Жан эргиткен “Жалжалымдын” сыры

Атпай кыргызга таанымал коомдук ишмер, академик Жамин АКИМАЛИЕВдин ырчы, обончу, комузчулук өнөрү көп учурда айтылбай келет. Муса, Калмурат, Шекербек, Молдобасан өңдүү залкарлардын батасын алып, таалимин көргөн Жамин Акималиевдин бай көрөңгөсү көптөгөн мыкты обондордун жаралышына өбөлгө болгон. Ал ырлардын башында эбак элдик болуп кеткен “Жалжалым” турат. Төмөндө ушул обондун жаралышы, жалпы эле чыгармачылыгы жөнүндө сөз кылабыз.

Жамин ага, “Жалжалымдын” жаралыш тарыхы эсиңизде барбы?
“Жалжалым” менин чыгармачылыгымдын туу чокусу. Андан кийин да онго жакын обон чыгардым, бирок мага эң жакыны “Жалжалым”. Ачыгын айтканда, бул обон чыгармачылыгымдын, солкулдаган жигиттик курагымдын гүлдөп турган учурунда жаралган. Ага чейинки ички даярдыгым, баарыдан мурда ушул обонду жаралышына себепкер болгон жагдайлар “Жалжалымдын” чыгып калышына себепкер болду окшойт.

Бул ырда “көрүнгүм келет көзүңө” деген сырдуу саптар бар…
Сурооңдун төркүнүн түшүндүм. Эми “Жалжалымдын” кимге арналганы жашыруун сыр боюнча эле калсын. Бир моюнга ала турган нерсе, “Жалжалымдын” обону биринчи жаралганына караганда, байкеңерди отко салган ошол аруу сезимдердин күчү оңой болбосо керек деп эле койгула. Бул обондун сөзү Аалыкеники (Аалы Токомбаев). Ошентип кайдан-жайдан келген канаттуу обон тынчтык бербей, күйүп-жанып жүргөнүмдө Аалыкенин “Назбүбү” деген ырын таап алдым. Кыңылдап көрсөм тимеле жата калып жатат. Анан анча-мынча жерине кол тийгизип, атын “Жалжалым” деп өзүм билип коюп, 1964-жылы радиого барып жаздыргам. Жаздырганда да сөзү А.Токомбаевдики, обону элдики деп жаздырып салдым. Анткенимдин себеби бар эле. Биринчиден, атам ырдабайсың деп койгон, экинчиден, ал кезде аспирантурада окучумун. Кесибим болсо ыр-күүгө кайнаса каны кошулбаган агроном. Партиянын да мүчөсү болуп калгам. Ал кезде саясый талап да башкачараак эле. Анан баягы Акималиев ырдап кетиптир деп айтпасын деп тартынып койдум. Ошону менен элдик ыр катары элүү жылга чукул ырдалып келди. Жакында гана КТРКнын “Кош жылдыз” программасына ырдап чыкканымда “Жалжалым” менин ырым экенин билип калышты окшойт.

А.Токомбаев сөзүмдү оңдоп жиберипсиң деп таарынган жокпу?
“Жалжалым” радиодон жаңырып элге алынып кеткен кездерде Аалыкеге жолуктум. Өзүмдү тааныштырып, ырыңызды кичине өзгөртүп койдум эле, кечирип коюңуз десем, а киши таарынмак турсун: “ой, сенин акындык жагың да бар турбайбы, менден өтүп кетпедиңби” деп аябай ыраазы болгон эле. Кийин Аалыке менен ата-баладай сыйлашып жүрдүк. Жакында Аалыкенин уулу Тарас айтып жатпайбы, “биздин үй-бүлө “Жалжалым” ырдалганда тура калып угабыз. Бул атабыздан калган салт” деп. Көрсө, Аалыке ошентип укчу экен. Сыягы обон аркылуу ал кишинин да айтайын дегенин бере алсам керек го.

