Куурчак театрынын түпкү атасы – так теке жок болобу?

Кеминде эки миң жыл мурда жаралган так теке өнөрү, бүгүнкү күндө жок болуу коркунуч алдында турат. Бул көрүнүктүү өнөрдү аркалаган комузчулар Кыргызстан боюнча саналуу гана так текечи бар калганын айтып коңгуроо кагышууда. Кыргыздардын алгачкы куурчак театры атыккан “так теке” өзү эмне экенин билбегендер дээрлик көпчүлүктү түзөт.

Сыдырым желдин илебине термелген жашыл шиберди аралап, эки жагын элеңдей караган тоо эчки тоонун этегинде шырылдап аккан сууну көздөй бара жатты. Тээ алыста таштан-ташка секирип келе жаткан тоо текенин карааны бирде көрүнсө бирде көрүнбөй келет. Ал көз ачып жумганча тоо эчкинин жанына да жетип келди. Экөө тең кулактарын тикчийтип, бири-бирин сынагандай тиктеше түшүштү. Аңгыча жаратылыштагы тынчтыкты карсылдап чыккан мүйүздөрдүн үндөрү буза баштады. Бирок бул үндөр кадимки эле жыгач текелердин мүйүздөрүнүн үнү эле. Чындыгында бул сүрөттөлгөн көрүнүш комузчунун манжаларына байланган жиптер аркылуу кыймылга келтирилген так текелердин оюну болду. Комузчу бир эле убакта комуздун кылдарын чертүү менен колуна байланган оюнчуктарды да кыймылдатканга жетишет.

Алгач мына ушундай так текелердин урушун уюштуруу менен кыргыздар балдарын алаксытып келген. Мындан улам так текенин алгачкы максаты өспүрүмдөрдүн көңүлүн ачуу болгон. Бара-бара элдин кызыгуусун туудуруп, кыргыз жашоосу менен мүнөзүн, жаратылышын чагылдырган чоң өнөргө айланган.

Унутта калган өнөрдүн улантуучулары

Кыргыздардан чыккан туңгуч музыка таануучу Балбай Алагушев так теке ойнотууда, комузчунун жеке аткаруу чеберчилиги чоң мааниге ээ деп эсептейт. Ошондуктан так теке өнөрүн аркалоо бардык эле комузчулардын колунан келе бербейт. “Анткени комуз чертүү менен бирге текелерди кыймылга келтирүү үчүн өзгөчө чеберчилик керек. Ошондуктан кээ бирөө эки эле текени ойнотсо, айрымдары бир нече жыгач куурчакты кыймылга келтире алат. Мисалы, Эсенбек комузчу так теке ойнотууда бүркүттүн асманда шаңшып учканын, илбирстин аңга чыгуусун, тоо теке менен эчкинин жырткычтардан коргоону кыймыл-аракеттерин жасайт. Учурда бул өнөрчүлүктү аркалаган белгилүү комузчулардан Нурак Абдрахманов менен Эсенбек Майрыков эле бар”,-дейт изилдөөчү.

«Колдо бар алтындын баркы жок»

Мезгилдин сыноосунан өтүп бүгүнкү күнгө чейин жеткен так теке өнөрүн улантып келген өнөрпоздордун бири Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, залкар комузчу Нурак Абдрахманов. Ал өз учурунда Лондондо так текесин алгач ирет ойнотуп, англичандарды таң калтырып келген. Бала кезинде ар бир айылда үчтөн-төрттөн так текечи болгондугун эскерген так текечи Нурак Абдрахманов: “Муну куурчак театрынын түп атасы деп атоого болот. Анткени кыргыз куурчак театры түптөлгөндөн баштап, туңгуч куурчак ойнотуучусу Адамкалый Байбатыров так теке ойнотчу экен. Ал эми акыркы так текени кыл кыякчы Толтой Мураталиев эки жакка чыкканда ойнотуп жүрдү. Кийин аны кайра балдардын оюнчугу катары кабыл алышты. Ошентип олуттуу көңүл бурулбай, «так теке» өзү эмне экени унутулуп калды. Бирок бул оюнчук эмес. Байыртадан түрк тилдүү элдердин ичинен кыргыздардын гана ушундай өнөрү болгон. «Колдо бар алтындын баркы жок» дегендей, кыргыздар барктабаган так теке сыртка чыкканда кыргыздын жүзүн тааныта турган өнөр. Он жылдан бери казактар өздөрүнүн маданиятына сиңирүүгө аракет жасадоо. Биздикине окшотуп так теке жасагандарын көрүп жүрөм»-деди. Ал гана эмес, Казакстанда үч жылдан бери казак так текечилерин шыктандырган сынак-фестивал өткөрүлүп келээрин да кошумчалай кетти.

