САЛИЖАН ЖИГИТОВДУН ОКТОЙ ТААМАЙ СӨЗДӨРҮНӨН

Салижан аке илим изилдеп, чыгарма жазып, адабият майданында эле кайнай бербестен, коомдук турмуштун башка катмарларына да активдүү аралашкан. Кандай маанилүү мамлекеттик маселелер болбосун, байкаган, түшүнгөн кишиге жигитовдук кайталангыс үнү менен өз позициясын айтып турган. Айрыкча улуттун өзөктү өрттөгөн көйгөйлөрүн жаны кашая чырылдап, күйгүзүп да, күлдүрүп да айткан, кыргыз өнсө, өссө дегенде жанын сабаган, жалбырттаган патриот инсан эле. Биз улуу устаттын республикалык басма сөздө жарыяланган макала – маектеринен безге сайгандай, дилге какшып, чөлдөп жаткан жерге жаан себелетип өткөндөй ырахат ойготкон, чучукка жеткидей өткүр, мээлеп аткан октой таамай, залкар ойлорунан айрым бир үзүндүлөрүн чогултканга аракет кылдык.

«Тил күйөрмандарынын айтымынча, кыргыз тили өз өлкөсүндө жакшы колдонулбай жатса, буга орус тилинин расмий тил деп Кыргызстандын Баш мыйзамына жазылып турганы күнөөлүү имиш; ал эми жаңы Баш мыйзамда кыргыз тили мамлекеттик тил да, расмий тил да деп жазылса, ошонун шарапаты менен кыргыз тили дүркүрөп өсө баштайт имиш. Мындай популисттик сунуштар же ой-пикирлер башын иштетпеген кыргыздардын оозунан гана чыгышы мүмкүн».

* * *
«Илим-билим казынасына айланган улуу тилдердин орусчадан башкаларын билбесек, дүйнөлүк илим-билим маалыматтарын кайдан алмак элек? Улуттук акыл-эсибиз чала-чарпыт болсо да орус тилинен азыктанып атса, кайра ага түкүрүп, душманча мамиле кылуу наадандыктын айкын белгиси эмес бекен? Биз болсо «колдо бар алтындын баркы жок» деп орус тилин дунган тилинен да төмөн көрүп калдык».

* * *
«Англис тилинин жыты да жок Египетте деле аристократиясынын балдары өзүнүн тилин билбейт экен. Индиядагы аристократтардын балдары деле ошондой, бирок алар өз өлкөсү үчүн өлчөөсүз чоң иштерди аткарып жатат. Пакистанды мамлекет кылып курган Мухамед Жина өз тилин билген эмес, Жавахарлал Неру, кызы Индира Ганди, небереси Раджив Ганди да өз тилинде сүйлөй албаган, алар Индия үчүн эмне деген гана кызматтарды кылбады?»

* * *
«Бизде бир кыргыз өлгөн күнү иштин баарын таштайбыз. Биринчиден: сөөк чыкчу жерде 1-2 саат шоңшоюп күтүп отурабызбы, экинчиден, топурак салып келгенге, анан тамак жеп отурганга жарым күн убактыбыз кетет.

* * *
«Биздин акындардын эң жаман жери – өздөрүнүн кайгысынан мурда Сталин өлсө Сталиндин, Киров өлсө Кировдун кайгысына каңырыктары түтөп, элдин атынан ыр жазып келишкен. Улуу акындар өздөрүнүн гана атынан сүйлөйт».

* * *
«Биздин чоңдордун баары байлык, бийликтен түшкөндө «суудан» кургак чыгышат».

* * *
«Улуу элбиз деп мактанып, бакыра бербей бизден кыйын элдердин этегине эрмешип, тилин, иштегенин үйрөнүп оокат кылышыбыз керек»

* * *
«Кыргыз китеп жазса эле тарыхта калам деп ойлойт».

* * *
«Кыргыз микроб сыяктуу, кирген эле жерин чиритет».

* * *
«Дуңгандай мээнеткеч, еврейдей куу, татардай акылдуу, чечендей намыскөй болгондо гана кыргыз башка элдер менен теңтайлаша алат».

* * *
«Совет өкмөтү багып турганда жазуучулар элдин эркеси элек, анын цензурасынан деле бекер жадачу экенбиз. Азыр болсо коомдун кедейлиги – советтик цензурадан да жаман экенин сезип атабыз».

«Кыргызга орусча айтпасаң ишенбейт».

* * *
«Кыргыз кыздардан «Оруска тиесиңби?» десең, «Тийбе-ейм!» деп так секирет. Орус мени алабы деп ойлобойт».

