«Кош болгула, шабдаалы бак, өрүкзарлар»

Белгилүү Кыргыз эл жазуучусу, драмачы, киносценарист, прозадагы лирик Мурза Гапаров тирүү болгондо ушул Нооруз майрамына оро-пара 80 жашка чыкмак. Ушуга байланыштуу Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакиров менен учкай маектештик.

Мелис Абакирович, Сиз Мурза Гапаровдун чыгармаларынан түзүлгөн тандалмалар китебин чыгаруу үчүн КРнын Президентинин алдындагы мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчиси, Кыргыз эл акыны Эгемберди Эрматовго кайрылган экенсиз. «Дос, жолдош, чыгармачыл адам деген ушундай болсо, менин китебимди чыгарбай эле кой, Мурза Гапаровдун тандалмаларын чыгарып бер» деп айтканыңызга аябай ыраазы болдум», — деди Эрматов.

– КРнын эл жазуучусу Мурза Гапаров жөнүндө эң кыска да, эң узун да сөз кылсак болот. Эгер орус адабиятында, орус маданиятында Антон Павлович Чехов кандай роль ойносо, Гапаров дагы кыргыз адабият, маданиятында ошондой өлбөс-өчпөс тагдырга ээ. Ал кыргыз адабиятында «диссиденттик» көз караштын баштоочусу.

Эмне үчүн?! — деген суроо туулат. Анткени, Мурза Гапаров дүйнөлүк адабий дөөлөттөрдүн эң мыкты үлгүлөрү менен таанышкан, сугарылган. Так ошо бүткүл дүйнөлүк дөөлөттөрдү, өзгөчө ХIХ-ХХ кылымдардагы орус, француз, англис, испан, португал адабияттарынын мыкты үлгүлөрүн өздөштүрүп, Чехов, Буниндин, Фолькнер, Эдгар Понун, Кафка, Хемунгуэйдин, аягында Неруда менен Маркестин чыгармалары менен таасирленген, так ошолордун деңгээлинде жазуу керек дегенди өзүнө-өзү талап койгон художник – Мурза Гапаров эле.

Кыргыз жазуучуларынын арасында үч-төрт эле «стилист» жазуучу бар — деп айтыптырсыз, аталган залкар жазуучуну эскерүү макалаңызда. Алар кимдер?

– Бири — Мукай Элебаев – 48 бетке «Узак жол» романын, 16-жылдагы Улуу Үркүндү, кыргыз тарыхын, кыргыз элинин трагедиясын сыйдырган, анан да 5-6 бетке «Кыйын кезең» менен «Бороондуу күндөрдү» көз алдыга көрсөтүп койгон. Буга Касымалы Баялиновдун «Ажары» гана атаандаша алар. Анан, дал ушул Мурза Гапаровдун бардык аңгемелери, повесттери. Анын дагы бир чоң айырмачылыгы – табиятынан сүрөткер, талантын бапестеп өстүргөн калемгер катары, интивдүү да, иррационалдуу да чыгармаларына бийлик идеологиясынын боёгун сүрткөн жок.

Мурза Гапаров каза болоруна бир жыл калганда «Коштошуу» деген ыр жазып, ал «Асаба» гезитине жарыяланыптыр. Улуу акын Пастернак орустун 13 акын-жазуучусунун өзүнүн өлүмү жөнүндө жазгандарынын баары туура келгенин айтып, ушундай саптардан качууну жазган эле. Буга көз карашыңыз кандай?

– Мен ошол «Коштошуу» аттуу ырынан үзүндү окуп берейин:

«Кош болгула, ай, жылдыздар,
Кош болгула, мен сүйгөн айсулуулар,
Кош болгула, өбүлбөгөн кызайымдар,
Өбүшкөнгө эми менде убакыт тар…
Кош болгула, шабдаалы бак, өрүкзарлар,
Арасында мен өскөн бейитзарлар…
Ал жактагы бейишке кантип жетем?
Жолдорунда тикенек зым тосмолор бар…
А тозогуна асфальт жолдор кетет экен,
Иномарка жалдап алып жүрүп кетем…
Кош болгула, жан достор, кас курбулар,
Көбүңөрдү тозокто көксөп күтөм.
Кош болгула, эл башы, журт башчылар,
Жерин сатып, элин баскан басмачылар».

Мурза Гапаровдун тандалмалар китебин абдан сапаттуу чыгарыптырсыз, төрт повесть, аңгеме, драмалары кириптир, окуп чыгып классиктин жан дүйнөсүндөгүажайып жайлоолорду аралагандай болдум.

– Ал каза болгондон бери китептери басмадан жарык көргөн эмес. Ушул тандалмаларды чыгарган соң, мойнумдан оор жүктү алып салгандай жеңилдедим.

Ырахмат.

Карбалас Бакиров, «Эркин тоо», 29.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.