Акын Кыялбек УРМАНБЕТОВ: “Ырларыңдан “ата” деген үн чыкпайт да…”

Кыялбек мырза, акын болгонуңузга өкүнбөйсүзбү?
Эгер өзүмчүлдүгүмө салсам, өкүнбөйм. Себеби, аты-жытым бар. Артымда жамандыр-жакшыдыр бул дүйнөдө жашап кеткенимди тастыктай турган ырларым калат. А балдарымды ойлосом, кандайдыр бир өкүнүч пайда болуп кеткенсийт. Себеби акындар эзелтен эле өзүнүн чыгармачылыгын керек болсо үй-бүлөсүнөн да өйдө коюп ийет эмеспи. Кээде жеке бала-чаканы ойлобой ырларым да менин балдарым деп кетебиз да. Мисалы, балдарың кандай чыгат ким билет, ал эми ырларың өзүң кандай жаратсаң ошол боюнча калат. Ушул жагынан алып караганда, жакшы ыр жаратам деген максат менен жүрүп балдарыңа тиешелүү көңүл бөлө албай, кемтигин толтура албай калат окшобойбузбу.

Албетте, жеке турмушум башкалардыкынан кем болгон жок дечи. Бирок, мисалы мен балдарымды акчалуулардай чет өлкөдөн окута албадым. Ушуларды эстегенде акын болбой эле койсом болмок экен, керек болсо акын бул дүйнөдөн так өтүш керекпи деп да ойлоп ийесиң. Бирок адам болгондон кийин артыңда “ата” деп ыйлай турган адам да керек. Ырларыңды эл окуганы менен, алардан “ата” деген үн чыкпайт да.

Элүү жылдык маарекеңиз эмне болду?
Менин элүү жылдыгым 2009-жылы эле өтмөк. Китебим чыкса өткөрөм дедим эле… Чыгарууга аракеттендим. Эң биринчи нотасы менен обондуу ырларымды чыгарам деп ойлогом. Бирок, тилекке каршы, менин сөзүмө обон чыгарган ырчылардын көпчүлүгү өздөрүнүн ырларын нотага түшүрүүнү билбейт экен. Андыктан обондуу ырларымды нотасы менен чогултам деп жүрүп биртоп убакыт кармалып, өткөн жылы китебим чыкпай ал быйыл гана жарык көрдү. Өзү 90-жылдан бери китебим чыкпай келет. Жыйырма жылдан бери чыккан бир да китебимди көрсөтө албай туруп элүү жашка чыкканымды белгилеш уят го. Ошол үчүн китебим чыккандан кийин гана өткөрөм, болбосо жарым кылымдын арысы кайсы, бериси кайсы, элүү жашка кимдер гана чыкпаган деп бул маарекени кийинкиге калтырып койгом. Ар бир адам, айрыкча чыгармачыл инсан элүү жашка жөн эле чыгып албай, өзүнүн жүзүн көрсөтүп туруп анан чыгыш керек да. Быйыл китебимдин биринчи бөлүгүн, ноталуу ыр жыйнагымды чыгарып, эми элүү жылдыгымды өткөрөм го деп турсам, кырсыкты кайдан деп болобу, жакында Индияда иштеп жүргөн карындашым каза болуп калды. Эми анын ашы, суусу бар дегендей… Кыскасы быйыл да элүү жылдыгым өтпөйт. Буюрса, эми бул датаны кийинки жылы белгилейбиз го. Ошондо эки жылга жашара түшөт экем. Акындар дайым жаш да, андыктан бул көрүнүш эч кимге деле өөн учурабайт болуш керек.

