Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер: “Манас” – дүйнөлүк шедеврге кирген

“Манас” эпосу 1000 жыл мурда эле дүйнөлүк шедеврге кирип алган. Ага төмөнкү мисалдарды келтирип кетейин. Манаслу – Гималайда өтө зор бийик тоо. Непал мамлекетинин борбордук бөлүгүндө. Жер бетиндеги эң бийик тоолордун катарына кирет. Тоону ыйык деп эсептеген непал калкы ага чыгууга умтулган экспедицияларга каршылык көрсөтүп келген. Индия, Тибет элдеринде Манаслу деген – Манас улуу, ыйык дегенди түшүндүрөт; Манас – Индиянын түштүк-чыгышы менен Бутанды басып өткөн дарыя. Брахмапутранын оң куймасы; Манас – Манам-Цо-Тибеттин түштүк-батышында Гималай тоо кыркаларынын түндүк этегиндеги көл. Инди дарыясынын сол салаасы Сатлеж өзөнүнүн башталыш жеринде. Индия, Тибет элдери Манас көлүн ыйык көрүп, ага сыйынышат; Манас – Индиядагы улуттук парк жана ага чектеш Бутан өлкөсүндөгү корук. Парк 1928-жылы негизделген. Аянты – 8 миң га. Ал эми Бутандагы корук 1966-жылы түзүлгөн, аянты – 42 миң га. Ассам штатынын Камруп чөлкөмүндөгү Гаухатиден 176 км аралыктагы Манас дарыясынын боюнда; Манас – Кытайдын башындагы дарыя. Узундугу – 402 км, Манас көлүнө куят. Ирен-Хабыр мөңгүлөрүнөн башталып, Жунгар түздүгү аркылуу өтөт; Манас – Дагестанды аралап өткөн дарыя. Чоң Кавказ тоолорунун түндүк-чыгыш капталын басып өтүп Каспий деңизине куят. Манас, Манаскент, Манасмахи, Манасавлан, Манасматаб деген шаар, жерлер Манас өзөнүнүн боюнда жайгашкан; Манас – Өзбекстандын Самаркан жана Сурхан дарыя облустарында жайгашкан канал. Б.з.ч. биринчи миң жылдыкта курулган; Алтайда Кыргыз, Манас көлдөрү, Чүй талаасы деген жерлер бар жана бүгүнкү күндө да 150 ашуу, дарыялар кыргызча аталган бойдон. Айткылачы, кайсы элдин түпкү бабасынын ысымы ушунча жерлердин аталышында сакталып калган?!

“Көк асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 19.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.