Азамат Сыдыков: Искусство – эки элди жараштырчу көпүрө

Москвадагы эл аралык пианисттер сынагынын лауреаты, Москва консерваториясынын аспиранты, белгилүү пианист Азамат Сыдыков ушул күндөрү Кыргызстанда жүрөт.

Жакында эле Азамат Бишкекте Опера жана балет театрында өткөн “Толеранттуулук – тынчтыкка карай жол” деген концерттин негизги катышуучусу болду. Жаш пианисттин баамында, сөз менен айталбаган нерселерди музыка аркылуу берсе болот. Анткени классикалык музыканын тили баарына тааныш.

“Толеранттуулук – тынчтыкка карай жол” деген концерттен кийин Азамат “Чыңгыз Айтматовдун фонду” менен бирге 6-сентябрда Ошто Кыргыз драма театрында классикалык музыка кечесин өткөргөнү жатат.

Мен акыркы убакытта “азыркы жаштарды багындырып, кырдаалды жөнгө салууда көркөм өнөр, музыка, искусство гана жардам бере алат” деп көп угам. Сиз ушуга өзүңүз ишенесизби?
Азамат Сыдыков: Албетте ишенем. Бүгүнкү күндө биздин көйгөйүбүз бул адамдардын жан дүйнөсүнүн тардыгы. Биз жалаң гана материалдык кызыкчылыктарды ойлойбуз, бул абдан коркунучтуу. Мамлекетке, адамдардын өзүнө адам өзү байлык болбосо, жан дүйнөсү байлык болуп эсептелбесе анда бул жалпы мамлекеттин төмөндүгү. Мен ойлойм чыгармачылык эркиндик болгон гана жерде өнүгүү болот.

Бирок Кыргызстанда эркиндик бар да, эмне үчүн ушундай болуп жатат? Эркиндик бар болсо анда эмне үчүн руханий жактан кризиске учурап жатабыз?
Азамат Сыдыков: Учурда маданияттуу эс алуу үчүн шарт жок. Эмне үчүн ата-энелер балдарын филармонияга, опера театрына ээрчитип барышпайт? Буга эл күнөөлүү эмес. Учурда маданият дүйнөсү жакшы менеджерлерге муктаж. Бул факт, менеджер келип жылдырбаса, бул эч кимге кызыктуу болбойт. Ушул тарапты өнүктүрүү зарыл.

Сиз “искусство, чыгармачылык балдарды тарбиялаганда жардам берет” деп айтып жатасыз. Бирок кантип жардам берет? Мисалы, Ошто окуп жаткан балдар “маданиятка аралашсак эле эмне болот экен?” деп түшүнбөй калышы мүмкүн. Маданияттагы адам менен музыка укпаган, эч кандай сүрөттөрдү көрбөгөн адам эмнеси менен айырмаланат?
Азамат Сыдыков: Негизи маданият бул театр же музыка эмес, бул абдан чоң философиялык категория. Тамактануу, сүйлөшүү, эс алуу маданияты бул абдан кең түшүнүк, бирок көпчүлүгү туура эмес кабыл алат: “А, бул театр, бул адабият бизге кереги жок. Биз маданияттын адамдары эмеспиз” деп.

Мисалы, Ошто жыйырма жыл мурун болгон окуя менен бул жылы болгон окуянын айырмачылыгы бар. Бул жылы тополоң абдан кандуу болду, себеби 90-жылдары Советтер Союзу ураганда бийлик илим-билимге, маданиятка такыр көңүл бурбай эле завод фабрикаларды сатып, “эмне болсоңор ошо болгула! Биз базар экономикасына өтөбүз” деген.

Мына, азыр Ош базарында араба сүйрөгөн тырмактай балдар жүрөт, ушундай натыйжаны билип, сезип ушул жолго түшкөнбүз. Бизде базар экономика эмес эле базар болуп кеткен. Ошол 90-жылдардан тарта биз бүтүн бир муунду жоготконбуз, көчөдө тарбияланып ата-энеси Орусияда соода менен алек болуп, тарбия көрбөгөн муунду биз өзүбүз жараттык.

– Бирок ошол муун калды да. Биз Ошто жүргөндө ошол балдардын көздөрүн көрдүк, адам өлтүргөндөр, зомбулукка катышкандар биздин арабызда эле жүрөт да. Эми эмне кылыш керек?
Азамат Сыдыков:
Кеп музыкада эмес. Биринчиден, бизде массалык медиа деген чоң күч бар. Телевидениеден башташ керек, Ошто тополоң болуп жатканда ар кандай атышкан мыкаачы тасмаларды көрсөткөн.Бул кырдаалды күчөтүшү мүмкүн. Мисалы, өнүккөн Европа өлкөлөрүндө мындай тасмаларды көрсөтпөйт.

Чыгармачылык сиз үчүн эмне? Сиз бир жолу “мен ар бир адамды угам ” деп айттыңыз эле. Ушуну чечмелеп берсеңиз?
Азамат Сыдыков: Түшүндүрүү абдан кыйын, бул адамдын дээриндеги нерсе экен. Мен гармониялык сулуулугун, мелодикалык өзгөчөлүгүн сезип турамын. Ал эми чыгармачылык мен үчүн бул эркиндик, байлык. Менин кээ бир кишилерден айырмачылыгым: адам сөз менен айталбаган, сүрөткө тарталбаган нерселерди чыгармачылыгым менен айта алам. Музыканы түшүнбөгөн адам деле музыкага батып кетет. Сөздүн күчү бүткөн жерде музыка кетет экен.

– Толеранттуулукту сиз кандай түшүнөсүз?
Азамат Сыдыков: Ар бир түшүнүктү конкреттүү термин менен баалаш өтө кыйын. Аны адамдын өз аң сезими менен таразалаш керек. Толеранттуулук – ичиндеги өзүмчүлүктү басып, кечирим суроо.

Мээрим Асанаалы, «Азаттык», 04.09.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.