Балдай ширин чыгармаларды жаратып…

Ата-бабалардан калган салттуу билимдер, үрп-адаттар, салт-санаалар менен маданий, диний баалуулуктар-бул дүйнөдө тексиз, урук-тукумсуз жок болуп кетпөөгө мүмкүндүк берген парадигмаларды уюштурат. Бул баалуулуктарды астейдил сактап, темирдей бекем кармана албаган этностор тарыхтын айдыӊында жок болуп кетишкен. Демек, табият менен адамдын ортосундагы теӊ салмактуулукту жана шайкештикти сактоо — билим берүүнүн жана маданияттын түбөлүктүү милдети. Албетте, билим, илим, маданият жекече, индивидуалдуу жана кайталангыс феномен. Ал кайталангыс дүйнөнүн кайталангыс космосу.

Дал ошондой кайталангыс көркөм дүйнөдө асылдык менен сулуулуктун феноменин жараткан жана ширин сөздүн үнүн тыӊшап, анын кубанычы менен кайгысын, муӊу менен сүйүнүчүн, акыл менен жүрөктөн өткөрүп, адам мүнөзүнүн космосун тереӊ жана кенен, ар тараптуу Мурза Гапаровго гана таандык стилде иликтеген залкар жазуучулардын сабында турат.

Кыргыз эл жазуучусу Кеӊеш Жусупов белгилегендей, анын каармандары көздөгөн максатына, идеалына жетишет, же сулуулукту жаратышат, же сулуулукту издешет, ага жетүүгө аракеттенишет. Анын калеминен “Мейман”, “Бир шиӊгил жүзүм”, “Кара-Көлдүн каздары”, “Дарыялардын шоокуму”, “Кызыл беде”, “Күнөстүү арал”, ”Жаӊгак токойдун жомогу”, “Экөө ээн бакта” деген аӊгемелер, повесттер жыйнактары жаралган. Мектеп балдар үчүн “Биздин жакта-Арсланбапта” деген ыр китеби чыккан. Ал эми драматург катары ”Кадыр түн”, “Дарыялардын шоокуму”, “Биздин үйдүн Карлсону”, “Жамгырлуу түндүн жомогу”, “Разияны эскерүү, же өзүбүздүөзүбүз ойнойбуз”, “Күнөстүү арал”, “Зулайканын шатысы”, “Чагылгандын огу”, “Темир корук”, “Сүйүү кайыгы”, “Киотого кеткен жол”, “Туздуу чөл”, “Аялдардын деӊизи”, “Куурчак”, “Өткөн жылдын кары кайда?” деген пьесаларын токуган. Ошондой эле жубайы менен бирге (Г.Гапарова) “Мээримдүү Мээри”, “Бар үмүтүм сенде София-Булан”, “Өлгүм келет, спонсор керек”, “Кызганчаак келиндердин кечеси”, кызы Айкыз менен бирге “Караван сарай” деген драмаларын жараткан. “Бул да коога эмес”, “Көчө”, “Квартирант”, ”Аталардын жери” ж.б. көркөм жана документалдык фильмдердин сценарийин жазган.

Өйдөкү аталган лирикалуу, романтикалуу аӊгемелеринде, повесттеринде, киносценарийлеринде, пьесаларында устаранын мизинде оодарылган адам тагдырлары улуттук жана бүткүл адамзаттык, Чыгыштык жана Батыштык баалуулуктардын ширөөсүнөн бүткөн ичкиликтердин тилине мүнөздүү болгон көркөм боектор менен шөкөттөлөт. Анын чыгармаларын кайра-кайра окусаӊ да кумарыӊ канбайт, балдай ширин.

Автордун чыгармаларында өмүр менен өлүм, жакшылык менен жамандык, адам менен табият, акыйкат менен наадандык, адам менен ишеним, адам менен улут, ыйман менен ар-намыс, адеп менен парс, мүнөз менен тагдыр жана башка проблемалар көркөм-эстетикалык жана поэтикалык-философиялык деӊгээлде жалпылаштырылган.