50 жылдык маарекеңизде атаңыз Советбек Урмамбетовдун 75 жылдыгын да кошо белгилеп, ата-бала акындын китебин чыгаруу боюнча планыңыз бар экенин айткандай болдуңуз эле…
Атамдын маарекеси да мага байланыштуу кармалып калды. Мен атамдыкын башка, өзүмдүкүн башка өткөрө албайм да. Атам өзү 1934-жылы, мен 1959-жылы төрөлгөнбүз. Былтыр атамдын 75, менин 50 жылдык маарекем бир жылга туш келип, кереметтүү учур болду эле. Атам экөөбүздүн ырларыбызды бир китептин ичине жайгаштырып, бир жагынан ачып жарымына чейин келсең Советбек Урманбетовдун китеби болуп, бир жагынан ачып жарымына келсең Кыялбек Урманбетовдун китеби болуп кала турган жаңы формадагы оргинал поэтикалык жыйнак чыгарам деген кыялым бар эле. Бирок ал дале ойдо турат, чыгат ал китеп. Бул максат деле эмки жылы ишке ашат деп ойлойм.

Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?
Келинчегимдин аты жөнү – Бурулкан Мамбеталиева. Ал экөөбүз бир класста окуганбыз. Бул боюнча айрым жоро-жолдоштор таңгалып жүрбөйбү. Мен өзү кеч, 90-жылы 31 жашымда үйлөндүм да. Ошол учурда атамдын көзү тирүү эле. Ал менин жоро-жолдошторума “ой, тиги досуңарга айтпайсыңарбы, мени качан небере жыттатат” деп айтып калчу экен. Баса, бир кызык окуяны эскере кетейин 1988-жылы “Көл эне” деген китебим чыкканда атама “ой, неберелүү болушуңуз менен” деп сүйүнчүлөп баргандар болуптур. Ыраматылык атам “ай, кайсы небере” деп чочуп, китептин жөнүн укканда же күлөрүн, же ыйларын билбей, анан өзүнө келип тигилерге ыракматын айткан тура, кайран атам… Бирок, тилекке каршы, атам өзү күткөн небересин 1990-жылы төрөлгөнүн угуп, бирок көргөнгө, жыттаганга жетишпей Көлдүн жээгинде бул дүйнө менен кош айтышты… И-ии, сөзүмдүн башында жубайым классташым дебедимби, жоро-жолдошторум “биз сени 31 жашка чейин үйлөнбөй жүрсөң жер бетинде жок Үр кызын издеп жүрөт го, анысы мектепти бүтпөй жатса керек, кандай сулууга үйлөнөт болду экен деп жүрсөк, өзүңдүн классташыңа үйлөнүп алып баарыбызды ит кылбадыңбы” деп тамашалап калышат. Чындап эле ушундай болду. Негизи бул турмушта өзүң ишенген, сени түшүнө билген адамды табыш да кыйын экен. Анүстүнө акындардын кыял-жоругу оош-кыйыш болот эмеспи. Аны көтөрө билген аял чанда. А мен өзүмдүн азап-тозогума чыдай билген адамды таптым. Сүйгөн жарым Бурулкан мени балдарымдын атасы катары да, эр катары да сыйлайт. Ырларым ырдалганда ал деле өзүнчө сыймыктанып калат. Кыскасы, үйдө эки тарабынан тең кадырым бар.

Балдарыңыз тууралуу айта кетсеңиз. Алардын арасында акын Урманбетовдордун учун улачулар барбы?
Бир кызым, бир уулум бар. Кызымдын атын айылда мени тарбиялап өстүргөн чоң апамдын атынан Күмүшай деп койгом. Чоң апам сөөк-саактуу, бою узун киши эле. Кызым да бой-турпат жагынан чоң апабызды тартты. Азыр ал окуйм деп эле аракеттенип жатат. Ылайым тилегиңди берсин, окуганга жараша мени уят кылбай мыкты оку деп баарына түтүүгө аракеттенип жүрөм. Ал эми уулум азыр сегизинчи класста. Негизи эркек уул атасына окшогусу келет экен да. Достору мактап-сактап шердентип койгонбу, айтор, ал өзү кара сөздөн баштап, бир-эки сап уйкаштырып бир нерселерди жазып жүргөндөй болгон. Чындыгында мен “уулум, чоң атаң акын болуп жыргаган жок, атаң да акын болуп жүрөт, эми колдон келсе сен чыгармачылыкка аралашпай эле койчу, мен сенин жакшы турмушта жашаганыңды көргүм келет” деп чорт кесе эле айтып салгам. Ошондон кийин балам жазмакерликке кызыкпай калды окшойт. Балким туура эмес кылдым…

