Ак калпак күнүн белгилөө демилгеси көтөрүлдү
Кыргызстанда 5-мартты Ак калпак күнү деп белгилөө демилгеси көтөрүлдү. Саамалыкты баштагандар ушул күнү кыргыздар жабыла ак калпак кийип чыкса деген сунушун айтышты.
Ушул аркылуу улуттук сыймыкты, мекенчил сезимди өрчүтөбүз деген тилегин билдиришти. Ал ортодо кыргыз калпагынын сапаты төмөндөп кетти деген дооматтар да айтылууда.
Ак калпак күнүн белгилөө эч кандай саясий максатты көздөбөйт. “Бул күнү көп улуттуу өлкө атуулдарына кыргыздын калпагын кийип жүрүү таңууланбайт” деп билдирди Ак калпак күнүн белгилөө демилгесин көтөрүп чыккандардын бири Ырысбек Жабиров:
– Бул жерде эч кандай саясат жок. Кыргызстанда Геологдор күнү, Балчелекчилер күнү, Сүйүү күнү дегендей майрамдар көп. Ошолордон Ак калпак күнү улуу болсо керек. Ошондуктан 5-март жаз айынын башталышы деп, жазында жан дүйнөнүн тазарышы, жаратылыштын жаңыланышы катары карап, ушул күнү байчечекей гүл ачкан мезгилге туш келтирип, бир күн өлкө атуулдары интеллигент болобу, карапайым жумушчу же ишкер болобу, студент же окуучу болобу бардыгы кыргыздын ак калпагын кийип чыгышса. Албетте биз милдеттүү түрдө кийип чыккыла деп таңуулабайбыз. Кыргызстан көп улуттуу мамлекет, бардык улуттун өкүлдөрү кийип чыккыла деп да таңуулабайбыз. Ар ким өз каалоосу, өз эрки менен калпакты кийип чыгышса деген тилек.
Жабировдун айтымында, бул иш-чара кыргыз калпагын аздектеп, ыйык буюм катары кароого, урматтоого жаштарды тарбиялоо болуп саналат.
Ырысбек Жабиров ошондой эле улуттук баш кийимге башка улуттун өкүлдөрү түгүл, айрым кыргыз жарандары “маңкурттук” мамиле кылып, мончого кийип барып, баш кийимин сыйлабай калышканын белгилеп, чет элдиктерге белек кылып бергенде да жөн эле таңуулай бербей, ак калпакты аздектеп, ыйык буюм катары аяр мамиле кылуу зарылдыгын кошумчалады.
Журналист Жаныбек Жанызак демилге көтөргөндөр кыргыздын ак калпагын даңазалоо менен мамлекеттен акча каражатын бөлдүрүп алуу же пайда көрүү максатын көздөбөй, бул иш-чараны коомчулукка эл-жерине күйгөн атуул катары өздөрүнүн күчү менен өткөрүү керек деген ойдо.
– Эгер өз алдынча кыргызды даңазалап Ак калпак күнү дейби, Чепкен күнү деп белгилейби, белгилей берсин. Аларды тим коюш керек. Бирок эгерде ушул иш-чарага мамлекеттен акча бөлүш керек дей турган болсо, буларды ошол жерден “жыга чабыш” керек.
Унутта калган философия
Ак калпак күнүн өткөрүү демилгечилеринин бири, куудул Борончу Кудайбергенов кыргыздар ак калпакты улуттук баш кийим катары баалашканы менен көпчүлүгү анын философиясын биле беришпегенин, баш кийимдин ыйыктыгына көп маани берилбей баратканын айтты.
– Биз маданиятыбызды сактап калалы, жоготпойлу. Өзүбүздүн каада-салтыбыз, үрп-адаттарыбыз бар, ошону уланталы деген эле максат. Калпак кийгенден кийин өзүбүздүн кыргыз экендигибизди көрсөтүп, патриоттуулук сезимибизди ойготконго эң бир чоң түрткү болот. Сыймыктана турган күн болуп калат.
Борончу Кудайбергенов кыргыз калпагынын коомчулукка белгисиз сырларын ачып берүү үчүн чебер уздар менен жолугушууларды, семинар-конференцияларды, көргөзмөлөрдү өткөрүү зарылдыгын да кошумчалады.
Кол өнөрчү, чебер уз Касиет Жапаркулова улутту улут катары таанытып, Ала-Тоодой көрк берип, аяздуу кышта сууктан, жайкы аптапта ысыктан сактаган ак калпак эркектердин жаш өзгөчөлүгүнө карата көп түргө бөлүнөрүн, илгертен аздектелип келген калпактын сапаты учурда өтө төмөндөп кеткенин белгиледи.
– Кытайдан атайын синтетика аралашкан кийиздер келип жатат. Калпакты жасайт экен деп эле кээ бирлер накта кийизден жасабай, Кытайдын кийизинен жасап, эптеп пайда көрүү максатын көздөп, калпактын сапатын өтө төмөндөтүп жиберишти.
Касиет Жапаркулова кыргыз калпагы койдун жүнүнөн ийленип, бышырылган накта кийизден жасалып, оймо-чиймелер менен кооздолуп, балдарга көз тийбесин деп аларга тигилген калпактын маңдайы эки ача болуп тилинерин, уландарга, мырза жигиттерге ак түстөн өзүнчө, үй-бүлө кургандар айырмаланып турсун деп алардын калпагы өзгөчөлөнүп турарын билдирди.
Жапаркулованын айтымында, аксакалдарга негизинен кара түстө жээги кесилбеген же төбөсү бийик бакай калпак ылайыктуу. Ал эми аза күткөн эркек болсо оймо-чиймеси кооздолбогон кара түстөгү калпак кийишкен.
Аманбек Жапаров, “Азаттык”, 09.02.2011-ж.