* * *
«Биздин интеллигенциянын көзү желкесинде болуп атпайбы, көз деген маңдайда болуш керек».

* * *
«…Замандын ырайын көрүп атабыз. Акаеви кетсе Бакиеви келет экен. Бакиеви кетсе дагы бир «акылманы» келет. Баарын көрдүк. Кысталак, анан калса бу дүйнөдөн мен көрбөгөн эчтеке деле калбаптыр. Анын үстүнө тиги дүйнө бар деп уккандан бери, такыр эле элеп -желеп болуп… уйку деген качты. Ошол жакты эле эңсеп калдым, тезирээк көрсөм деп… Бирок, тамаксоо жан курусун, силерге окшоп көргөнү келгендердин тамак-ашын кыйып кеталбай, ушинтип олтурам… Болбосо, эмне, спокойно кете бермекмин. Агер, а дүйнө болуп калса андан бетер жакшы…»

«Чындап келгенде, мага өлүп калбасын деп Абдуразаков эле катын алып берип койгон…»

* * *
«Чынында да мен идеалдуу же өрнөктүү дегидей өмүр сүрө алганым жок. Нускалуу өмүр сүргөнгө реалдуу турмуштан, коомдук шарттардан көбүрөөк жеке өзүмдөн акылга жетиштүү бай эместигим, элеттик (провинциалдык) түшүнүктөрүм, ыкшоолугум, көп коендун артынан кубалай бергеним, дагы башка өксүк жактарым жолтоо кылды окшобойбу. Ата-энем мени жакшы эле адамдык данек менен жараткан экен, а данектен дүпүйгөн чынардай бакыбат дарак өнүп-өсүп чыккан жок, жапалак арчадай бирдеме өсүп тим болду белем».

* * *
«Кибиреген калктын мыкты кишиси болгончо, килейген калктын орточо кишиси болгон артык».

* * *
«…Биз патриотизм десе эле бардыгын кыргыздаштыруу деп түшүнүп алдык окшойт. Өкмөт да ойлоду: «Ушу чиновниктерди кыргыздаштырып койсок эле алар кыргызга кызмат кылат, кыргызга күйөт». Эми көрүп атпайбызбы, коюп алган акимдеринин баары болбосо да, көпчүлүгү кыргызга күйө турган түрү жок. Менимче, министр, аким ж.б. дегендерди койсок дагы алысты көрө билген, элди, мамлекетти ойлогон патриот кыргызды койбосок, бийлик үзөнгүсүнө буту илинип, андан түшкүсү келбей, өкүртө пара жеп, жебесе эч нерсе жылдырбай, элдин эсебинен той уюштуруп, элдин эсебинен чет мамлекеттерди кыдырып, бирин-бири кожодой колдоп, өздөрүнчө өзгөчө бир катмар болуп алган кыргыздын атка минерлери заманды да, турмушту да оңдоп жыргатпайт».

* * *
«…Айтор, ар бир айылда баатыр көп экен. Акыл токтотуп карап, ойлоно келсек, эмне баатырдык кылыптыр? Ич ара согушуптур, б.а. кыргызды кыргыз кырыптыр. Балбай баатыр сарбагыштар менен согушкан, Шабдан баатыр азыр патриоттор өздөрү жаман көрүп аткан орустарды ээрчитип келген. Курманжан деле ошолор сыяктуу. Эгер реалдуу карай келсек, революцияга чейинки кыргыз баатырлары совет доорундагы биздин баатырлардан ашкан «баатырлык» кылып жибербептир. Мисалы, Чүй өрөөнүн бүт бириктирип бийлеп турган баатыр болду беле? Болгон эмес. Ага караганда Апас Жумагулович бириктирип бийлеп турбайбы. Же болбосо Курманжан датка бүт Түштүктү бийледиби? Жок, өзүнүн эле Гүлчөсүнөн узаган эмес. Ага караганда Санавар Бахапова Ошту – Кыргызстандын жарымын бийлеп турду го. Жумгалбек Аманбаев Ысык-көл менен Нарынды кошуп башкарды, ага Боронбай да, Ормон да, башка бирөө да жеткен эмес. Ал эми Ю. Абдырахманов, И.Раззаков, Т. Усубалиев сыяктууларды айтпай эле коеюн. Алар мамлекет башкарган кишилер».

