Мирзохалим Каримов. “Менин началнигим ким?”

(аңгеме)

Туура он жылдан кийин жүк ташуучу автобазадан чыгып, бөтөн жайга орношууга туура келди. Ар дайым үйдөн оолактап, алыс сапарга шашылып жүргөн жаным, эми айына 300 сомдон маяна таап бере турган көк кашка «ЗИЛим» менен коштошууга аргасыз болдум. Сөздүн ток этер жерин айтканда, туугандар, аялым күн сайын сүйлөнө берип, жүрөгүмдүн үшүн алды. «Элге окшоп бир начальниктин эле жеңил машинасында иштесең болот го?» деп, кулак-мээмди жеп, тынчымды алды. Акырында «ач кулактан тынч кулак» жүрөйүнчү деген бүтүмгө келип, автобазадан бошодум. Кадрлар бөлүмүнөн эмгек китепчемди алып чыккандан кийин гаражга кире бериш жердеги «Ардак тактада» көп жылдардан бери чапталып турган сүрөтүм менен армандуу коштоштум. Мына ошондо, сүрөтүм: «Кетпей эле иштеп жүрө бербейсиңби? Сен кетсең менин акыбалым эмне болот?» дегендей капалуу тигилип тургансыды мага. Мен ичимди ит талагандай, көзүмдү чып жумуп, ары карай басып кете бердим. Жолдо келатып: «Анчалык нааразы болсоң үйгө барып, арызыңды аялыңа айткын» — дедим сүрөтүмө.

Антип-минтип жүргөнүмчө арадан он беш күн өтүп кетти. Акырында кудай жалгап, шаардагы чакан мекемелердин бирине араңдан зорго жумушка орноштум. Зыңкылдаган жапжаңы «Волганын» шоферу үч эле ай иштеп, бул мекемеден чыгып кеткен экен. Анын эмне үчүн үч эле ай иштеп кете бергенине кызыгып, бирөөдөн сураган жокмун. Машина эски десең, андай эмес. Начальник да анчейин жаман киши эместей сыяктанат. Айран калдым…

Начальнигимдин жашы элүүдөн өтүп калган, оозу оймоктой кичине, далысы кууш, ийрейген арык гана киши. Мага жасаган мамилеси да жылуу. Өзүн жөнөкөй алып жүргөн карапайым адам. Бирок, туугандар, мен эми эле аны менен үйүр алып калган убакта, үч уктаса түшкө кирбеген өзгөрүү болду: кадырман начальнигимди башка жакка которуп жиберишип, анын ордуна түнт, адам менен ачылып-жазылып сүйлөшүүнү каалабаган кыйык, узун бойлуу дардайган киши келип олтурду. Эртең менен үйүнө келсем саламымды дурусураак алик албады. Машинанын арткы орундугуна чалкалай олтуруп, «кеттик» деген таризде тамагын кырып, кызыктай жөтөлүп койду. Кечинде да жумуштан чыккандан кийин үн катпастан башын ийкемиш болуп, көөдөнүн өйдө көтөргөн бойдон короосуна кирип кетти.

Күндөрдүн биринде жаңы начальнигим жумуштан кийин үйүнө эмес, бөтөн көчөдөгү үйлөрдүн бирине баштап келип, машинаны токтотту. Эшикте үч сааттан ашуун күтүп олтуруп, курсагым ачып кетти. Бир оокумдан кийин ал жол боюндагы үйлөрдүн биринен керилип чыгып, машина тарапка басты. Кыязы, бир аз кызып да алган окшойт, машинага олтурар замат дайыма бүркөө жүрчү кабагы кокус ачылып, күтүлбөгөн жерден бакылдап жиберсе болобу!

— Курсагым аябай ачкан экен, тамак бышканча күтүп калдым. Пай-пай-пай, аяшымдын тамагы аябай таттуу болгон экен. Колу гүл да, ээ, тамак дегендин майын чыгара жасайт. Олтуруп туура кылыптырмынбы?

— Ооба, — дедим калп эле жылмайып, — абдан туура кылыптырсыз. Начальнигим үйүнө жакындаганда, мага дагы бир кызык нерсени айтты:

— Сен ничево окшойсуң. Болбосо мурдагы иш жайымдагы өзүмдүн шоферумду алып келейин дедим эле. Ал абдан шайыр, шустрый жигит. Бардык ишти айттырбастан туруп жасачу. Аялымды тим эле алаканына ала «жеңеке» деп, жерге койчу эмес. Ну ладна, сен деле жаман шофер окшобойсуң. Ыкшоолук эле кылбасаң, баары жайында болот: маянаң да көбөйөт, калган-каткан иштериң да орундалат. Эң негизгиси — тил табышалы.

