“ТОГУЗ КАЙРЫК-2011” Республикалык телесынак фестивалынын ЖОБОСУ
Биз Сизди Боогачынын 145 жылдыгына жана Ниязаалы Борошевдин 155 жылдыгына карата кыргыз элин дүйнөгөтааныткан өнөрпоздордун “Тогуз кайрык” телефестивалына жогорку деңгээлде өткөрүүгөколдоо көрсөтөт деп ишенебиз.
Төгүлүп чайпалса да бир ууч кыргыз теңдеши жок “Манасын” сактай алган миллион сап ырды жатка айткан Сагымбай, Саякбайдай залкарларды, “Аккан сууну” жумалап ырдаган Жеңижок, Барпыдай төкмөлөрдү, 500 күү симфонияны нотасыз ойногон Токтогул, Муратаалы, Карамолдодой комузчуларды, аалам жүрөгүнөсезим дүрбөткөн кайталангыз Чынгыздай калемгерди, Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаевдей таланттарды төрөгөн элдин, кудай насиптеген ыйык Манасын, комузун, тартма кыяк (аккордеон) өнөрүн даңазалоо максатында өнөрпоздордун жамааттык район, шаар, облустар аралык өткөрүлүүчү өнөрпоздордун “Тогуз кайрык” теле сынагын уюштурууга мезгил келип жетти.
Төмөндөаталган телесынактын шарттарын жарыяладык, каалоочуларга эшик ачык!
Облустук администрациялардын милдеттери
Ар бир облус губернаторлору телефестивалга катыша турган жеңүүчүлөрүн Ысык-Көлдөөтөтурган финалга барып келиш жол киресин, үч маал тамак ашын, жатаканасын чечип берип жана жоопкерчиликтүү адистин жетекчилиги алдында фестивалдын жыйынтыгына катышуу зарыл, ар бир облус жетекчилиги Бишкектен барган фестивалды уюуштуруучу чыгармачылык тобуна жатакана, тамак-аш жана ишине шарт түзүп берүү жагына көмөк көрсөтөт.
Телесынактын жалпы максаты
1. Эл-жерибизди, мекенибизди сүйүүгө, рух дөөлөттөрүбүздү сыйлоого, жаштарды атуулдук рухта тарбиялоого чыгармачылык гүлазык болуп берген элдик таланттарды тарбиялоо менен алардын талантын радио, телевидение, басма-сөз аркылуу кеңири элге жайылтуу.
2. Республикадагы жалпы маданий – массалык иш-чараларды жандандыруу жана элдин маданияттуу эс алуусун уюштуруу.
3. Жаратуучулук өнөрдү өркүндөтүү, аткаруучулук өнөрдү адистик деңгээлге көтөрүү, көркөмдүк деңгээлин жогорулатуу максатында авторлорго колдоо көрсөтүү.
4. Жеңил-желпи шоу-музыканы ооздуктоо менен, жаштардын табитин чыныгы музыкага, нукура элдик салт нугунда тарбиялоо.
5. Байыртадан келаткан улуттук аспаптарыбыздын заман талабына жараша өркүндөп жатканын баса айгинелөө.
Телесынактын сынамдары:
1. Чыгарманын мазмуну, тарыхы.
2. Аткаруучулук чеберчилиги, тактыгы.
3. Чыгарманын аткарылышынын тактыгы, уккулуктуулугу.
4. Сахна маданияты, кийимдердин салттуулугу жана саркечтүүлүгү.
5. Кыймыл аракеттин ийкемдүүлүгү.
6. Жогорку техникалык табылгалар (жаңы боек, жаңы түр).
Телесынактын 1-2-3-турларынын тапшырмасы:
(Аккордеон боюнча, 2-4 мүнөт убакытта)
1. Патриоттук темадагы бир ыр.
2. Лирикалык темадагы бир ыр.
3. Пародиялык темадагы бир ыр.
4. Жаңы ырдын бет ачаары.
(Бул тапшырма мүмкүнчүлүктөрүнөжараша аткарылат).
Телесынактын 1-2-3-турларынын тапшырмасы:
(Комузчулар боюнча убактысы үчтөн беш мүнөткөчейин)
1. Айдама күү.
Айдама күү – айтыла турган ой, чертүү ыкмасында кооздолуп, көркөмдөлүп, шаң салтанатты билдирип турган күүлөр. М: “Маш ботой”, “Кара өзгөй”, “Кер толгоо”, “Таң булбулу”, “Паровоз” ж.б.
2. Айтым күү.
