Сүрөтчүлөр союзунун юбилейине арналган көргөзмө
Сүрөтчүлөр Кимия Төрөгелдиева менен Гүлназ Бекмырзаева өз чыгармачылыктарынын көргөзмөсүн быйыл 80 жыл толгон Сүрөтчүлөр союзунун юбилейине арнашты.
Сүрөтчүлөр союзунун 80 жылдыгына арналган көргөзмө 1-ноябрь күнү Эмен багынын көргөзмө залында өттү. Анда сүрөтчүлөр Кимия Төрөгелдиева менен Гүлназ Бекмырзаеванын эмгектери — панно жана чоподон жасалган буюмдары коюлду.
Төрөгелдиева сайма сайып, панно жасоо менен көп жылдан бери алектенет — ал Москвада окуп, анда бир канча убакыт жашаган. Айтымында, ал жакта анын эмгектери суроо-талапка ээ болчу. Сүрөтчү анын чыгармачылыгына адамдар менен жаратылыш дем бере тургандыгын айтат. Анын эмгектеринин негизин пейзаждар түзөт.
Төрөгелдиеванын айтымында, анын эмгектери Бишкек менен Оштун музейлеринде коюлат. Ошондой эле ал паннолорун жеке коллекциялар үчүн сатып ала тургандыктарын айтты.
Гүлназ Бекмырзаева кездеме жана кийиз менен иштейт, бирок анын жакшы көргөн материалы — чопо.
Ал Kloop.kgге берген маегинде Кыргызстанда кызыл, сары жана ак чопонун запастарынын көп болгонуна карабастан өлкөдө чопо менен алектенүү анча жакшы таралбагандыгын айтып өкүндү.
Бекмырзаеванын өзү Hope Academy жеке мектебинде жаш студенттерди чопо менен иштөөгө үйрөтөт.
Ал чопо боюнча альбом чыгарууну каалайт — учурда сүрөтчү өзүнүн эмгеги үчүн материал чогултуп, иштеп чыгуу менен алектенүүдө.
«Гүлназ — бул тар чөйрө менен гана чектелбестен, түрдүү өлкөлөрдүн адамдарын Кыргызстандын маданияты менен таанышуусуна жардам берүү менен коомго кызмат кылган артисттин үлгүсү», — деди Бекмырзаева иштеген мектептин директору Рэндалл Гвин.