Ушул куракта сүйүүгө кандай деп аныктама берет элеңиз?
Биздин учурда сүйүүнүн үч түрү бар болчу. Биринчиси, жан дил менен сүйүү – муну чыныгы сүйүү деп коелучу. Экинчиси, материалдык сүйүү – ал кыздын же баланын ата-энесинин байлыгына көз каранды. Үчүнчүсү, аргасыз сүйүү – мында кыз-жигит жаштык-мастык кылып бири-бири менен жөн эле ойноп-күлүп жүрүп, шайтан азгырып кыздын боюна бүтүп калып, анан ага бала аргасыз үйлөнүп калчу. Ал убакта жоопкерчилик бар эле да. Учурда бул аргасыз сүйүүнүн бойго бүтсө сөзсүз үйлөнүш керек деген ички мыйзамы алынып ташталды окшойт. Биздин күндөрдө чыныгы сүйүү басымдуу эле. Бүгүнкү заманда материалдык сүйүү биринчи орунга чыкты. Бирок кантсе деле сейрек нерселер барктуу болот эмеспи. Ошондуктан мага азыр сүйүүнүн биринчи түрү – жан дилден чыккан сезим кол жетпеген асылдык болуп туюлат. Бир келген бир өмүрдү кор кылып атасынын байлыгына, акчасына карап үйлөнгөн жаштарга боорум ооруйт.

Бактылуулук деген эмне?
Адамдын бактылуу болушу үчүн көп нерсенин деле кереги жок. Бирок бүгүнкү заманда көптөр байлыкты бакыт деп эсептешет. Чындыгында байлар деле ыйлашарын, ыйлаганда да буркурап-боздоп, мөгдөп каларын көрүп эле жүрбөйбүзбү. Көрсө, байлыктын да өз көйгөйү болот турбайбы. Менимче, бакыт деген – өзүңө өзүң каниет кылуу. Жер бетинде алты саның аман, ден соолугуң чың болуп басып жүргөнүңдөн өткөн бакыт жок.

Акын саясатчы боло алабы?
Саясатка аралашкан акындын андан аркы ыры бүтөт. Себеби акын деген эркин куш болуш керек да. Керек болсо жакшы ыр жазуунун өзү чоң саясат. Дүйнөдө мындан өткөн саясат жок. Анүстүнө саясат дегениң өзгөрүлмө. Кезегинде мен деген саясатчыңдын да аты бир мезгилде унутулат. Ал эми жакшы чыгарма эч качан эскирбейт. Мисалы, азыр Омар Хаем, Рудакилердин тушундагы кайсы саясатчыны билесиң? Бул жагынан алып караганда өнөр деген туруктуу, ал эми саясат деген бүгүн бар, эртең жок нерсе.

Анда сиз эмне үчүн көп жылдан бери “Ата мекен” партиясына мүчөсүз?
Эми акын деле атуул катары өзүнүн мекени үчүн күйөт да. Мен партияга саясатчы болоюн деп мүчө болгон эмесмин. Аталган партияга Болот Шердин бир кезде “мен керек болсо акыры Каркыраны кайтарып келем, ал Манастын жери” деп күйүп-жанганына таасирленип, ага ишенип мүчө болгом. Чындыгында менин кайсы бир партияга мүчө болоюн деген ниетим деле жок болчу.

