Кыргызстанда археологиялык жаңылыкты кытайлар жерге көөмп жатышкандыгы тууралуу

Кыргызстандын Жалал-Абад областынын Чаткал районунда, бүт дүйнөнүн тарыхчыларын таасирленте турган жерлер бар. Эгер алар туурасында билишкенде ушундай болмок, эгер аларды алтын казуу өндүрүшүндө археологиялык эстеликтерди көөмп салышпаганда. Жакында архитектуранын бул эстеликтери, жакшылап изилденбей туруп,  таптакыр жоголот.

Бул кыштакты адаттагыдай археологдор эмес, геологдор табышты. Өздөрүнүн геологиялык изилдөөлөрү үчүн жер издеп жүрүшүп, алар  байыркы калк жашаган жердин издерин көрүп калышты. Бул өткөн кылымдын экинчи жарымында эле болуп өткөн, анда байыркы Андагул кен чыгуучу жерин табышкан.  Көрсө,бул жерден ондогон кылым мурда эле алтын казышчу экен да. Миң жыл (!) мурдагы (9-11 кылым) тоо-кен казуучу өндүрүштүн жараксыз катмары, байыркы кен тегирменинин, чарба курулуштарынын, турак жайлардын  калдыктары, бөтөнчө, аймак жана алтынды казуу мезгили үчүн мүнөздүү эмес технологиялардын издери, түшүнүксүз (жана ушуга чейин сүрөттөлбөгөн) ритуалдык  жабдуулар  Касансай – Андагул менен Иштамбердинин  оң жактагы  куймаларынын арасынан табылган. Каратөбө майда алтындарын байыркы иштеп чыгуулар Касансай дарыясынын сол жээктеги жолунда , белгилүү Терексай кенинен алыс эмес жайгашкан.

Бир жарым чакырымдык сенсация. Бул тилке «Жер Планетасы» программасынын космостук тартууларынан да жакшы көрүнгөн.

КР УИА нын геология институтунун улуу илимий кызматкери Илья Мезгин мындай дейт: «Байыркы кен казуучулар кызыктуу технологияны колдонушкан, ал адис үчүн аянтчада айкын көрүнөт. Иштеп чыккан жерден өйдө алар арык казышкан, дарыядан алыстатышкан. Андан кийин текте кобул жасашкан. Суу алтынды жуучу. бул технологиялык көз караштан – абдан кызыктуу чечим. Анын үстүнө адамдык ресурсту пайдалануу көп талап кылынбайт».

Миң жыл мурдагы алтын казуучулар кулдук эмгектин аркасынан эмес, ойлордун жана инженердик чечимдердин аркасынан өз эмгегинин жемишин жеңилдетип алууга умтулушкан. Кен казуучу жердин жанындагы көмүүлөр таң калтырат, маркумдарды  дөбө кылбай туруп, таш үкөктөргө көмүшкөн. Бул аймак үчүн абдан адаттан тыш- бул аймакта иштегенк ен казуучулар ким болушту экен?

Алыс эмес жайгашкан, дагы бир байыркы кен казуучу жерде сөөктөргө толгон аң табылды. Бул эмне, курмандык чалуулардын натыйжасыбы, кен үчүн согуштун жыйынтыгыбы, же тамак аш калдыктары үчүн жуучу чуңкурбу – али жооп жок. Тарыхчылар бере элек. Болгону изилдөө менен алектенишкен эмес, болгону ошо.

«Биз Союздун убагында эле, Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын тарыхчылар институтуна кайрылганбыз. Белгилүү тарыхчылар эч нерсе кыла алышкан жок. Ал жерге атайын топ барган жок. Аларды да күнөөлөгөнгө болбойт, алар мамлекет тарабынан  каржыланган долбоорлорду гана иштете алышчу.  Каржылоо борбордон болгон жана  калдыктуу гана түрдө. Эч нерсе өзгөргөн жок. Көз карандысыздыкты алгандан кийин биз тарых институтуна  табылга туурасында бир нече жолу билдирдик.  Адистер таң калышып, колдорун жаят. Башка эч нерсе жок», – дейт  Илья Мезгин.

Байыркы кен казуучулар жараксыз калдыктарды калыбына келтиришчү эмес. Ошондуктан, жараксыз калдыктардын жылаңач тоо таштары миңдеген жылдардагы эле ордунда жатат. Калдыктардын ичинде да археологдор үчүн түгөнбөгөн изилдөөлөр жатат. Ал жактан орто кылымдагы алтын казуучулардын турак жайлары бар. Муну эмне үчүн эч ким изилдебей жатат, түшүнүксүз.

«Албетте, мен жаңылып калышым мүмкүн, бирок менин мындай жоромолум бар. Эмне үчүн тарыхчылар башка жерлерди изилдөөгө каржылоо издеп, гранттарды алууга чуркап жүрүшөт? Ысык-Көл жакшы, жер кыртышын гана казып отурбастан, сууга түшүп, күнгө күйүүгө болот. Таласта – Манас күмбөзү жарнамаланган, рейтинги жогору обьект. Ал да ыңгайлуу. А Чаткалда эмне бар? Өзгөчө эч нерсе жок. Ысык, чаң. Байыркы таң калычтуу кен каза турган жерди эсептебегенде, өзгөчө эч нерсе жок», – деп божомолдойт Илья Мезгин.

