Жазды сезген Рамис Рыскулов
Кыргыз Эл акыны Рамис Рыскулов быйыл 77 жашка келди. “Ал көп жылдан бери үй камагында” дешет коңшулары. Бирок акын муну менен макул эмес. Ал дале эркин, кааласа шахмат ойнойт, кааласа паркты аралап ырдайт. Кезек-кезеги менен сүрөт сатып, досторунан “жүз граммга” тыйын өндүрөт. Бул анын болгон-толгон жашоосу.
“Азаттык”: Ден соолугуңуз кандай? Көздөрүңүз шишип калыптыр го?
Рамис Рыскулов: Бул менин карыгандагы эле абалым. Көздөрүм шишип турганым менен ооруган жокмун. Карылык жакшы да, жаман да. Болгону карылыкка баш ийдим го дейм. Көзүмдү дарылаттым, бирок үч айдан бери кулагым жакшы укпай калды.
Жайчылык
Жашасын ушул жайчылык,
Акырын келет ай чыгып.
Дарак, бак турат жайыгып,
Жамырайт койлор жайылып.
Магдырайт бүтүн айлана,
Көшүйбүз көңүл жайлана.
Эсенгиреп узакка,
Элеске турдум байлана.
Узакка карап турдум мен,
Чамынып аккан дайрага.
Ушундай чиркин дуйнөгө,
Жаралып келсек кайрада.
Шаң урат минип жаңырык,
Көп элес окшойт саймага.
Алкынат далай жүрөктөр,
Алыска не бир шайлана.
Ырларым кетти бакылдап,
Жүрөгүм согот лакылдап.
Эмне болсо, ошол бол,
Деп ой чиркейм такылдап.
“Азаттык”: Сизди “үй камагында” дешет?
Рыскулов: Акын негизи өзүмчүл болуш керек экен. Бекинип отуруп алып эле ыр жаза берсең. Бирок мен конокторго барып атам. Кээде генийлерге барбай коюп атам. Шайлообек Дүйшеев кечесин өткөрдү. Барганым жок, барбаганым жакшы болуптур, сонун ыр жазып алдым. Мына жаз келатат, көчө сонун. Чыгармачылык күчөйт. Мен эми сыртка чыкпай ыр жазам. Алыкулду, “Манасты” орусчага которуп атам. Эки том даяр болуп калды. Байбичем Сайранын демилгеси менен кыргыз-түрк “Манас” университетинде кечем өттү. БГУда алты жүз студент менен жолуктум. Котормолорду биринин артынан бирин суранып атып окутушту. Фуршетине катыштым. Анан арактан шимирип ичип, кетип калдым.
“Азаттык”: Кээде арак ичип койосузбу?
Рыскулов: Кемпирим бир бөтөлкө алып койот, үч күнгө жетет. Арак дем берип атат. Азыркы арак эликсир да. Арак, коньяк ичкен Турдакун Усубалиев, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев деле жакшы жашап атпайбы.
“Азаттык”: Соңку ырларыңыз туурасында айтсаңыз?
Рыскулов: Мурунку ырларымды оңдоп кайра жазып атам. Бышпагандары толтура. Кээсине обон чыгарылат. Президентке арнап ыр жаздым. Аны “Эркин Тоо” гезити басып чыгарды. Бир жолу кемпирим экөөбүз келатсак Роза Отунбаева жолугуп, машинасына салды да чоңдор отурган тойго алып барды. Бата бердим. Менден бата алып өркүндөп өсүп атат. Мен эми өзүмчө пайгамбармын да.
Розага
Ажо ушундай көп түйүндү кармайт,
Көп ишине өзүн арнайт.
Гүл эгилсин изиңе,
Чагылган тоо туш болгон.
Хан, король, ажо, инсандар,
Ага көп дечи мисалдар.
Төөнүн жүгүн арткандай,
Ажо жооп берет, ал- ахывалга ар кандай.
Кыйын кызмат ажолук,
Чиркешет не бир чиркиндер.
Нөөкөрлөрүң мыкты болсо,
Көп иштериң алга озот.
Далай охи, бахини тыңшап,
Шаңшыйсың не бир байкушка
Бак консо,
Так ошондо тынчыйсың.
Кыргыз эл болду, кыргыз эл
Кыйкырып жашап жатышат.
Ала-Тоонун фонунда,
Көз канат далай сонунга.
Жашоонун жашыл тоюнда,
Жака, башты кымтылап,
Эл журтта болсун ынтымак. (кыскартылды)
“Азаттык”: Сиздердин көч артында кандай муун келе жатат?
Рыскулов: Жаш акындардын баарын чачынан тартып мен өстүрүп атпаймынбы, Алик Акималиевди баш кылып. Көрсө гений элдин баарын гений деп ойлойт экен. Мен жаш акындын ырын окуп атсам да бир нерсе таап, бир ыр жазам.
“Азаттык”: Эл тааныш эмес чындыгыңыздан бөлүшсөңүз?
Рыскулов: “Дүйнөдө эң жаман – көп ургаачы менен жүргөндөр” деген макал мага тиешелүү. Мен негизи Венера кудайын сүйөм. Башта Херсондо төрөлгөн байдын кызы Сакенге үйлөндүм. Анда мен он сегизде, ал он алтыда эле. Тогуз ай жашап Москвага окууга кетсем каза болуп калды.
Кийинки аялымдан болсо Нурлан деген балам бар, ал ишкер, Волга боюнда турат деп угам. Үчүнчү аялым уйгур кызы болгон, андан Алмаз деген балам бар. Андан кийин көп кыздар менен кездештим. Алар да менден балалуу болгон дешет. Бирок көбү айтпай койду. Себеби мен көп жыл жинди болуп жүрбөдүмбү.
“Азаттык”: Балдарыңыз менен байланышып турасызбы?
Рыскулов: Кайдан, балдарыңа жолукпайсың да. Алардын өзүнчө тагдыры бар. Балдар энесине эле жакын болбосо, атасы алар менен деле иши жок да.
“Азаттык”: Азыркы байбичеңиз жөнүндө айтсаңыз?
Рыскулов: Сайра менден он жети жаш кичүү. Мен пайгамбар болсом, бул – машаяк. Ары бери барып, кечемди өткөрүп үйүмдү алып берген да ушу. Мен эч бир чоңго жардам сурап барбайм, өздөрү бербесе. Ал эми арак, шахмат досторумдан өөнөп-төөнөп акча алам. Сүрөттөрүмдү сатам.
Кыргыз эл акыны Рамис Рыскуловдун үйү отуз жылдан бери оңдоло элек болчу. Учурда акындын байбичеси “Хабитат-Кыргызстан” фондуна долбоор жазып, утуп алган 42 миң сомуна үйүн оңдотуп жатат. Күз алды акын акиташ, сыр жыттанган жакшы бөлмөдө чыгармачылыгын улантат көрүнөт.
Жазгүл Жамангулова, «Азаттык», 13.03.2011-ж.