Замира МАВЛЯНОВА, КР эмгек сиңирген артисти: “Жүрөктөн ырдалган ыр сөзсүз жүрөккө жетет”
Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын солисти Замира МАВЛЯНОВАнын классикалык ырларды заманбап формада аткарганы карапайым элдин да кызыгуусун арттырууда. Замира айым жаңы жыл алдында чыгармачылыгындагы, жашоосундагы орчундуу окуялар жөнүндө айтып берди.
– Чыгармачылыкка аралаш-каныңызга 20 жыл болсо да эмнегедир акыркы кезде гана таанымал боло баштадыңыз…
– Классикалык чыгармаларга көбүрөөк басым жасагандыктан жалпы коомчулукка анча таанылбасам керек. Анткени мурда карапайым эл эстраданы көп угушчу. Биздин ырларды көбүнчө элита укчу. Өкмөттүн концерттеринде, республикалык деңгээлдеги музыкалык иш-чараларга катышчубуз. Ошондон улам биз эстрада ырчыларындай өзүбүздү рекламалап жарыя кылган эмеспиз. Акыркы мезгилде Чырмаш Төрөбеков жана мен сыяктуу классикага басым жасаган ырчылар классиканы коомчулуктун көңүлүнө жага тургандай ырдай баштадык. Мисалы, он беш жыл илгери эл эстрада ырчыларын гана укса, азыр элдин көз карашы өзгөрүп, классикага да кызыга башташты. Чындыгында таза классикалык ырды музыкалык билими жок, жөнөкөй эл түшүнө бербейт. Акыркы кезде дүйнө жүзүндө классикалык ырды кайрадан заманбап музыкага иштеп чыгуу тенденциясы башталды.
– Операга ылайыктуу үнүңүз бар экен, эмне үчүн ал жакта ырдабайсыз?
– Консерваторияны аяктагандан кийин опера-балет театрына иштегени баргам. Бирок ошол кезде опера театрынын жамааты чыгармачылык өнүгүүгө, музыкага энергияны азыраак жумшап, ар кандай интригага көбүрөөк убакыт бөлүшөрүн билдим. Опера театрында иштеп жүрүп турмушка чыгып, 1993-жылы балалуу болдум. Азыр ойлосом жаш экенмин. Жашоодо, чыгармачылыкта да тажрыйбам жок, мени колдогон эч ким болгон эмес. Ошол кезде опера театрында көп жылдан бери иштеп жүргөндөр мени балапандай эле басып коюшту. Ал жерде төрт жыл иштегенден кийин кетип калдым. Ушунча убакыттын ичинде мага бир да роль берилген жок. Ошондо опера театрынын жаш ырчыларынын Орто Азия жана Казакстан боюнча фестивалы Түркмөнстанда болду. Ал фестивалга өз каражатыма барып катышып, лауреаттыкты алып келдим. Кийинчерээк жаш опера ырчыларынын фестивалдарына да мени кошпой атышты. Ошол мезгилде консерваторияда аспирантура ачылып, ошол жакка кетип калдым. Аспирантураны бүтүп калганда маэстро Асанкан Жумакматов менин ырдап атканымды угуп, бул ким болду экен деп бөлмөгө кириптир. Үнүмдү жактырып, окууну аяктагандан кийин филармонияга алпарды. Ошол кездеги филармониянын директору А.Керимбаев бизде орун жок деп кыйылды, маэстро аны көндүрүп жумушка алдырды. Ошондон тартып А.Жумакматов мени мамлекеттик концерттерге, маданият күндөрүндөгү иш-чараларда ырдата баштады. Чет өлкөдөн келген конокторду тоскондо, чет өлкөгө барганда улуттун жүзү катары бизди алып жүрүштү.
– Декабрдын башында чыгармачылык жеке концертиңизди бердиңиз, эл классиканы кандай кабыл алды?