* * *
«Кыргыз патриоттору кыргыз тили деп бакыргандан башка кымындай иш кылалек. Мына, «Кыргыз тил» коомунун кыргызга же кыргыз тилине пайдасы бар дейсиңерби? Чогулуштарын көрүп, Тойбаев менен Бобуловду талашын окуп атабыз го. Талашы ушу: кыргыз тилин өстүрөбүз деген шылтоо менен өкмөттөн, акимдерден, аяк-буяктан жулуп келген акчанын 15 процентин жулуп келген киши алсын деп Тойбаев айтат экен, Бобулов нысаптуулук кылып жок, 7 эле процентин дейт экен. Мисалы, Бобулов президенттен 1 миллион сом апкелсе, ошонун 70 000 ин өз чөнтөгүнө салат имиш. Ошентип жок жерден пайда таап турса кыргыз эмес, кыргызча бир ооз билбеген дунганды коюп койсо деле бакыра бербейби: «кыргыз тили эле кыргыз тили» деп».

* * *
«Эгер билим алуу чын эле «ийне менен кудук казгандай» татаал болсо, күндүр-түндүр талыкпаган мээнет талап кылса, кыргыздын көбү окуудан жаа бою качмак».

* * *
«Өзүм окуткан балдарымды байкасам, жакшы окугандарынын баары эле мугалим, эптеп-септеп бүткөндөрү деректир экен. Деректирлер айылда эмне кылат? Жоро уюштурат, бүтүрүү экзамени жакындагандан баштап, бир-эки ай балдардын эсебинен ичип-жейт. Балдарыбыз ошентип бүтүп атпайбы мектепти».

* * *
«Республикада жашагандардын санына жараша проценттесек, кыргыздын жогорку билимдүүлөрү орустан да, дунгандан да, немистен да көп. Ошол жогорку окуу жайын бүткөндөр же болбосо илимдин кандидаты, доктор болуп алгандар жашоого келгенде дунгандын алтынчы классты бүткөн баласына уттуруп коюп жатпайбы. Жашаганга жардам бербеген билимдин кимге кереги бар? Кудайгабы? Аны менен эсептешпей, үстөккө – босток ВУЗ ачабыз. Ошко, Жалал-Абадга… Баарын эле университет кылып тындык. Цивилизациялуу өлкөлөрдө билимди ишке айлантам деп окуйт. Кыргызда болсо эңкейип эмгек кылгандан кутулам, эл башкарам деп окуйт. 2,5 миллион элдин 1 миллионун билимдүү кылып, эл башкартып койсок, кимиси иштейт?».

* * *
«Интеллигенттерибиз той беребиз деп жардам сурайт, бизнесмен дегендерибиз баланчанын тоюна түкүнчө акча коштум деп көөдөнүн көтөрөт, бирок ушул элге билим жеткирели деген эч ким жок. Билимге өздөрү муктаж эмес».

* * *
«Президент өзү эки-үч мектеп ачып койсо, анан ага таланттуу балдарды чогултуп, ага да сак болуш керек, таланттуу деп аким өзүнүн мөөрөп турган торпогун деле жиберип ийиши мүмкүн, же тирүү туруп жетим деп баласын өлүп калган инисине жаздыра коюп жиберип ийиши мүмкүн».

* * *
«…Кыргыз тили сабагынын саатын көбөйтүп коюптур, аны кыскартып эле турмушка жардам бере турган сабактарды көбөйтүш керек. ВУЗдарда 5-6 жыл окутуп эмне кылабыз, илгери мугалимдерди 2 жыл окутуп эле чыгарып ийчү, мисалы, айыл чарба институтунда 5 жыл эски китептерди сайрай берүүнүн кажети не? Же философияны окутпай койсо, өлөбү?».

* * *
«Дүйнөдө коомго түз эмес, кыйыр пайдасы бар билимдүү кишилер көп. Мисалы, жазуучулар рухий турмушубузду түзөт. Бирок кыргыздын Айтматовдой дүйнөнү дүңгүрөтүп турган 100 жазуучусу же мынабу Мурат Бегалиевдей 100 композитору болсо дагы экономиканы оңдоп жибербейт».

* * *
«Орусча окуп, кыргызча жакшы билбей калгандар 30-40 миңдин тегерегинде болушу мүмкүн деп ойлойм. Бирок алар кыргызча билет, сүйлөйт, түшүнөт, болгону кыргыз китебин окубайт, кыргыз маданиятынан алыс. Эми ушулар көп көрүнүп атпайбы. Туура айтасың, мен да байкап жүрөм, «кара орустар», «киргиздер» деп сөгөт гезиттерде, жыйындарда. Бакырчаак патриоттор аларды тим эле орустан да шүмшүк кылып салды».

* * *
«Колунан иш келбеген киши улутчул болот, колунан келбей калганын сөзсүз бирөөдөн көрөт, орустар менен нан талашып жегенге жарабагандардын баары эле улутчул».

