«Манас – балдардын көзү менен» аттуу балдар арасында сынак жарыяланды

«Манас – балдардын көзү менен» аттуу балдар арасында сынак жарыяланды. Сынакты өткөрүүгө эларалык «Мээрим» кайрымдуулук фонду көмөктөшүп, аны «Галереи М» демилгелөөдө. Бул тууралу галереянын арт-менеджери Мээрим Акматкулова «24.kg» МАга билдирди.

Айтымында, сынакка 7-17-жаштагы балдар катыша алышат. «Эмгектер темага жараша жана «Манас» эпосу менен байланыштуу болушу керек. Сүрөттөр А3 өлчөмүндөгү баракчаларда кабыл алынат. Алар кандай боектор менен тартылганы айырмасыз. Болгону сүрөт четинде 3 сантиметрлик актай жер калыш керек. Кагаздын арткы бетинде эмгектин аты, кандай техника мене ишке ашкандыгы, «Манастагы» кайсы сюжет чагылдырылганы, автордун аты-жөнү, дареги, телефондору жазылыш керек», – деди Мээрим Акматкулова.

Уюштуруучулар билдиришкендей, сынак 2012-жылдын 5-ноябрынан тартып 2013-жылдын 5-февралына чейин. «Эмгектер 2013-жылдын 5-февралына чейин Бишкек шаары, Манас проспектиси 40, 2-кабат дарегинде кабыл алынат. Эң мыкты чыгармалар кийинки жылдын 18-февралынан 1-мартка дейре «Галерее М» көргөзмөсүнө коюлат. 2013-жылдын мартында жеңүүчүлөргө диплом жана сыйлыктар тапшырылат» – дейт Мээрим Акматкулова.

Айзада КУТУЕВА, «24.kg» MA, 15.11.2012-ж.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.