Компьютер качан кыргызча сүйлөйт?
Кыргызстандык бир катар жаш адистер компьютердик программаларды кыргызчага которууга бел байлап, кыргызчаланган программаларды интернет аркылуу акысыз таркатып келишет. Анткен менен алардын чогулуп, бирдиктүү котормо жасашы үчүн мүмкүнчүлүктөр чектелүү.
Москва шаарында иштеп жаткан кыргызстандык Санжар Токтобаев компьютердик программаларды кыргызчалоо үчүн жанын үрөп келет. Ал өзү программист болбосо да, программаларды кыргызчага которуунун ыкмасын өз алдынча үйрөнүп алган. Кайсы гана программа болбосун анын тил бөлүмүн ачып, программада колдонулган орусча, же англисче сөздөрдүн бардыгын кыргызчага которуп чыгат.
Санжар программалардын башка тилдерге которулганын көрүп, намыстанганын да жашырбайт:
– Мен оболу Mail.agent программасынан баштагам. Бул чат программасын карасам казакчасы бар, өзбекчеге которулуптур. Украинчеси да бар экен. Кыргызча карасам жок. Эмнеге кыргызчасы жок, башка тилдердики бар деп аракет кылып, өзүмдү сынап көрүп которууну баштадым.
Учурда кыргызчага которулган программаларга муктаждык чоң. Бир программаны кыргызчалаган соң дароо сунуштарын, ыраазчылыктарын билдиргендер көп болот. Анткен менен орус, же англис тилиндеги программаларды кыргызчага которуу оңой-олтоң иш эмес. Ал үчүн убакыт жана сөздүк суу менен абадай керек экендигин Токтобаев белгиледи:
– Которууда аябай көп кыйынчылыктарга туш болдум. Адабий тилди жакшы эле билемин, жалпак тилде жакшы эле сүйлоймүн деп өз күчүмдү сынайын деп да жүргөм. Анан которууга келгенде аябай көп сөздөрдү которууга мүмкүн болбоду. Дагы жакшы, Азаттыктын сөз таануу деген түрмөгү бар. Ошол жерде көп кишилерге бул же тигил сөздү кантип которсо болот деп суранып отуруп котордум.
Санжар Токтобаевге окшоп программаларды, интернет баракчаларын кыргызчага которо турган жөндөмдүү жаштар бар. Бирок алар ар кайсы өлкөлөрдө, аймактарда болгондуктан бир жерге топтолуп, иш жүргүзө албай келишет. Анын үстүнө программаларды кыргызчалаштыруу үчүн колдоо да дээрлик жок.
Көч бара-бара түзөлөт
Эркин журналист Жаныбек Жанызак интернет тармагын жана компьютердик программаларды кыргызчалоо багытында бирдиктүү система жоктугун баса белгилейт:
– Улам заман өзгөргөн сайын сөздөр да өзгөрө берет. Которулган кээ бир сөздөр кабыл алынып кетет. Кээ бирлери кабыл алынбай калат. Мен бир нерсени төрт-беш жыл мурда которсом, бүгүн башкача котормолор чыгып калат. Бул жерде система жок да. Бир нече киши топтолуп алып программаларды которуу жатында чогуу иштесе болот эле.
Жаныбек Жанызак интернет тармагын, компьютердик программаларды кыргызчага которуу үчүн сөзсүз түрдө өкмөттү гана карап отура бербей, өз алдынча аракет кылуу керек деп эсептейт.
Компьютердик программаларды кыргызчалаштыруу аракеттерди Президенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия да колго алып келет.
Алсак дүйнөнүн дээрлик бардык бурчунда колдонулган Windows операциондук системасын кыргызча которуу боюнча атактуу Билл Гейтстин Microsoft корпорациясы менен келишим түзүшкөн экен. Келишимге ылайык, мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ичинде маалымат технологиялары боюнча кеңеш жана котормочулардын тобу түзүлгөн. Комиссиянын төрагасы Азимжан Ибраимов Windows 7 программасы кыргызчага которулуп бүткөнүн айтып берди:
– Windows 7 версиясын иштеп которуп, кыргызчасын бердик. Ал түздөн түз англисчеден кыргызчага которулду. Орус тилисиз. Бүт баары которулуп бүттү. Эми азыр биз Microsoft Office программаларын которуп жатабыз.
Аталган программалардын кыргызча версиялары кийинки жылдын биринчи чейрегинде даяр болмокчу.
Кубат Касымбеков, “Азаттык”, 22.11.2010-ж.