«Аруу Дуйнө» адабий клубунун сынагы
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 21 жылдыгына карата «Аруу Дуйнө» адабий клубу «Эгемен элимдин бүгүнкү абалы» деген теманын астында төмөнкү жанрлар боюнча конкурс жарыялайт:
- Поэзия (12 строфадан (куплеттен) ашпаган 1 ыр, шрифт 14)
- Прозалык чыгармалар (5 беттен ашпаган 1 аңгеме, шрифт 14)
- Сатиралар (2 сатира, шрифт 14)
- Анекдоттор (5 анекдот, шрифт 14)
Конкурска катышуу шарттары:
- катышуучу жөнүндө толук маалымат,
- конкурска катышуучулардын жашы чектелбейт,
- чыгармалар кыргыз тилинде кабыл алынат,
Чыгармаларды кабыл алуу үстүбүздөгү жылдын 20-августуна чейин жүргүзүлөт
Конкурстун катышуучусу чыгармалардын электрондук вариантын, өзү жөнүндө толук маалыматты жана сүрөтүн aruudujno@mail.ru электрондук почтасына жибериши керек.
Конкурстун жыйынтыгы менен жеңүүчүлөргө төмөндөгүдөй сыйлыктар ыйгарылат:
Поэзия жана проза жанрлары боюнча:
1- орун — 1-даражадагы Диплом жана 5000 сом. (1 жеңүүчү)
2- орун — 2-даражадагы Диплом жана 2000 сом. (2 жеңүүчү)
3 – орун — 3-даражадагы Диплом жана 1000 сом. (3 жеңүүчү)
Ал эми сатира жана анекдоттор боюнча 4 жеңүүчү атайын баалуу белектерге ээ болот. Окурмандардын купулуна толгон чыгармалардан 3 авторго демөөрчүлөрдүн атайын белектери ыйгарылат. Ошондой байгеге ээ болгон чыгармалар 2012- жылдын октябрь айында чыга турган «Аруу Дүйнө» аттуу жыйнакка акысыз жарык көрөт.
«Аруу Дүйнө» адабий клубунун конкурсту уюштуруу комитети.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу телефону: 8(925) 830-85-90