Нурак Абдрахманов Так теке ойнотуп жатат

Так теке тарыхы изилденет

Так теке өнөрүн жаштайынан үйрөнгөн комузчу Эсенбек Майрыков, эки эчки, бир тоо теке, илбирс жана бүркүттүн келбеттерин сыпаттаган так текени ийнине жеткире ойнотот. Мындан сырткары Эсенбек Майрыков так теке өнөрүн илимий жактан изилдеп, ал тууралуу китеп жазууну көздөп жатканын айтты.“ Так теке комуз менен бирге жаралган өнөр. Ошондуктан аны мындан эки миң жыл мурда ойлоп табышкан деп айта алабыз. Учурда ал тууралуу маалыматтарды топтоп жатам. Бул илимий эмгегимде так теке өнөрүнүн тарыхы, аны ойноткон комузчулардын өмүр-баяндары жана так текени ойнотуу ыкмалары тууралуу маалыматтар кирет,”-деген өзүнүн ою менен бөлүштү.

“Ал эмне ?”

Комузчулардын так теке өнөрүнүн тагдыры тууралуу кепти угуп, улуу жана жаш муундун өкүлдөрүнүн арасында так теке тууралуу сурамжылоо жүргүздүк. Тилекке каршы “Так теке тууралуу эмне билесиз?” деген сурообузга кээ бирөөлөр ийиндерин кушуруп “билбейм” дешсе, айрымдары “ал эмне?” деп суроо узатышты. Мунун баарын уккандан кийин так теке өнөрү өз жүзүн жоготуп, чындыгында эле жок болуп кетпейби деген пикир жаралат экен.

Жандуу жыгач куурчак (Кутуга)

Так теке – жыгач куурчак. Аны жасоодо табылгы, арча жана кайың жыгачтары гана колдонулат. Мындай жыгачтан жасалган теке бышык жана бекем болот. Оюнчук теке жыгачтан жасалып, атайын таякчага отургузулат. Ал таякча тегерек жыгач таканчыктын тешигине орнотулуп, төмөн жагына жип байланат. Даяр болгон так теке комуз, ооз комуз жана темир комуздун коштоосундагы күүнүн ыргагына жараша комузчунун баш бармак, ортон жана чыпалак манжаларынын жардамы менен жиптери тартылып ойнотулат. Текенин буту салаңдап бош болгондуктан жипти тарткан сайын ал секирип, бутун таканчыкка такылдатып тийгизип, ар түркүн кыймылдарды жасайт.

Айпери Сейитбекова, Кыргыз-Түрк Манас университети,
Журналистика 2-курс,
“Манас” гезити,
Сүрөттөр автордуку

Соц тармактар:

2 thoughts on “Куурчак театрынын түпкү атасы – так теке жок болобу?

  • 10.04.2012 at 23:24
    Permalink

    Нурак атанын тактеке ойнотуп жаткан видеосун дагы кошо киргизип коё аласыздарбы?

    Reply
    • 11.04.2012 at 09:19
      Permalink

      Видеону жайгаштыруу жагы кыйын болуп жатат…

      Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.