Жазуучу өзү айткандай, дегеле адабият менен искусствонун милдети адамды адамгерчиликтүү кылыш, адамдын мүнөзүн жумшартып, пейилин оӊош керек. Ар бир чыгарманын өзөгүндө кандайдыр бир нравалык данек, уютку болушу эп.

Сомосунан айтканда, сөз менен ой чебери залкар жазуучу Мурза Гапаров жалпы эле окурманга ат көтөргүс адабий жана маданий мурас калтырып кетти.

Кыргыз адабиятынын тарыхы, адабият таануусу жана адабий сыны — үчилтектүү кыймыл-аракетте өнүгүп жаткан таза улуттук илимдердин бири. Булар өзүнүн турпаты боюнча жаш илимдердин катарына кирсе да, азыр калыптанып, сапаттуу өнүгүүнүн жана тереӊдөөнүн татаал процесстерин башынан кечирүүдө. Ал күчкө толуп жетилген сайын өз чөйрөсүнөн, өз алдынча жаӊы бөлүмдөр, жаӊы багыттар пайда болууда.

Мына ошондой өз алдынча багыттардын бири – Мурза Гапаровдун инсандык тагдыры жана көркөм чыгармаларынын эстетикалык-поэтикалык баалуулуктары.

Менимче, жазуучунун чыгармачылыгы үч чен-өлчөмдүн, критерийдин негизинде каралганы оӊ.

Биринчиден, жазуучунун турмушту, чындыкты сүрөттөөдөгү өзгөчөлүгү.

Экинчиден, жалпы адабий процесс жана Мурза Гапаровдун көркөм чыгармаларынын нарк-насили.

Үчүнчүдөн, Гапаровдун ар бир чыгармасынын конкреттүү турпаты, курамы, структурасы жана көркөм-эстетикалык касиети, сапаты.

Албетте, жазуучунун чыгармаларын талдоодо төмөнкүдөй методологиялык проблемаларды эске алышыбыз керек.

Асыресе, демократиялык коомдо таанып-билүүнүн плюрализми үстөмдүк кылып турган чакта адабий түшүнүктөр, терминдер жөнүндөгү интерпретациялар дайыма эле бирдей боло бербейт. Ал эми адабий чыгарма жана анын автору жөнүндө ар башка пикир гана эмес, карама-каршы позициялар да кездешпей койбойт. Демек, М.Гапаровдун көркөм дүйнөсүн изилдеген инсан ар дайым жана туруктуу түрдө чындыкка жакын турушу керек деген ишенимдемин.

Ошондой эле, баалуулуктар өзгөчө кулпуруп жана ар түрдүү болуп турган чакта бардык эле адабий теориялык терминдер, түшүнүктөр өзүнүн бүткөн, биротоло калыптанган аныктамасына, формуласына ээ эмес. Улам жаӊыланган адабий процесске жана улам жаӊыдан келген адабий муундун чыгармачылыгына байланыштуу адабий-теориялык түшүнүктөр да өздүк маанисин кеӊейтип, кубулуп олтурат.Демек, изилдөөчү ар дайым жана туруктуу түрдө багытын жоготпой, адабий окуялардын тынымсыз жүрүп турган процессинин “тамыр” кагышын сезип турушу жөндүү.

М.Гапаровдун маданий-эстетикалык мурастарын көркөм өнөрдүн көркөмдүк касиети менен иликтөөгө болгон орошон аракеттер жакында жазуучунун бир кезде өзү окуган Улуттук университеттеги анын мааракесине арналган илимий-тажрыйбалык конференцияда байкалды жана сүрөткердин көркөм мурастары улуттук баалуулук катарында насыйкатталды.

Назаркул Ишекеев, Ж.Баласагын атындагы КУУнун проректору,
педагогика илиминин доктору,
«Кутбилим», 01.07.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.