“Жалжалымдан” кийин жалындаган жоксузбу?
“Жалжалымдын” илеби оңой менен кайткан жок. Андан 4 жылдай өткөндөн кийин “Ак кептерим” деген обон жаралды. Мунун да обону мурда жаралган. Сөзүн айтылуу акын Эсенгул Ибраев жазган. “Ак кептеримде” “ай, сага жетпедим” деген өкүнткөн саптар бар. Туюк айтканда бул обондо “Жалжалыма” жете албай калган өксүгүм, арылбаган арманым айтылды окшойт. Ошону менен эле “Жалжалым” эпопеясы бүткөн жок. Ш.Бейшеналиевдин “Жабыкпа селки, жашырба” деген сөзүнө дагы бир обон жаралды. Бул обондун башатында да баягы “Жалжалым” турду окшойт. Мындан тышкары, менин көңүл күүмдү, жандүйнөмдү туюнткан “Билсең боло” ( обону А.Аманбаевдики, сөзү Б.Сарногоевдики), “Аппаксың түшкөн кардан да” (обону К.Досмамбетованыкы, сөзү А.Белековдуку) өңдүү башка мыкты ырларды да аткара баштадым. Баарынын арасында бир ооз болсо да жалжалым деген сөз же ошол учурдагы жан маанайымды чагылткан кайрыктар бар эле. Кошумчалай кетсем, акын Абдылда Белеков бир жолукканда менин аткаруумдагы сөзүн өзү жазган “Аппаксың түшкөн кардан да” аттуу ыр өзгөчө чыккандыгын айтып кубандырган. Азыр токсонду чамалап калган алп сезимдүү акын бир өксүгүң билинип турат ээ деген болчу. Ушул ырлардын баары кыргыз радиосунун алтын фондусунда сакталып турат. Айтмакчы, учурунда Асанбек Абдыласов деген нарындык мыкты обончу бар эле. Ошонун Байдылданын сөзүнө жазган “Жай түнү” аталган ыры бар. Ал ырды алгачкы ырдап чыккан мен болдум. Менден кийин С.Чечейбаева, С.Шералиев ырдап чыгышты окшойт.

“Жалжалымдын” жаралыш сыры тегин эместей. Ошентсе да элдик ырга айланып кеткен мындай обонду жаратуу үчүн табыгый талант, уңгулуу угут зарыл эмеспи. Комуз кармап, обон созуп калышыңызга эмне себеп?
Атам комуз кармачу эмес, бирок ыр-күүнүн анык ышкыбозу болчу. Айылга келген өнөрпоздорду үйгө түнөтпөй кетирчү эмес. Апам чоң кошокчу киши болгон. Биздин Ак-Талаанын Байгөнчөк, Үгүт айылдары эмес, башка жактарга да ат чаптырып алып кетишчү. Азыр ойлосом, апам элдик кошокту гана жакшы билбестен, өзү чыгарып кошчу тура. Апам баргандан кийин эл кадимкидей топтолуп тыңшап калышчу. Анан сай-сөөктү сыздата кошкондо ыйлабаган жан калчу эмес. Атам көп жылдар бою айылдык советтин төрагасы болуп иштеди. Келим-кетимдүү, казан-аштуу киши эле. Бир жолу кадимки Муса келип таң аткыча ырдаганы эсимде. Атам үйрөнсүн, бирдемең жуксун, батаңды берип кетээрсиң деп мени жанына отургузуп койгон. Эми, Мусакенин боз үйдө, көпчүлүктүн маңдайында ырдаган ыры менен азыркы радиодо ырдалып жүргөн ырларынын айырмасы асман менен жердей десем жаңылышпасмын. Анын булактай тунук үнү азыр да кулагымда. Ошол Муса келип ырдап, мага батасын берип кеткенден кийин талпынып эле калдым. Ырдагым, ошолордой таңшытып комуз чертким келип токтоно албайм. Атам байкаган окшойт, кып-кызыл өрүк комуз таап келди. Үйрөтсүн деп Мусанын көздөй шакирти, анын ырларын кемелине келтире ырдаган Жумакадыр Айтбаев деген белгилүү ырчыны үйгө ээрчитип келген. (Ал киши кийинчерээк филармонияга иштеп кетти). Ошентип үч күндүн ичинде обондуу ырларды кайрыганга жарап калдым. Мындан аркысын өзүң эле алып кетесиң деп Жумакадыр ага жөнөп кетти. Атам кайда барбасын патефондун табактарын таап келээр эле. Аларды да көп укчумун. Айтмакчы, айтылуу Калмурат ырчыны да көрүп калдым. Ал киши согушка барып жаңы эле келген экен. Атам атайы чакырып келип башын куттуктап берчүсүн берип, ушул балам талаптанып жүрөт, байкап көр деп өтүндү. Узун бойлуу, албеттүү киши экен. Кайран кишинин оң колунун эки манжасын ок алып кетип комуз черталбай калыптыр. Үнүм да болбой калбадыбы деп кейип отурду. Мени ырдатып көрүп батасын бергендей болду.