Короонун тушуна келип токтор замат, сырдалган темир дарбаза негедир катуу ачылып, ичкер жактан начальниктин аялы жулкунуп чыга калса болобу.

— Бул не деген издевательство, эй Калдар?! Мен саат алтыдан бери сени күтүп олтурамын. Башкаларды адам ордуна ойлойсуңбу деги?

— Тынчтанчы, кемпир, өкмөттүн иши сага оюнчукпу? — Начальник кудум бирөө төбөсүнө муштап жиберчүдөй башын төмөн ийип, араң эле күңкүлдөдү.

— Өкмөттүн иши деп актанганын карасаңчы! Саат алтыдан кийин иштегин деп эч кимди заставит этпейт, уктуңбу? А сен болсо…

Жаңжал көпкө созулган жок. Начальник машинадан түшүп, анын ордуна начальнигимдин «начальниги» олтурду.

— Келжиреген акмак десе! Кеттик, иним, — деди ал кудум менде да өчү бардай алая тиктеп.

— Каякка?

— Жашылча базарына. Менин туугандарымдын иштери чыгып калыптыр. Баятан бери «машина керек» деп телефон чалышып, аябай күтүштү, байкуштарым.

Зымырылып базарга жеттик. Жеңемдин туугандары базарга кире бериштеги чоң аялдамада биздин келишибизди чыдамсыздык менен күтүп олтурушкан экен. Машина токтор замат эки аял түйүндөрүн көтөрүнүп келип олтурушту. Сүйлөгөн сөздөрүнө караганда алар кимдир бирөөнүкүнө батага бармакчы болгон сыяктанат.

…Түнкү саат он экиден өтүп калганда үйгө келсем, аялым эчак эле каалаганы бекитип, чырактарды да өчүрүп, жатып алыптыр. Уйкучу неме менен түн жарымында ажылдашпайынчы деген ойдо короонун ичине бийик дубалдан ашып түштүм. Айвандагы чыракты жарытпастан, акырын ичкери кирип, чечинип жатып алдым. Эртеси жеңемдин буйругу боюнча эртең мененки саат жетиде туруп короодон чыктым эле, аялым артымдан чуркап келип:

— Таң атпастан каякка жол алдың? — деди ачууланып.

— Начальникке… — Жооп бердим суз гана.

— Ай, эки жумадан бери баланы жуундура албай, сени күтөм. Деги сен үй-бүлөнү ойлойсуңбу?

— Ошол да кеппи? Коңшунун кызын деле чакырсаң, балаңа бир чөмүч суу куюп берет эле го? Чынбы?

— Жок, деги сен үйгө каралашасыңбы же?.. Өзүң тандаган иш эми өзүңө жакпай калдыбы?

— Эмне дейсин? Мен мындай болорун билген эмесмин. Болбосо…

— Начальниктердин машиналарын эле айда деп он жылдык мээнетимди күйдүрүп, эми мунусун да… Ачууланган бойдон басып кеттим. «Начальник» көбөйгөндө адам деген ушундай орто жолдо арасат калат турбайбы. Анысын тыңшасам мунусу, мунусуна кулак салсам, анысы төбөмө жаңгак чагат. Менин курган бир башыма канча кожоюн пайда болгонун ойлосом, заманам тарып кетет. Саат жетиден отуз мүнөт өткөндө начальниктин короосунун алдында болдум. Ичкери жактан кызыл жагоо тагынган жаш кыз менен көкүлдөрүнө ак бантик байлаган кичинекей наристе чуркап чыгышып, машинага олтурушту. Мен дагы бирөө келер деген ойдо рулга өбөктөп турдум эле, артымдагы кыздардын улуусу:

— Эй, шофер, кеттик, — деди энесиндей буюруп.

— Каякка? — Артыма кылчайып карадым.

— Адегенде бул сиңдимди бакчага жеткирип, андан соң мени мектепке түшүрүп коесуз.

Аларды жеткирип келсем, жеңем дарбазанын алдында ары-бери басып, мени карап туруптур.