Бардыгы, эгер азыркы кытайдын алтын иштетүүчү компанияларынын биринин иши  табылганын жарымын  талкалап баштабаганда, кадимки эле  илимге каршы  шалакылыктын  алкагында жүрө бермек. Байыркы кен казуучу жердин жанында алтынды бүгүн да казып алса болот, эгер тереңирээк казса. Ал эми жараксыз калдыктарын бир жакка жоготуу керек. Анан кайда? Археологиялык табылгага.  Тонналаган тектин алдында калган  Караханиддер (же ал кимдики эле)  кен казуучу жайы өзү туурасында билгизбей калгыдай.  Биздин тарыхыбыздын изилденбеген, жазылбаган  беттеринин бири ошол окулбаган бойдон жабылып калгыдай.

Албетте, кытай компаниясынын уруксат  алган  документтери бар. Лицензиялар берилген, шартарга кол коюлган. Айтмакчы, иштетүү аймагында археологиялык эстеликтер жана тарыхый жерлер жок деген маалымкатты, ким дебейсизби, болгондо да Кыргыз Республикасынын УИА бериптир. Же тарыхчылар ал табылга  (бут алдында тебеленип, эми болго кытайлыктарынын эксваторлорунун дөңгөлөгүнүн алдында тебеленип жаткан) туурасында билишпейби, же билгилери келбейби? Албетте, булар божомолдоолор гана.

«Ал район илимдин кызматкери катары, мени абдан таң калтырат. Ал жакта жер үстүндө көп нерсе бар, бирок анын баарысы изилдене  элек. Жашоочулар байыркы табылгаларды клзу карынга окшотуп, терип жүргөн айылдар да бар.  Байыркы идиштер сувенир катары терезелеринде турат», – дейт  Илья Мезгин. Албетте, так ушул аймакка кытай кен казуучуларынын келгени жөн гана дал келүү.  Кокусунан ушундай болуп калды, анткени биздин тарыхчыларыбыз Кыргызстандын аймагын изилдешпейт, ал жакта укмуштуудай археологиялык материалдар толтура, бирок ошол эле убакта алтын казуучу кендер да бар.  Чыныгы кокустук.

УИА геология институтунун кызматкерлери ар кайсы инстанцияларга ондогон каттарды жазышты.  Алар обьектилерди ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк изилдөө Тизмесине киргизүүнү суранууда. Алар арызданып, суранып, белги кылып жатышат. Депутаттарга, Илимдер академиясынын коллегиясына, өкмөткө, мамлекет башчысына. Азырынча, геологдордун Кыргызстандын тарыхый мурастарын казууга болгон бул суранычына  эч кандай жооп жок

Анын ортосунда, 2012-жылы 25-апрелде Кыргыз  Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз  Республикасынын Президентинин алдындагы тарых илимдерин өнүктүрүү боюнча жана «Мурас» Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын сактоо боюнча Комиссиясын түзүү» туурасында  Указга кол койду.

Фонд туурасындагы расмий маалымкатта жазылган: «Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастары боюнча изилдөөнү колдоо үчүн шарт түзүү жана тарых илимин андан аркы өнүктүрүү ,  ишенимдүү булактар  базасынын негизинде, о.э. фундаменталдык  илимий эмгектерди, Кыргыз Республикасынын тарыхы боюнча жаңы муундагы  окуу куралдарын  жана көргөзмө куралдарын даярдоо жана чыгаруу. Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурасын изилдөөнү тереңдетүү боюнча бир катар актуалдуу маселелерди чечүү үчүн КР Президентинин алдындагы комиссия түзүлдү».

Анан мындай суроо жаралат, бүгүнкү күнү жогоруда аталган Комиссия эмне иш кылып жатат жана археологиялык сенсацияга ээ жерлерибиз эмне үчүн бульдозер менен жер менен жексен болуп жатат?  Абдан маанилүү суроо. Бул наарызылык да эмес, суроо. Эгер мындай учур үчүн болбосо, «Мурас» кайсы максатта түзүлдү же бизде мамлекеттик демилге  эч бир тармакта таптакыр иштебейби, жада калса формалдуу түрдө дагы?

Кайсы бир убакыт мурда Кыргызстандын коомчулугу, «Манас» эпосу эл аралык деңгээлде расмий түрдө  кытайдыкы деп таанылганын укканда, төбө чачтары тик турган. Болгону, биздин чиновниктерибиз тигил же бул аймактарда археологиялык баалуулуктар жок деп маалымкат берип жаткан учурда, кытайдын адистери өз далилдерин келтирип үлгүрүшкөн экен.  Мүмкүн, Касансай дарыясынын жээгиндеги табылгалар туурасында Кытайдын  өкмөтүнө жазуу керектир?  Баары бир алтын казып алууга берилген лицензиялардын  85 % –  кытай  компанияларында, дагы  10 – алардын көзөмөлү алдында. Мүмкүн, кытай илимпоздору бул таң калычтуу аймакты изилдеп көрүшөөр. Ошондо, жок дегенде биз, миң жыл мурда  байыркы убакта эле  биздин аймагыбызда өнүккөн техниканы колдонуп, элге карата гумандуу ыкмалар менен кен казган ошол кен казуучулар ким экендигин биле алаарбыз…

Светалана Бегунова, «Жаңы жүздөр», 04.11.204-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.