“Ата мекен” саясый партиясынын жакында өткөн курултайында пайдаланылган айрым тексттерди сиз жазып берипсиз, акыңызды алдыңызбы? Эгер аталган партия бийликке келсе кайсы кызматты сурайт элеңиз ?
– Баасыз эмгек болбойт. Албетте, Ата мекенге байланышкан ырларды жазып бердим. Канча тыйын төлөп беришкени элге керек деле эмес чыгар. Экинчи сурооң боюнча айтарым мындай, мага эч кандай кызматтын кереги жок. Болгону чыгармачылыгыма бир аз болсо да шарт түзүлсө болду. Баса, айта кетүүчү нерсе, учурда көпчүлүк партиялар өздөрүн айрыкча акындардын жүрөгүнө тийе турган сөздөр менен атап алышкан. Мисалы “Ата мекен”, “Ар намыс”, “Ата Журт”, “Республика” деп. Анан алар биздин ушул темадагы ырларыбызды пайдаланышат. Эми кимдир бирөө бизди жогорудагы партияларга мүчө деп ойлоп калышпасын же реклама кылып жаткандай болбойлу деп ырларыбыздан жогорудагы сөздөрдү алып ташташ керекпи?

Сиз эстрада ырчылары менен жемиштүү иштешкен акынсыз. Бир ырды канча сомго жазасыз?
– Заказ менен жазылган бир ырдын баасы 100 доллар. Мага кээде айына беш-алты заказ болсо, кээде карыздап жашап калам. Ошол ырларым радиодон, теледен ырдалып жатса, айрыкча айылдаштарым бул аябай бай го деп ойлошот экен. Чындыгында андай эмес. Өзү негизи өнөр адамдары жарды келерин билесиңер да. Айрыкча акындар аты улук супурасы курук болот эмеспи. Бирок айылдын эли жогорудагыдай ойлогонуна бир чети кубанып каласың. Негизи чындап эле өнөр адамы өнөрдү сыйлаган элдин ичинде бай туруш керек. Башка өлкөлөрдө эки-үч ырың хит болуп ырдалса эле өзүң кит болуп жатпайсыңбы. Тилекке каршы, бизде өнөр адамдары байлардын катарына кошулбайт. Себеби бул нерсени өзүбүздүн жашоо деңгээлибизге салыштырып караш керек. Анүстүнө бизде аудитория тар эмеспи.

Заказ менен текст жазууну кандай түшүндүрө аласыз? Негизи акындарды илхам келмейинче ыр жазбайт дешет го.
Такшалган акын илхамды келет деп эле күтүп отура бербей, аны чакырганды үйрөнүш керек. Эгер илхам келбей койсо анда эмне таптакыр ыр жазбай коюш керекпи? Менимче, кыргыз акындарынын жандүйнөсү комуз сыңары. Аны күүгө салуу өзүңдөн. Сага берилген темага байланыштуу окуя кайсы бир учурда сенин башыңдан деле өткөн. Негизи эле адабиятта чектелүү гана сюжеттер бар. Сен деле сүйөсүң, күтөсүң, айрыласың, коштошосуң дегендей. Анан ошол учуруңду эстеп жандүйнөңдү күүгө салсаң, мыкты ыр чыгат.

Өзүңүздү сырттан караганда сиз үчүн Кыялбек Урманбетов деген ким?
Ар бир адам эч кимге окшобогон, кайталангыс өзүнчө дүйнө. Ал эми чыгармачыл киши ошол дүйнө боюнча эле өтүп кетпей ааламга айланууга аракет кылат экен да. Ал эми ааламга айланыш – бул азап, машакат. Коркконуң эле ошо дүйнө бойдон өтүп кетүү. Бирок бир чети дүйнө бойдон өтүп кетсең да жакшы. Көптөр көр дүйнө бойдон өтүп кетип жатышпайбы. Эң башкысы, мен көр дүйнөнүн кулу эмесмин. Алтын, күмүш, байлык дегенге умтулган жокмун. Умтулгум да келбейт. Ааламга деле айлана албай калдым го деп ойлойм… Себеби ал үчүн көп нерсе талап кылынат экен. Ааламга айланыш үчүн эркин болуп, чабытты кенен алыш керек тура. Бул жагынан алып караганда, Кыялбек Урманбетов ааламга айлана албаса да өнөр дүйнөсүндөгү өсүп турган назик гүл боюнча калат го…

Зайырбек АЖЫМАТОВ, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 13.08.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.