Айтым күү – айтыла турган ой салт кайрык менен берилип, ыр менен баяндалып, күү менен коштолгон чыгармалар. М: “Чоң кербез”, “Чайкама”, “Тогуз кайрык”, “Ак бакай”, “Ак тамак, көк тамак”, “Сарынжы бөкөй” ж.б.
3. Кара күү
Кара күү ойду салттуу мукам кайрыктар менен туйдуруп, ой терметкен окуялуу күү баянын кара күү дейбиз.
М: “Сынган бугу” ж.б.
Кара күү экиге бөлүнөт:
1. Салт күү М: “Насыйкат” ж.б.
2. Арман күү М: “Таш жалак” ж.б.
4. Ырчы күү
Ырчы күү- айтыла турган ой ыр түрүндөбаяндалып, комуз күүсү менен коштолуп аткарылса ырчы күү дейбиз. М: “Кулмырза менен Аксаткын”
Ырчы күү үчкөбөлүнөт:
1. Айтыш күү (төкмөчүлүк)
2. Дастан күү
3. Сармерден күү (күйгөн секетбай)
4. Күү чертишүү. (жеке же ансамблдин аткаруусунда аткарат. Эгер ансамбль аткарса жекеге караганда артыгыраак болот) (убактысы үчтөн беш мүнөткөчейин)
5. Жаңы күүнүн бет ачаары
ЭСКЕРТҮҮ: 1-турда чертилген күүлөр кийинки турларда кайталанылбайт.
Телесынактын шарты
Сынак үч турда өтөт.
1-тур. Райондор аралык. Ар бир район өз облустарында 1-тандоо турун өткөрөт. Манасчылар боюнча бештен ашпаган 1-тур тандоо турунда жеңген жеңүүчү талапкерлерин, комузчулар боюнча бештен ашпаган 1-тур тандоо турунда жеңген жеңүүчү талапкерлерин, аккордеон боюнча бештен ашпаган 1-тур тандоо турунда жеңген жеңүүчү талапкерлерин, ар бир облустун жетекчиси 2-турга жөнөтөт.
2-тур. Облустар аралык. (Ысык-Көлдө Ч.Айтматов атындагы “Рух-Ордо” маданий комплексинде.)
3-тур. Республикалык финал. (Ысык-Көлдө Ч.Айтматов атындагы “Рух-Ордо” маданий комплексинде.)
1. Талапкерлердин жашы боюнча өзгөчөлүктөрүнөчек коюлбайт.
2. Улутуна чек коюлбайт.
3. Облус, райондор жетекчилиги өз талапкерлерине демөөрчү боло алышат.
Телесынактын жүрүү тартиби.
Тандоо туру ар бир облустардын өзүндөөткөрүлөт. Ага чейин райондук өнөрпоздор облуска тандалып келинет. Ар бир облуста 1-тур тандоо туру төмөндөгү тартипте өткөрүлөт:
1-турду өткөрүү күн тартиби.
20-21-июлда Баткен облусунда.
23-24-июлда Ош облусунда.
26-27-июлда Жалал-Абад облусунда.
29-30-июлда Талас облусунда.
1-2-августта Чүй облусунда.
4-5-августта Нарын облусунда.
8-9- августта Ыссык-Көл облусунда.
11-12- августта Бишкек шаарында.
2-3-турларды өткөрүү күн тартиби.
“Комуз” боюнча өтөт:
22-август 2-тур.
22-август 3-тур.
Ысык-КөлдөЧ.Айтматов атындагы “Рух-Ордо” маданий комплексинде. Финал. Жеңүүчүлөргө“Баш байге” тапшыруу аземи.
“Кыяк (Аккордеон)” боюнча өтөт.
23-август 2-тур.
23-август 3-тур.
Ысык-Көлдө Ч.Айтматов атындагы “Рух-Ордо маданий комплексинде Финал. Жеңүүчүлөргө “Баш байге” тапшыруу аземи.
22-23-август айында Кыргыз уздарынын улуттук кийимдер көргөзмөсү көрсөтүлүп, жыйынтыгы калыстар тобу тарабынан аныкталат.
24-августта жеңүүчүлөрдүн чоң программадагы фольклордук Гала концерти өтөт. Концертке белгилүү манасчылар, комузчулар, ырчылар катышат.
Улуттук кийимдердин көргөзмөсү коштойт.
Республикалык “Тогуз Кайрык” долбоорунун автору, жетекчиси Айзада Ыбыраимова
Тел: 0771 38-84-61
Дареги: Бишкек шаары,
Жаш Гвардия бульвары 59, “Тогуз Кайрык” теле долбоору.
“Кыргыз Туусу”, 21.06.2011-ж.