Миң сырлуу, миң кырлуу ажайып аалам
Кыргызстанда чет элден каржыланган алты миңге жакын өкмөттүк эмес уюмдар бар. Алардын ичинен улуттук өнөрдү колдогону жокко эсе. Бир гана “Айгине” маданий-изилдөө борбору тарабынан кыргыздын улуттук мурастарын сактоо жана өнүктүрүү максатында көптөгөн иш-чаралар жүргүзүлүп келе жатканын билебиз. Ушу боюнча “Айгине” маданий изилдөө борборунун жетекчиси, филология илиминин доктору Гүлнара АЙТБАЕВАны сөзгө тарттык.
– Гүлнара Амановна, сиздердин уюмдун акыркы убактарда жасап аткан иш-чаралары тууралуу айта кетсеңиз?
– Биздин уюм көп багытта иш алып барат. Бирок ошолордун ичинен улуттун негизги маселесине айланып, колдоого муктаж болуп турган “Манас” дастанын жана комуз өнөрүн жайылтуу максатында уюштурулган иш-чараларга токтоло кетсем. Башканы коюп Манасты айт дегендей, манасчылык өнөрдүн жана “Манас” эпосунун келечек муундагы орду канчалык болот, мына ушул нерсе бизди тынчсыздандыргандыктан, ЭлТРдин продюсери, манасчы Замир Баялиев менен биргеликте “Улуу Манас баяны урпактардын оозунда” деген ат менен, заманыбыздын белгилүү манасчыларынын айтуусунда видеотасмага түшүрүп DVD таризинде чыгардык. Ошону менен катар жаш манасчыларды жолго салуу максатында бүтүндөй Кыргызстандын аймактарына издөө салып, аян алып айтып баштаган үйрөнчүк манасчыларды чоң манасчылардын тарбия-таалимин алууга, алардын жол көргөзүшүнө шарт түзүп эки жылдык семинар өткөрүп келебиз. Ал эми 2010-жылы “Эн белги менен комуз үйрөнүү” аттууНурак Абдырахмановдун өздүк комуз үйрөтүү ыкмасындагы окуу куралын жарыкка чыгарганбыз. Былтыр мына ушул ыкма менен комуз үйрөтүүнү жер-жерлерге жайылтуу максатында бир жылдык семинар уюштурулуп, орто мектептердин музыка мугалимдери катышып, жыйынтыгында 15 комузчу сертификатка ээ болду.
– Негизи улуттук өнөрдү колдогон иш-чараларды көбүнчө мамлекеттик уюмдар эле колдоого албаса, бейөкмөт уюмдар көп колдой беришчү эмес. Сиздердин бул аракетиңердин артында эмне турат?
– Мен 2004-жылы Таласка барганда азыр элге таанылган Улан Исмаилов деген манасчынын маңдайына отуруп, он эки саат тынымсыз манас айтканына күбө болдум. Ошол учурда мен докторлук даражадагы окутуучу болчумун, “Манас” тууралуу студенттерге сабак берчүмүн. Бирок ал убакытта мен дагы Манас өз туу-чокусуна жетип, өнүгүүдөн калган эпос деп ойлоп, аны байыркы жомок катары үйрөткөм. Ооба, Саякбай ата күндөп-түндөп айткан, Жайсаң ата айлап айткан деп айтчумун, бирок алар болгон-өткөн деген ойдо элем. Ал эми Уландын маңдайына отуруп, аа, бул байыркы мезгилде өтүп кеткен нерсе эмес экен, бул азыр менин көз алдымда орун алган көрүнүш турбайбы деген байкоого баш ийдим. Бул бир себеби. Экинчи бир себеби, азыркы белгилүү манасчылардын айтуусундагы дастан кайсы бир таризде бар болуш керек деп жүрчүмүн. Чет өлкөгө чыгаарда бир жолу ошол нерсе керек болуп калып, бүтүндөй диск саткан жерлерди кыдырып издеп таптакыр тапканыбыз жок. Анан ушул нерсеге мамлекеттин чамасы тийбей жатса биз сыяктуу уюмдар жасашы керек го деп чечтим.
– Бул дискти кайдан, кантип алса болот?
– 31-март күнү Сейтек улуттук балдар борборунда саат 11-00дө бет ачар аземи болот. Бул долбоор улуттук мурасты сактап, келечек муунга жеткирүү жана кыргыздын руханий жандүйнөсүн байытууга багытталгандыктан, Кыргызстандын бардык аймактарындагы орто мектептерге жана жогорку окуу жайларга бекер таркатылат.
– Жаш манасчыларды таптоо жана “Эн белгинин” негизинде окутуу семинарлары дагы уланабы же бир жылдык эле долбоор беле?
– Муну менен токтоп калбай, ушул көчтү быйыл да уласак деп турабыз. Негизги максат — жер-жерлерге комуз үйрөтүүнү жайылтуу болуп жаткандан кийин, былтыркы сертификатка ээ болгон мугалимдердин аймагындагы комузчулардан алып келип окутуу натыйжасыз. Аймактарга текши жайылтыш үчүн ар кайсы райондордон, алыскы айылдардан музыкалык билими бар, комуз жөнүндө түшүнүгү бар, “Айгине” койгон тартипке баш ийе билген орто мектептин мугалимдерин алууга быйыл да конкурс жарыялаганбыз. Негизги шарты — бир жылда жазында, жайында жана күзүндө он күндөн убактысын бөлүп келгенге шарты болушу керек. Он күндүк семинардын жүрүшүндө эч жакка жиберилбей, мейманканада жатып, кеңседе машыгышат.
– Былтыркы өтүлгөн семинардын жыйынтыгы кандай болду?
– Былтыр сертификатка ээ болгон комузчулар азыркы тапта, ошол өзү иштеген орто мектептеги окуучуларга, керек болсо кошуна айылдарга да барып комуз үйрөтүп жатышыптыр. “Эн белги” — бул комуз күүлөрүн муундарга нагыз түрдө өткөрүп берүүнүн бирден бир жолу. Анан калса аталган ыкма үйрөнүүчүлөрдүн шартын 30 эсе жеңилдетип, комуз үйрөнүүнү каалап, бирок кыйынчылыктарынан улам моюндары жар бербей жүргөндөргө табылгыс кенч болуп бере алат десек болот. Бирок албетте ар нерсени үйрөнүү эбегейсиз эркти, убакытты, ар тараптуу изденүүнү жана жан-дил менен берилүүнү талап кылат.
– Сөзүбүздүн акырында мындай иштер кантип каржыланууда деген суроого жооп бере кетсеңиз?
– “Айгине” бей өкмөттүк борбор катары маданиятты колдогон эл аралык уюмдар менен иштешип, долбоорлорду жазып каражат издейт. “Эн белги” жана “Манас” боюнча демилгелерибизди Америка Кошмо Штатындагы бейөкмөт уюм каржылоодо.
Зайырбек Ажыматов, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 23.03.2012-ж.