Эскерилбей калган режиссер, жоголгон мурас
16-ноябрда Москва шаарындагы Кино үйүндө кыргызстандык белгилүү режиссер Төлөмүш Океевдин 75 жылдык мааракеси өтөт. “Азаттык” режиссердун кызы Азиза Окееваны кепке тартты.
– Ушул кече эмне үчүн Кыргызстанда эмес, Москвада уюштурулуп жатат?
Азиза Океева: Абдан жакшы суроо. Ушунча көп саясий проблемалар чыккандан кийин, билесиңер, маданият дайыма артта калат. Чынын айтканда 70пи, же 75 жылбы, бул биздин маданиятка, кино искусствосуна кандай маанилүү иш деп эч ким деле көңүл бурган жок. Ошол жагынан капа болдук. Бирок анын баарын түшүнүп, билип атам.
Биз үй-бүлөбүз менен куран окуп, эстеп койдук дегендей. Бул жагынан Москвадан Али Хамраев деген Өзбекстандын белгилүү режиссеру демилге көтөрүп, өзү жетекчилик менен сүйлөштү, алар колдоду. Бул жүрөгүмө жылуу тийди. Али Хамраев афишасын, чакыруу билеттерин жасады, чогуу окуган, дос болуп жүргөн кесиптештерин чакырганга көп аракет жасады. Биз болсо Бишкектен тасма камдап, “Бакайдын жайытын” көрсөтөбүз деп чечтик. Бул эң биринчи тасмасы, анан Орусияда, Кыргызстанда эң жакшы көргөн тасмасы болуп атат. Анан сүрөттөрүн көргөзмө катары даярдап ала келдик.
– Кыргызстандан кино ишмерлери катышабы?
Азиза Океева: Кыргызстандан кино ишмерлери катышалы десе да, жол киреге каражат таппай, көп кишилер келебиз деген, келе алган жок. Ашыр Чокубаев деген биздин эл артисти келди, “Кожожаш” тасмасында жана башка атамдын тасмаларында тартылган. Башкалар келе алган жок.
– Бирок Орусиянын бир катар таанымал белгилүү режиссер, актерлор катышат экен, Аринбасарова, Михалков, Жигарханян?
Азиза Океева: Алар бардыгы чогуу замандаштар да. Илгери абдан дос болуп, колдогон, жакшы мамиле кылган кишилердин баары келет. Менимче, Кончаловский келет, Михалков өзү чыгып сүйлөйм деди эле, ал азыр бошой албады, бир жакка кетиптир. Атактуу илгерки совет киносунун чоң ишмерлери келет.
– Албетте Москвада жүргөн кыргыздар да кечеге чакырылган да?
Азиза Океева: Аларга бир четинен катышып кетсин деп чакырдым, бир четинен кичинекей чай берели деп уюштурганга жардам бергиле десем, бул жактагы көп жылдан бери жашаган кыргыздар, диаспоралардын жетекчилери мага жардам берип атат. Алар жакшы ниети менен колдоп атышат. Биз Төлөмүш байкени көргөнбүз, тааныйбыз дегени бизге маанилүү, биз аларга ыраазыбыз.
– Келечекте Бишкекте ушундай эскерүү кечесин өткөрүү планыңыз барбы?
Азиза Океева: Биздин коомдо ошондой ойлор бар, биз намыс үчүн өткөрүшүбүз керек, өкмөт көңүл бурбаса да. Жардам берели, эмне кылалы, айтып бергиле дешет. Бирок азыр мен бул ишке күчүмдү жумшап атам. Келгенден кийин ойлонуштурабыз, балким декабрда өткөрөбүз. Себеби бул мага, же биздин үй-бүлөгө кереги жок, биз го атабызды эсибизде, жүрөгүбүдө кармайбыз ар дайым. Мунун баары биздин коомго, элге керек. Биринчи жаштарга керек. Көпчүлүк жаштар эмне адамдар болгонун, кандай кино тартканын билбей калышты. Ошол маселе болуп атат.
Маданиятка тиешелүү чоң-чоң адамдардын шаарда эстеликтери жок, убагында эскертүү күндөрү өткөрүлбөйт. Эң чоң маселе алардын мурасы китеп, кино, же театрдагы оюн катары коюлбайт. Анын баарын сактап, биздин жаш өспүрүмдөргө бербесек, биз көп нерсени жоготобуз, маңкурт катары болобуз. Атам кайтканда, бир убакыттан кийин фильмдерин көрөлү десек фильмдери жок. Замандаштары айтат, Океев деген биздин эң атактуу маданият ишмери, таланттуу режиссер болчу деп. Бирок фильмдери жок болгону эмне деген нерсе? Ал Төлөмүш Океевге эле эмес, бүт биздин киночуларга тиешелүү. Биздин республикада эң чоң маселе эски совет убагында тартылган фильмдери жок.
– Кандайча жок, тасмалары, же копиялары жокпу?
Азиза Оеева: Болгон тасмалар бүт эскирип кеткен. Пленка эскирип, көргөзгөндө чийилип, сүрүлүп калат. Аны улам жаңыртып турчу мурдагы убакта. Аны ойлогон эч ким жок, каражат жагынан эч ким жардам бербейт. Ошондуктан фонд түзгөндө Орусия фондунан “Госфильм” фондунан сатып алган болчум, кийин отцифровка жасагам гезиттерге чыгарып.
Бүгүн биз “Бакайдын жайыты” деген тасманы көрсөтүп атабыз, бирок биздин “Кыргызфильмде” кыргыз тилинде бир эле копиясы калыптыр. Аны көрө турган жагы абдан жаман акыбалда экен, үнү калыптыр. Мен ошол фон үнүн алып, менде болгонун сактап калдым. Бирок Океевдин үч эле тасмасы калыптыр. Калган тасмаларынын кыргызча варианттары калыптыр. Бул да чоң жоготуу. Бүгүн Океев жөнүндө көп жакшы сөз айтылат, мен билем. Бирок эң биринчи биздин жаштарга аты өчүп баратат. Ошон үчүн атайын сайт жасаганбыз, Okeev.kg деген, интернеттен карап, кызыгып, көп нерсени тапса болот.
– Рахмат.
Айнура Жекше кызы, “Азаттык”, 15.11.2010-ж.