусундагы кытай урууларынын арасында жок болуп чыкты. Демек, ногой уруусу менен кытай уруусунун санжырадагы орду эки бөлөк. Кытайлык авторлор Сайра Ырысбек кызы менен Аскар Жунус уулунун Изин жоготпой келе жаткан кыргыз бар аттуу макаласында кытай уруусу кан Манастын досу Алмамбеттин урпактары делинет.

Ал эми ногойлорго белгилүү санжыраларда орун жок болуп жатканына карабай, кавказдык ногойлор менен катар эле чаткалдык ногойлор да кырк огуздардын саясый согуштук бирикмесине алгачкылардан болуп кирген улуу уруулардын урпактары экенин эч ким тана албайт. Кавказ ногойлору өздөрүн тарыхый инсан, Чыңгызхандын тукуму Иса Ногой колбашчынын тукумубуз деп эсептеген менен, бул генералдын аты тээ Чынгызхандан ары Манастын убагына барып такалат деген гипотеза да жашоого укуктуу.

Атактуу Ашым акенин Теңири Манасында Манастын ата-теги мындай: “Түпкү атасы Каракан, Кара-кандан Огузкан, Огузкандан Аланча кан, Аланчадан Байгур менен Уйгур, Байгурдан Бабыр, Бабырдан Түбөй, Түбөйдөн Көгөй, Көгөндөн Ногой, Ногойдон Ороздудан Жакып өз атасы”. Кадимки эле биз окуп жүргөн Саякбай Каралаевдин вариантындагы Манас эпосунда кан Манастын санжырасы мындай берилген: Ногойдон Балакан, Балакандан Карахан, Карахандан бай Жакып. Сагынбай Орозбак уулу болсо Ногойдун төрт уулун санап өтөт: Орозду, Үсөн, Бай, Жакып. Жакыптан Манас экени баарыбызга белгилүү. Ошол Ногой хандын элинин, б.а. кыргыздардын чабылып-чачылышынын кесепети катары Сагынбай Орозбак уулу “эл кадырын биле албагандан” көрөт.

“Балам Манас, – деп Жакып жеңилтектик кылып, калмактар менен кармашууга жулунган баласына айкырып, – илгери Ногойдун кезинде калмактар бизге карачу эле, бирок ногой өлгөн соң… Алардын башчысы Эшен 50 миң кол курап, бизге чабуул жасады, Кыргыздарды жеңип, жерибизди канга боёду, Ногойго караштуу элдердин урпактарын сүрүп, тымтыракайын чыгарды”[1]. Дагы бир булакта болсо, “Заманында же 304-жылы Улуу Манастын эң кийинки тукумдарынан келип чыккан айтылуу Ногой кан бүтүндөй Түндүк кытайды басып алып, өз дөөлөтүн орноткон”, – делет .

Оштук манасчылардын эмгегинде да Манастын ногой уруусу айтылат:

Эки таздан кеп уктум,
Элим Ногой деп уктум.
Желки Таздан кеп уктум,
Жерим Талас деп уктум.
Кара таздан кеп уктум,
Калкым Ногой деп уктум.

Соңку сөз
Бул жерде Манас аттуу баатырдын болгону-болбогону он бешинчи маселе. Кеп – кыргыз рухуна бабалар мурастаган Манас эпосунун эл тарыхы жана тагдыры үчүн өтө маанилүү экендигинде. Ошентсе да мен кыргыз ногойлору түптүз Манастын урпактары экени азырынча чаткалдык ногойдордун ишенимдеринин деңгээлиндеги иш экенин моюнга алам. Ал эми ишеним акылдан да, фактыдан да өжөр экенин келечек далилдээр. Эмнеси болсо да, кыргыз пир туткан кан Манастын чоң атасы Ногойдун урпактары тукум курут боло элек, алар азыр Чаткал районуна караштуу Айгыр-Жал айылында ушул күндө жашап жатышат. Менин максатым – убагында чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган, кыргызга дем берип, эл катарына киргизген кан Манас атабыздын уруусу ногой тууралуу санжырачыларга кулак кагыш кылып коеюн деген эле ниет. Анткени тарыхта баатырын эрөөн албаган Бокмурундар Нескаралардан таяк жеген.

Библиография:
1. Асанбек уулу Т. Оргочордо от күйсө. Кытайлык кыргыздардын актилек сайтынан алынды. http://www.aktilek.com/Topic.aspx?BoardID=30&TopicID=567
2. Жакыпбеков А. Теңири Манас. Бишкек, 1995. http://janyzak.narod.ru/kitep/ash/1_2.htm
3. Калчакеев К.Б. Манас эпосунун түштүк варианттары. Жалал-Абад, 2002.
4. Каралаев С. Манастын өлүмү. Фрунзе: Кыргызмамбас, 1941. http://www.nlkr.gov.kg

“Эл сөзү” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 17.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.