Сөзүңүзгө караганда атаңыз Акималы сизди ырчылык жагына жакшы эле багыттаса керек…
Ушу жери кызык. Атам мени баарыдан мурда адам болсун десе керек. Мен он беш жашымда эле мектепти экстренно окуп бүтүп койгом. Окууга аябай дилгир элем. Мектепке алты жашымда эле баргым келди. Бирок ошол кездеги мугалимдердин мыйзам сыйлаганын карабайсыздарбы, жети жашыңан келесиң деп албай коюшкан. Албаса мейли деп өз алдымча тамга таанып алып, китеп дүйнөсүнө кирип кеттим. Мектепке баргандан кийин китепканадагы болгон көркөм адабияттын баарын окуп чыктым окшойт. Ошентип эки классты бир аттап отуруп, он беш жашымда аттестат алып, атама музыкалык билим алып артист болгум келгенин айттым. Ошол учурда Москвадан соода институтуна бир орун келип, Нарын облустук окуу бөлүмү мени барасың деп жаткан. Аны да айттым. Атам жарыктык бир сүйлөгөн киши болчу, Бир аз туруп, “…эки гана нерсени окубайсың. Биринчиси, артист болбойсуң. Экинчиси, эч качан соодага барбайсың”. Калган окуу-кесиптин баарына бара бер деп койду. Ошентип атам эмнегедир өнөр адамы болушумду каалабады. Москвага да барбай бул эле Фрунзедеги жаңы ачылган кыргыз мамлекеттик университетинин филфагына тапшырайын десем, жашың он беште эле экен деп албай коюшту. Айла жок, азыркы айыл чарба институтунун туңгуч ачылып жаткан агрономия факультетинде окуп калдым. Мен үчүн окууга өтпөй кайра айылга кетүү аябай намыс болгон. Бирок туз-насип ушул кесиптен айткан экен, катардагы агрономдон академикке чейин жеттим. Мүмкүн филфактан окуп бала кезден аңсаган адабиятка же артисттик өнөргө аралашып калганымда тагдыр жолум башкача кетээр беле ким билет? Анткени ошол балжууран бала чагымдан көркөм дүйнөгө жуурулушуп өспөдүмбү. Биздин Үгүт айылыбыз Ак-Талаанын Нарын суусуна эң жакын жайгашкан айылдарынан. Бала чагым ошол күркүрөгөн Нарын дайрасынын жээгинде өттү. Өзгөчө Нарындын кирип турган учурун жактыраар элем. Жайкысын атам ысып кетесиңер деп айтылуу Орто-Сырт жана Арпа жайлоосунун Ителги, Жайсаң-Төр деген жерлерине жөнөтүп жиберчү. Ошол жайлоолордун кооздугун айтпа. Белден буралган бетеге, аңкыган гүлдөр, ажайып жаратылыш. Ушунун баары мени көркөм дүйнөгө, комузга, чыгармачылыкка жакын кылып өстүрдү.

Кесибиңиз башка болгону менен ырчылык жактан Муса, Калмурат өңдүү залкарлардан таасир алып өскөн экенсиз да?
Мен бул жагынан бактылуумун. Айыл чарба институтунда окуп жүргөнүмдө кадимки чоң комузчу, ырчы Шекербек Шеркуловдун өзүнөн таалим алып калганым бар. 1956-жылы ырчы Ж.Чабалдаев, “Таң булбулу” күүсүнүн автору М.Борбиев, мен, дагы эки бала болуп Москвадагы чоң театрдын залында Атайдын “Маш ботоюн” чертип лауреат болуп келгенбиз. Комузду кол ойнотуп черткенди залкар Шекең өзү үйрөттү. Ал кишидей Атайдын “Ак тамак, көк тамагын” эч ким аткаралбас. Ыр десе ыры, күү десе күүсү төгүлгөн адамдын асылы эле. Бул кишинин да жарыгын көрүп калдым. Ал эми ырчы Жапар Чабалдаев менен өмүрүнүн аягына чейин үзөңгүлөш болуп, чыгармачылык байланышта жүрдүк. Эми андай ырчы чанда чыгат.

Менин манасчы, ырчы, обончу, төкмө акын Молдобасан Мусулманкуловдун үйүндө бир жыл жашап калган жайым бар. Уулу, композитор Калый Молдобасанов менен катарлаш өстүк. Молдобасан атанын үйүнө Саякбай, Карамолдо, Осмонкул, Алымкул, Ыбырай өңдүү залкарлар көп келчү эле. Ошондо Карамолдо “Насыйкатын” сыздата чертип отурганда көзүмдү алалчу эмесмин. Саякбай күпүлдөп манас айтчу. Ыбырай күү артынан күү төгөөр эле. Молдобасан ата манастан, күүдөн тышкары элдик күйгөн ырларды жеткире аткарчу. Ушунун баары мен үчүн элдик өнөрдүн бүтүндөй академиясын бүтүргөнгө тете болду окшойт. Комузду колго алганымда ушул адамдардын элеси, ыр-күүгө, өнөргө жасаган мамилелери көз алдыма келе калат. Азыр байкасам, өзүм билип-билбей улуу өнөрпоздордун чоң мектебинен өткөн экемин. Сөзүмдүн башында “Жалжалым” обонун чыгарууда ички даярдык менен келдим дегеним тегин жеринен эмес. Демек, мени өнөргө үндөгөн атамдын да мээнети текке кеткен жок окшойт.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 22.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.