Жыргалбек Касаболотовдун жаңы ырларынан
КАПАС
Эркимдин эркин демин тумчуктуруп
Эртеңки таң шооласын жылчык кылып,
Сыйынан сырлары көп ушул дүйнө
Сынайт ээ, кол башындай чымчык кылып?
Чыйрыгып, чырак өчпөй үшүп турат,
Чындыгым чыкпай, ичте бышып турат.
Чыйралып, канат-бутак жаяр кезде
Чырмоогум чынарымды кысып турат.
Өзүмдү өз кемтигим утуп келди,
Өстүрбөй өзөгүмдү тутуп келди.
Сугарсам, суктандырган терегимдин
Сук артып, суусун кошо жутуп келди.
Кайран жан көп нерсени кечирди эле,
Кадалып, карек далай тешилди эле.
Аттигиң, тушап турган тузагымдын
Арканы өз дүйнөмдө эшилди эле…
11.06.14
УЯТ
Тарыхтын такаат берип айбатына,
Тагдырдын агып кетпей дайрасына
Талабын келечекке ташып өткөн
Тан берем, улуулардын кайратына.
Сунулуп көпүрөдөй эл жүгүнө,
Суурулуп бар дүйнөнүн кеңдигине,
Суу кылбай улут шамын, колу күйгөн
Суктанам, бабалардын эрдигине.
Алдуусу күчүн сынап коркогуна,
Анысы үмүт артып чоркогуна,
Апкаарып, айран көрсө үйлөп ичкен
Арданам, азыркынын борпоңуна.
Малынып майда-барат күнөөсүнө
Максаттын так жете албай мүдөөсүнө,
Уйкунун камагында уюп жаткан
Уялам, өз башымдын жүдөөсүнө.
Чыйрыгып, чындык сөздөн бекинебиз.
Чыгалбай күнүмдүктөн эзилебиз.
Чымчыктын салмагына чыдамы жок
Чынардын чырпыгындай сезилебиз.
Улутпуз, ууз өңдүү уюп жаткан,
Уучунда улуулугун туюп жаткан.
Өзөнбүз, өз тунугун баалай албай
Өзгөлөр өз агымын куюп жаткан.
Камгактай жеңил тартып салмагыбыз
Камынбай энөө жатат, балбаныбыз.
Кап аттиң, көп нерседен кечигиппиз,
Калса экен кыргыз бойдон балдарыбыз!
11.06.2014
ТООЛОР
Тополоңдор жердин бетин тынчытпайт…
Топтошкондор бирин бири тынч укпайт.
Толгон-токой заман сырын катса да
Топук кылып, Тоолор гана унчукпайт.
Термелсе да оомал-төкмөл көңүл, иш,
Терезеде – күндө бирдей көрүнүш:
Теребелге медер болгон карааны
Теңир-Тоонун алп турпаты, көнүмүш.
Кыйырына кайберендер толушсун,
Кырларына кыраан куштар конушсун.
Кыл үстүндө оодарылган заманда
Кыргыз үчүн Тоолор аман болушсун!
26.06.2014