* * *
«Мен ойлойм, өзүбүздүн тагдырыбызды, мамлекеттин тагдырын ошол орус тилдүү, ишкер кыргыздарга тапшырсак… Айылдан келип, бакыргандан башканы билбей, кыска мурдунун ары жагын көрбөй, элдин таламын талашам, элге күйөм деп бирдемелерди айтып алып, анысы кыргыз элине зыяндан башка эчтеме алып келбеген балдарга, интеллигенцияга караганда алар элдин түпкү мүдөөсүн жакшы айтат, жакшы ишке ашырат. Кыргыз тилин да бузуп аткан алар эмес, ошол эле кыргызча гезиттер, радио, телевидение…».

* * *
«Ушул шаарда туулуп-өскөн балдарды өгөйлөгөнгө, жек көргөнгө, тилдегенге эмне акыбыз бар? Мисалы, Россия, анак-мынак менен иш жүргүзүп жаткан ошолор. Бизнеске аралашып, кандайдыр бир ийгиликке жеткен да ошолор. Айылдын балдары бизнес деген ушул экен деп кечке көчөдөн, базардан бирдеме сатып, кечинде тапканын ичип, мас болуп, мушташып жүрбөйбү».

* * *
«Аскар Акаевди жактаган кишилер айтып жатышпайбы азыр “Баары бир тарых өз ордуна коет, буга жакшы эле баа берет” деп. Билбейм, Кеминден өзүнүн туугандарынан эле чыгып, тарых жазып калып жакшы дебесе».

* * *
«Элге эмне деп айтыш керек? Ой кыргыз эли, сен кичинекей элсиң, үч миллион элсиң. Европанын бир шаарында үч миллион эл бар. Экинчиден, артта калган, кедей элсиң. Өзүңдү өзүң багалбаган элсиң. Дүйнө багып атат бизди. Ушуну билиш керек. Бирок биздин деле башыбыз бар. Эки колубуз бар. Эки бутубуз бар. Өзүбүздү өзүбүз бакканга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок жалкоолугубуздан, билимибиздин жогунан, бейпарлыгыбыздан бүт кор болуп жашап атабыз. Жалкоо элдер, начар элдер, бош элдер кор болуп туруп, анан … ».

* * *
«…Менин бир артыкчылыгым ушул: ар дайым үчүнчү сунушту айтам, аным эч качан суу кечпейт. Сунушум өтпөй турганын билсем дагы кыргыздын бир уулу катары өз оюмду айтып коюшум керек…».

* * *
«Котормо жасап колго алгыс, кутурдуң го сен жалгыз. О, кудай урган бездарность! »
(Мактанчаак котормочунун китебине жазып берген кол тамгасы)

* * *
«Биздин өкмөт, интеллигенция жалгандын тилинен чындыктын тилине өтүп сүйлөмөйүнчө эчтеме болбойт».

* * *
«Юбилейлерде мактоолордон тажайсың. Мен өмүр бою эле макталып келатам. Мактоодон жутаган жерим жок. Экинчиден, эми юбилей өткөрүп бирдеме кылайын десем элдин баарын убара кыласың да. Биздин ата-бабаларыбыз сексен-токсонго унчукпай эле чыга берген. Жолдоштор бар 60ка чыктык, жазып бересиңби деп калышат. Убара болуп, сөгүнүп атып жазып берем кээде. Өзүм той-топурга, шаан-шөкөткө каршымын түбүнөн эле».

* * *
«Мен гезиттерди окубай койдум. Анткени мен алардан акылдуу экениме көзүм жетет».

* * *
«… Азыр тоталитардык режим деп көрүнгөн сөгүп жатпайбы, бул кыргыз үчүн жакшы эле болду. Себеби, коркуп, жазганып, башка элдер менен жакшы болуп жүрүп, социализмдин тушунда элдин саны 5 эсеге өстү. Азыр болсо эч нерседен коркпойт. Коркпогон кыргыз өзү коркунучка айланды. Жанагы балдарыбыз хулиган болуп, аракка тойгондо кайра өзүбүздү сабап, тоноп жатышы ошондон да…»

* * *
«…Кыргыздын туулмагы да азап, катын алмагы да азап, өлмөгү да азап ».

* * *
«Мен өзүмө-өзүм академик, өзүмө өзүм мүчө – корреспондентмин».

* * *
«Кыргызчылык, той –аштарга барбаганымда дагы көп эмгек жасамак экем… ».

«Кыргызстан маданияты» («Кыргыз гезиттер айылы»), 17.03.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.