– Бул жеке концертте жалаң эле классикага басым жасабай, элдин табитине ылайыкташтырып ырдадык. Келгендер концерт жогорку деңгээлде болуп, ушунчалык эс алып кеттик деп ыраазы болушту. Көпчүлүккө жага турган мыкты классикалык ырлар бар экенин көрсөттүк.
– Көптөн бери сахнада жүрүп эмне себептен продюсер менен иштеше баштадыңыз?
– Продюсер менен иштешкен ырчылардын чыгармачылыгы ийгиликтүү, жемиштүү болот экен. Ошондон улам мен концерт коердо продюсерсиз кыйын болорун түшүндүм. Анткени бардык уюштуруу иштерин продюсер жасады. Мен болгону чыгармачылык менен гана алектендим. Буга чейин жеке концертимди бергенде эки ай концертке даярданып чуркап, чыгармачылыкка көңүл буралбай, атүгүл даярдана албай калгам. Албетте мындай даярдыктагы концерттин сапаты да төмөн болот. Ырчыны эл сахнадан эс алуу үчүн гана көрүш керек. Эгер мен концертке өзүм чуркап, билетимди өзүм сатсам, анда оор болуп калмак. Ар бир адам өзүнүн ишин профессионалдуу аткарса сапаттуу жана ийгиликтүү болот.
– Көпчүлүк ырчылар менен продюсердин ортосунда дайыма түшүнбөстүктөр болуп, кээси соттошуп да атышат. Продюсериңиз Канатбек Күмүшбеков мырза менен атайын келишим барбы?
– Экөөбүздүн ортобузда юридикалык жактан жазуу түрүндөгү келишим жок. Себеби биз көп жылдан бери бири-бирибизди жакшы тааныйбыз. Мен Канаттын уюштуруу иштерин мыкты жасаарын билем. Продюсердик милдетти мойнуна алгандыгы ортодогу адамгерчиликтүү мамиледен болду. Канат экөөбүздүн ортобузда пикир келишпестик, түшүнбөстүк болот деп ойлобойм. Кудай буюрса жакшы иштешип кетебиз деген максатым бар.
– Негизи продюсер менен ырчынын ортосундагы талаш акча маселесинен чыгат эмеспи…
– Жакында койгон концертте акча маселеси боюнча эч кимибизде таарыныч болгон жок. Негизи бийик искусствону эл алдына алып чыгуу демөөрчүсүз болбойт экен. Ал эми эл арасында ырдап жүргөн эстрада ырчылары бул жагынан аксабайт. Коммерциялык максатта өткөрсөк да концертке кеткен чыгым өзүн актабайт. Бирок бул отчеттук концертим болуп, экинчиден, классикалык чыгармаларды коомчулукка кеңири жайылтуу болду. Биз концерттен пайда табууну көздөгөн жокпуз. Биздин эң негизги максат – элге сапаттуу концерт берүү болду. Чындыгында мен материалдык жактан көйгөйүм жок, эч кимге көз карандысызмын. Жеке концерт койгондон кийин да эки жолу кайрымдуулук концертин өткөрдүк.
Ошол концерт бүткөндөн кийин мага орус улутундагы аял келип, мен Төмөнкү Чүй айылындагы клубдун директорумун, биздин айылга кайрымдуулук концертин бере албайсызбы деп өтүндү. Көрсө ошол айылда 20 жаштагы жигит сууга секирем деп белин сындырып алып, дарыгерлер туура эмес дарылап, бир жарым жылдан бери баспай калыптыр. Биздин айылга келип концерт берсеңиз, түшкөн каражат ошол баланын дарысына жумшалат деди. Андан кантип баш тартмак элем, дароо макул болдум. Айткан күнү скрипкачы Кыял, Чырмаш Төрөбеков болуп айылга барсак, билеттердин баары сатылып, айыл өкмөт башчысы, жергиликтүү ишкерлер, мектеп директорлору келишиптир. Биздин концерттен 50 миң сом каражат түштү. Концертке келгендер эмоцияга алдырып ыйлап да атышты. Оорулуу баланын энеси да келиптир. Бул айылда көп улуттуу эл жашайт экен, баары ушунчалык ынтымактуу, бири-бирине күйүмдүү экенин көрүп айылдагы берекеге суктандым. Концерттен кийин ал баланын үйүнө барсак бизге ыраазычылык билдирип, кубанычында чек жок эле. Аны көрүп жандүйнөбүз тазаргандай болду.