— Аябай күттүрдүң го? — деди ал. Анан артына кайрылып, дирилдеген ичке, назик үн менен кыйкырды:

— Ай, Айсалкын! Эмил! Болгула тезирээк!

Кабинага үч адам олтурду. Женемди мектепке, келини Айсалкынды ооруканага, Эмилди институтка жеткирип, эң акырында начальнигиме келдим. Ал экөөбүз ишканага саат тогуз жарым ченде жеттик. «Бир аз тынып калдым го, машинаны жууп-тазалап коеюн» деген ойдо эми эле бир чака суу алганымды билем, начальнигимдин катчысы капилет чакырып калды.

— Шефке, — деди ал сөөмөйү менен арт жакка ишара кылып. Ошол замат колумду жууп, начальнигиме кирип бардым.

— Сен азыр жеңеңе жетип бара кой. Ал сени күтүп турат. — Начальник кыска гана сүйлөп, алдындагы кагаздарга үңүлдү.

Көп күндөн бери жуулбай кирдеп жаткан «Волгамды» катуу айдап, мектептин тушуна жеткенимде, жеңем колун алга сунуп, жолумду тороду. Машинаны жолдун четине чыгардым.

— Эмне мынча кечиктиң? — кекетип сурады ал. — Же чоңуң бошотподубу?

— Жок, — акырын үн каттым.

— Чоңуңдан коркпо сен. Кеттик!

— Кайда?

— Душанбеге.

Шаардан чыгып, Душанбе каяктасың деп жол алдым. Төрт саат дегенде араңдан зорго жеттик. Жеңем кайсы бир ресторандан бир койдун этин бүтүн алды. Мен аны көтөрүп, багажникке салып койдум. Анан борборду бир сыйра чарк айланган соң артка тарттык. Алыс жолдо арып-чарчап, начальниктин үйүнө жеттик. Койдун этин мокок балта менеи мүчөлөп, ашкана бөлмөдөгү муздаткычка жайгаштырдым. Иштин баары бүткөндөн кийин гана начальникке келдим. Начальнигим бечара көздөрү чанагынан чыгып кетчүдөй алаңдап, күтүп олтуруптур. Ишкананын дарбазасынан кирип, моторду өчүрбөстөн, кайра чыгып кеттим. Бир сааттан ашуун шаар аралап, начальниктин үйүнө келип токтодук. Ал дүкөндөгу бөлкө нандан жебейт экен. Дайыма базардагы колдо жасалган жумшак нандан жеп жүрүп, ошого биротоло көнүп алыптыр. Экөөбүз кайра базарга барып жумшак нан сатып алдык. Үйгө келген соң: «Эми барып тамактана берейинби?» десем, «Сен кийин деле шам-шум этип аларсың» деп койду. Арга канча, кабинада эки саатча ысыкка какталып олтурдум. Кыйладан кийин ал кара костюмун желбегей жамынып, көз айнегин тагынып чыкты. Оң жак эшикти ачып, ызат менен күтүп алдым.

Ишканага келерибиз менен чыдабастан ашканага жөнөдүм эле, жолумду тороду ал:

— Күтө турасыңбы же…? — деди ал эңилип жатып.

Ии, эмне эле?

— Кайра келеринде бир бөтөлкө коньяк ала келсеңчи. Акча жок болсо, сейфтен алып чыгып берейин.

— Мейли, акчаны кийин деле берерсиз, ала келемин. — дедим курсагым ачканынан оорулуу ашказаным ийне менен сайгандай тызылдап.

Каап, өчөшкөндөй бүгүн жаныма акча салып чыкпаганымды карачы. Болбосо ашканадан тамак ичкен соң коньягын сатып алып келмекмин. Эми үйгө баруудан бөтөн айла жок. Бирок, негедир үйге бутум тартпайт…

Үйгө келсем аялым качан эле тамак ичип болуп, дасторконун жыйыштырып коюптур. Сыртынан караганда сиркеси суу көтөрбөй жинденип туруптур.

— Саатты карачы! Канча болуптур? Бирден кечикпей обедке келемин дебедиң беле? Сени күтө берип…

— Мен эмне, жаш балача көчөдө ойноп жүрүптүрмүнбү? Иш болгондон кийин кээде ушундай да болот го. Ага эмне мынча кейийсиң… — Аялымдын көңүлүн көтөрүү үчүн атайылап кошомат кылууга аракеттендим. — Бүгүн биздин ишканага жогортон текшерүүчү келди. Начальнигим ошону менен башы маң болуп кечке жүрдү. Өзү да тамак ичкен жок бечара.

