Дүйнө адабиятынан
Иоганн Вольфганг Гете
СУРАКТА
Сурайсыңар “атасы ким балаңдын?” –
Сурагыңа даярмын.
Мен силердей эки жүздүү эмесмин,
Адал жүргөн аялмын.
Билбейсиңер, боюмдагы чүрпөнүн
Ээси менен жүргөмүн.
Алтынбы же саман калпак киеби? –
Ал менин ак сүйгөнүм.
Уят, шылдың, күлкүңөргө чыдаймын,
Ушагыңар кан сиет.
Карап турат калыс көзү Кудайдын
Мен сүйөмүн, ал сүйөт.
Тергөөчүлөр, абийриңе карагын,
Тек, жайыңа тарагын.
Силер эмес бага турган сүт берип,
Мен эмизем баланы!
Кыргызчалаган Эрнис Турсунов
Константин Ваншенкин
* * *
Киринип жаткан сулууга
Чечинди четке кыз барып,
Көрбөйт ко деген болжолдо.
Уялып жаны кысталып,
Энеден туума болгонго…
Каныккан картмак аялдай,
Баспастан кенен чалкалай,
Баратат бекип, даай албай
Кол менен денин калкалап.
Араак өтсө эл чеги,
Бирөө көрүп койсо, уят.
Ак төшүндө мамагы
Тырсыят да, тырсыят.
Суу жеткенде тизеге
Сулк жыгылды түз эле.
Суну шапшып аягы
Сүздү сулуу баягы.
Ыүкып турат түз талаа
Шыбыш какпай жалбырак.
Суз табият тынч гана
Кызды тиктейт жалдырап.
Кыргызчалаган Сүйүнбай Эралиев
Райнер Мария Рильке
* * *
Жок мага сенсиз жашоо бу жарыкта.
Көр болсом – көрөт сени көкүрөгүм,
кер болсом – угат сени бүт илебим,
шал болсом – кууп жетем мунарыкта.
Ант берем эрдим менен – тилди кессең,
кысамын жүрөк менен – колум сынса.
Токтоткун жүрөгүмдү. Мээм кагат
ылайым ырайым жаар жолуң карап.
Жок эгер, аймап, жалмап жалын мени
ашыктык өрткө айлантса, күлгө айлантса –
Барыбир бирге айланам каның менен.
Жок мага сенсиз жашоо бул жарыкта.
Кыргызчалаган Алым Токтомушев
Владимир Соловьев
* * *
Көрдүңбү, досум? Көз жеткен
барынын көрүп аныгын,
көрөбүз анын болгону
көлөкө же бир жарыгын.
Уктуңбу, досум? Жашоодо
шатыра-шатман түбү бу,
жашообуз куру жаңырык
күрү-гүү болуп, күрү-гүү.
Сездиңби, досум? Ааламда –
о, андай күчтүн бири жок:
жооп айтат жүрөк жүрөккө
тили жок туруп, тили жок!
Кыргызчалаган Олжобай Шакир
Наапет Кучак
* * *
Жат жерге барам… келди шарт
Жалындай жаштык куракта.
Эшке чык, мени жолго узат……
Күт мени бир жыл убакка.
Жыл бою чакыр, зар болгун!
Кайрылсам – кула кучакка.
Келбесем – кара кийип ал,
Кайгы-муң тартпа узакка.
Кыргызчалаган Анатай Өмүрканов
Атамурад Атабаев
ҮЧ АСЫЛ
Үч аялды сүйөрүм ак чынында
Үчтү жазды маңдайыма жараткан.
Эркек-али эркек эмес ырымга
Үчөөн жазбай өмүр кечип бараткан.
Алгачкысы түшкө кирген керемет,
Кыялымда кыл жукпаган асылзат.
Экинчиси маган али келелек…
Үчүнчүсү маңдайымда какылдап.
Кыргызчалаган Жолдошбек Зарлыкбеков