Сулайман-Тоодогу петроглифтер бузулуп, бурмаланууда
Түштүк борборунун чок ортосунда жайгашкан Сулайман-Тоо дүйнөлүк мурастар тизмесине алынганы менен, андагы тарыхый баалуулуктар жыл санап байыркылыгын жоготууда. Биздин заманга чейинки таш, коло доорунда таш бетине чегилген сүрөт жазуулардын үстүнө жаңы замандын «жазуулары» орун алып, петроглифтер дээрлик бурмалануу абалында.
Орозонун ыйык күндөрү Сулайман-Тоого зыярат кылып келгендер абдан көп. Кокон шаарынан сапар тартып келаткан Гүлсүнай Ташбаева Сулайман-Тоонун байыркылыгын дагы бир ирет көрүп кетүү ниетинде. Жыл өткөн сайын таш беттери ар кандай жазууларга толуп, табигыйлыгы жоголуп бараткандыгына кейийт.
Археолог-изилдөөчүлөрдүн айтымында, Сулайман-Тоодогу таш беттериндеги петроглифтер мындан 5000 жыл мурдагы доорлордон бери сакталып келатат. Ошол мезгилдеги адамдардын жашоо образы, дүйнө таанымынан кабар берген сүрөт- маалыматтар Сулайман-Тоо таш беттеринде 400дөн ашуун.
Айрымдар үчүн Сулайман-Тоо зыярат кылуучу жай болсо, бирөөлөр үчүн ачык асман алдындагы өздүк көркөм чыгармачылык жайы. Тарыхый сүрөттөрдүн баалуулугун тыйынга да баалабаган жарандар мына минтип петроглифтердин үстүнө аты-жөнүн жазып, булгап кетишүүдө Биз айтып жатабыз, бул ата-бабалардан калган мурас, муну сактоо керек деп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз»,- дейт археолог Чынарбек Жолдошев.
Зыяратчылар да жаңы муундун «жазмакерлерине» нааразы. Тарыхый мурастардын баалуулуктарын сактоону улуу муун айтып-деп, теске салса болот.
Таш беттериндеги тарыхый сүрөттөрдүн үстүнө жазылган жазууларды тазалап, түп нускасындай калыбына келтирүүгө оңбогондой эле каражат керектелет. Калыбына келтирүү иштерин жүргүзө турган өзүбүздө адистер да жок экен.
«Ушул тарыхый эстеликтерди сактап калуу жана азыркы петроглифтердин үстүндө турган жазууларды жок кылуу үчүн биз атайын долбоорлорду жазып жатабыз. Бизде адистер жок болгондуктан, жакынкы өлкөлөрдөгү адистер менен келишимдерди түзүп, ушуларды кандай жолдор менен жок кылуу маселелерин азыр чечүүдөбүз»,- дейт археолог Чынарбек Жолдошев.