— Эч нерсени билбейм мен, атүгүл билгим да келбейт» Обед есть обед. Мындан ары саат бир болдубу, жөө болсо да үйгө жетип келгин. 130 сом маянаңдын жарымын ашканага төлөсөң, балачаканы ким багат?

Заманам тарып, өзүмө-өзүм ичим ачышты. «Өзү таап орноштурган иш эми өзүнө жакпаганын карачы» деп жүрөгүм мыкчылып сумсая түштүм.

— Кантейин анда, өзүң айтчы? — Күнк эттим. — Бул ишти да таштап бөтөн жумушка орношоюнбу? Ыя?!

— Чык! Андай маанисиз иштин кереги эмне. Жок дегенде базарга барып майда-чүйдө сатып келалбаган, өз убагында тамак ичирбеген, башкалардыкына окшоп бир пайда келтирбегенден кийин анын эмне зарылчылыгы бар? Иштен чык дедимби, чыккын! Ушу бүгүндөн кечиктирбестен арызыңды жазгың: Кудай буюрган тамагын өз маалында ичпей, машинасын аяган кандай начальник экен ал? Үйүндөгү аялы да мага окшоп кан какшап жүргөн чыгар?

Шорум куруп, тамак да иче албадым. Аялым менен ажылдашып олтуруп, бир сааттык убактымды бекерге өткөрүп жибердим.

— Болуптур, — дедим калп эле аны көшүтүп, — чыксам чыгып кетейин. Бирок, мага азыр он беш сом берип тургун.

— Ии, эмне үчүн?

— Керек болуп калды.

— Эмнеге керек болуп калды?

— Начальнигим карыз сурады эле. Мен…

— Он беш сом түгүл, он беш тыйын да бере албаймын! Барып ушинтип айт! Калпты сүйлөгөндү билбейсиңби? Аялым үйдө жок экен дегин. Шылтоо толуп жатат. Аңкоо болсоң, биротоло моюнуңа минип алат ал.

Сабырым суз тартып, машинага олтурдум да, ишкананы көздөй сыздым. Жол ката колдорум, жаактарым, буттарым калчылдап, эки бетим дандырга кызарган нандай ысып кете бердим. Кардым ачышып, башым айланып, көңүлүм айныды.

Ишканага келсем, начальник ыраңы купкуу болуп күтүп олтуруптур.

— Ой, шофер (ал мени атымдан чакырбастан, дайыма мына ушинтип атачу), эч ким көрбөсүн, — деди ал көздөрүн алайтып. — Кагазга оролгонбу?

— А, кечиресиз, алып келалбадым. Аялым экөөбүз бир аз айтышып калдык. — Эки бетим оттой ысыды.

— Фу, чорт, бийликти аялыңа берип коюп, эми селпейгенин карачы. Мококсуң! — деди ал аргасы куруган адамдай тызылдап.

— Ооба, мен мококмун, мени жумуштан бошотуңуз. Тажап бүттүм. Өзүмдүн автобазама барбасам болбойт экен.

— Эмнеге? — Начальник аңкайып туруп калды.

— Аялымдын буйругу мына ушундайча, — дедим жерге чырт түкүрүп ийип. — Анын үстүнө…

— Аа, бечарам, сага мен эле начальникмин десем, көрсө, үйдө дагы бир «начальнигиң» бар турбайбы? — деп аёолу тигилди мага.

— Үчүнчүсүн да билесизби? — дедим кыжырым келип.

— Жок?

— Үчүнчүсү — сиздин аялыңыз. Анын жардамчысы — орунбасарлары болсо, кыздарыңыз, келиниңиз, туугандарыңыз. Эми билдиңизби?

Начальник мага көпкө чейин жаман тиктеп турган соң, көөдөнүн кере минтти:

— Ушундай экениңди мурда эле сезгенмин. Жаз арызыңды!

 

m_karimovМирзохалим Каримов. 1952-жылы Тажик ССРинин Жерге-Тал районунун Бүтөө-Көл айлында туулган. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. Мирзохалим «Мажүрүм тал», «Кыя жолдор» аттуу повесть жана аңгемелер жыйнагынын автору.

 “Кыргыз көчү” сайтынан алынды

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.