– Сиздин үй-бүлөңүз көпчүлүктү кызыктырса керек?
– Артисттердин үй-бүлөсү менен чыгармачылыгы көп учурда айкалышпайт. Албетте чыгармачылыктын алгачкы күндөрү жолдошума менин ишим жакчу. Себеби мага деген элдин талабы да азыраак болчу. Кийинчерээк концерттер, гастролдор, мага көңүл буруулар көбөйдү. Аны жолдошум көтөрө алган жок. Ошол учурда экөөбүздө пикир келишпестиктер пайда болду. Ал учурда жолдошум мага жардам бербей эле, тескерисинче чыгармачылыгыма жолтоо боло баштады. Мага дайыма апам гана жардам берип, көмөктөшүп келет. Ошол учурда апам Кудайдан келген талантты пайдаланбай катып жатуу бул чоң күнөө деди. Мен ырдайм деп канча билим алдым. Ошондон кийин жолдошум экөөбүз урушпай эле 13 жыл жашагандан кийин ажырашып кеттик. Ортобузда бир уулубуз бар, атасы менен жакшы мамиледе, катташып турат.
– Сулуу, жаш, таланттуу айым эмне үчүн экинчи жолу турмушка чыккан жок?
– Чынын айтканда бүт жашоомду чыгармачылыкка арнап, жалгыз жашаганга көнүп калдым окшойт. Мени жакшы түшүнгөн досум бар. Кээде Чырмаш Төрөбеков менен сахнага ырдап чыксам эле бизди аялы-күйөөсү деп ойлогондор бар экен. Керим Турапов менен дуэт ырдап чыксам да ушул экөө соо эмес деп шектүү карашкан. Ким менен иштеп, ырдап чыксаң эле элдин ою башкача боло баштайт тура.
– Ушак, кара пиар да белгилүү адамдарга чоң реклама эмеспи?
– Ооба, Европада ошондой чоң кара пиар менен унутулуп бараткан чыгармачыл адамдар өздөрүн бир сыйра дүң дедиртип алышат. Бирок Кудайга шүгүр, мага андай кара пиардын деле кереги жок. Менин акыркы концертимден кийин белгилүү бир дүкөн мага өздөрүнүн фирмалык кийимдерин рекламалап берүүмдү өтүнүштү, биз сиз тууралуу жакшы пикир угуп атайын келдик дешет. Кээ бир адамдардын кыларга иши жоктонбу, же көралбастыктанбы ушундай жагымсыз сөздөрдү жаратышат. Андай учурлар болгон, бирок мен көңүл бурбаганга аракеттенем.
– Жаңы жылда элге кандай каалоо-тилектериңиз бар?
– Мен чыгармачылыгым менен дүйнөнүн эң кооз, өнүккөн деген жерлерин кыдырып келдим. Бирок Кыргызстандыкындай жаратылышы, таза абасы, тунук суусу, бийик тоосу, кереметтүү Ысык-Көлүндөй жер эч бир жерде жок. Кыргыз элибиздин пейили жакшы. Бизде саясый абал туруктуу болуп, элибизде тынчтык болсо эле бактылуу жашайбыз. Андыктан Жылан жылында жомоктогудай жерибизде жомоктогудай жашоону уланталы деп айткым келет.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, «Жаңы Агым» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 04.01.2012-ж.