Кыргызстанда кыргыз тилиндеги биринчи электрондук китепкана ишке киргизилди

“Сорос Кыргызстан” фондунун маалыматтык долбоорунун негизинде “Биздин мурас” коомдук фонду менен кыргыз тилиндеги биринчи электрондук китепкананы ишке киргизди. Анда А4 көлөмүндөгү 20 миң беттик 100дөн ашуун китептер кийирилген.

Кийинки муундарга мурастала турган В.В.Бартольддун, Н.А.Аристовдун, С.М.Абрамзондун, А.Н.Бернштамдын, Л.Н.Гумилевдун эмгектери баардык каалоочулар үчүн жетик болуусу менен алгач, билим алууга кызыгдарлар жана иликтөөчүлөр үчүн чоң кызыгуу жаратары турган иш. Китепканада КР УИА Тил жана адабият институтунун “Эл адабияты” топтомунун 30 томдугу да бар. Аларда кыргыз элинин кичи эпостору, табышмактары, уламыштары, кошоктору, балдар фольклору сыяктуу ж.б. чыгармачылыктын бардык түрлөрү жыйналган. www.bizdin.kg китепканасында “Манас” эпосунун үч бөлүмүнүн толук топтому, аудио бөлүмүндө көптөгөн манасчылардын айтуулары да бар. Дүйнөлүк адабияттын котормолору бөлүгүндө Лондондун, Гётенин, Байрондун, Хайамдын, Риддин ж.б. чыгармалары жайгаштырылып, орус-кыргыз сүйлөшмөлөрү, документтердин орусча-кыргызча үлгүлөрү жана англисче сүйлөгөндөр үчүн кыргыз тилиндеги материалдар менен толукталган.

Кыргыз Википедиясы үчүн 500дөн ашуун жаңы, 900дөй мурда жазылган макалалар үчүн булак болуп, кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларын кийирүүгө алардын мурасчылары жана айрым авторлордун өзүлөрү демилге кийиришүүдө. О.э. публицистикалык журналдардын жана мезгилдүү басылмалардын архивин түзүү иштери жүргүзүлүп жатат. ЖОЖдордун мугалимдери сайтты адабият булагы катары сунуш кылып жатышат.

Китепкананын материалдары кыргыз тилиндеги бөлөк сайттарды жана долбоорлорду ачууда пайдаланылып жатат. Мындай кызматташуу кыргыз тилинин жайылтылышына сөзсүз өбөлгө болот. Аталган долбоордун жетекчиси Чоробек Сааданбековдун айтуусу боюнча учурда китепканага соңку жылда ай сайын 3-4 миң адам кайрылып, акысыз хостинг болгондуктан материалдар, кайрылгандардын саны дагы артып, долбоордун келечектүү экендигине ишеним арттырат.

“КАБАР” МА, 02.02.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.