Дисктерди көп санда чыгарууга каражат жетишсиз

aida_ryspay

“Манас” эпосу боюнча 2017-жылга чейин беш манасчынын айтуусунда дисктер чыгарылат. Анын учурда үчүнчүсү жарык көрүп жатат. Алардын ар бирине 500 миң сомдон акча каражаты бөлүнгөн. Бирок ишти толук аткарууга бул каражат жетишсиз – дейт манасчы Рыспай Исаков.

19-декабрда КР өкмөтүнүн алдындагы интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан чыгарылган «Манас» эпосунун белгилүү манасчы Замирбек Баялиевдин айтуусундагы CD жана DVD-дисктеринин бет ачаары болуп өттү.

Бүгүнкү «Улут уюткусу» программасынын алкагында жогоруда айтылган CD жана DVD-дисктери, деги эле “Манас” эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча кандай аракеттер көрүлүп жатат? Мына ушулар тууралуу белгилүү манасчы Рыспай Исаков жана КР өкмөтүнүн алдындагы интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын Автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын Изилдөө секторунун жетектөөчү адиси Молдогазиева Аида менен маек курдук.

Рыспай Исаков: – Бул иш мындан 3 жыл мурда КРнын өкмөтүнүн “Манас” эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2017-жылдардагы мезгилге карата кабыл алынган Улуттук программасынын жана токтомдорунун негизинде ар бир уюм, мекемелерге “Манас” эпосу, манасчылык боюнча тапшырмалар берилген. Ошол тапшырылган иштерди Кыргызпатент үзгүлтүксүз аткарып, ар бир жылы бирден манасчынын аткаруусунда CD жана DVD дисктерди чыгарып жатышат. Алардын ар бирине беш жүз миң сомдон акча каражаты каралган. Кыргызпатент өкмөт тарабынан берилген ишти кандай кылып, кантип чыгарабыз? – деген маселелер боюнча жыйын куруп, кеңешип, беш манасчыны жылына бирден тартуу чечимине келгенбиз. Алар окуяны бири-бирин улантып айтса, беш диск өзүнчө бир жыйнак болуп калса деп сүйлөшүлгөн. Эми 2017-жылга чейин дагы эки манасчынын дисктерин чыгаруу иши турат.
Ошондой эле азыркы учурда көзү тирүү манасчылардын жакшы айтылган жерлерин топтоп, өзүнчө бир топтом кылып чыгарып элге жайылталы деп жатабыз. Бул жерде негизги максат кошумча киреше табуу эмес, учурда муну эл талап кылып жатат.

“Көч бара-бара түзөлөт” дегендей дисктерди биринчисинде манасчыны студияда эле отургузуп тартканбыз.

Экинчисинде, компьютер аркылуу аркасына бир көрүнүштөрдү кошсок дагы окшошпой калды. Анан үчүнчүсүндө жандуу тарталы деген чечимге келип, бул жолу табияттын койнунда жандуу тартылды. Албетте жогоруда бөлүнгөн каражат жетишсиз болду. Буга “Кыргызфильм” студиясы “Манаска” болгон салымыбыз болсун деп чоң көмөк көрсөтүп каражаттын аздыгына карбай тартып беришти.

“Манас” эпосун диск түрүндө чыгаруунун негизги максаты- аны элдин арасына кеңири жайылтуу, “Манас” дүйнөсү аркылуу элди агартуу жана кийинки муунду тарбиялоо болуп саналат. Бүгүнкү күндө биз жаштарды бузулду, китеп окубайт, “Манасты” билбейт, укпайт деп күнөөлөп келебиз. Бирок биз ошолор окуй турган, көрө турган адабияттарды, китептерди, дисктерди сунуштай элекпиз. “Манас” – бул улуу, көлөмдүү дүйнө аны бул жагынан жан дүйнөсү жарды адамдар баарын бир эле “аш” кыла албайт. Азыр заман талабы ушундай болуп жатат, “Манастын” белгилүү гана элге сиңип калган жерлерин уккулуктуу, жеткиликтүү кылып таратсак деген ойдомун.

Молдогазиева Аида: – Кыргызпатент КРнын өкмөтүнүн “Манас” эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2017-жылдардагы мезгилине карата кабыл алынган Улуттук программасынын 12-пунктун берилген тапшырманын негизинде аткарып, 2012-жылы Талантаалы Бакчиевдин, 2013-жылы Рыспай Исаковдун, ал эми быйыл Замир Баялиевдин аткаруусунда CD жана DVD дисктерин 3000 нускада жарыкка чыгарды. Мурда чыккан дисктерден айырмаланып мында Замир Баялиевдин айтуусундагы “Манас” Кыргызстандагы эң кооз жерлердин бири болгон Суусамыр жергесинде жандуу тартылды.
КРнын президентинин Аппаратынын өкүлү Нуржигит Кадырбековдун айтымында президент өз эсебинен дагы 10 миң нускада көбөйтүп чыгаруу сунушун айткан экен. Эгерде көбөйтүп чыгарып, көпчүлүктүн колуна тийсе жакшы болмок. Бул дагы албетте жетишсиз болуп саналат. Менин жеке пикиримде “Манас” эпосун элге кеңири жайылтуу үчүн теле аркылуу ушундай жандуу тартылган фильмдер байма-бай көрсөтүлүп турса деген ойдомун. Ал эми биздин ишибиз жогорудагы Улуттук программа боюнча 2017-жыл менен гана токтоп калбастан, андан ары да кийинки урпактарыбызга улуу мурасыбызды жеткирүүгө, даңазалоо боюнча баарыбыз бирге иш алып бара бермекчибиз.

Каныкей Бозгунова, «Марал» радиосу, 23.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.