“Адам” менен “кишинин” мааниси
Бир эле адам деген сөздү алалы. “Адам” же адамзаттын атасы–Адам Ата. “Адам адамга дос”, “Адам баласы”, “Адамдан башкача экен” деп коет. Бул сөз бир эле убакта эки башка мааниде колдонулат. “Адамдан башкача жаралган киши экен” десе, “сонун киши экен”, “мыкты киши экен” деген маанини берсе, “Ой, каапыр, адамдан башкача экен!” десе, “Бул соо киши эмес экен, бул жаман киши экен” деген маанини берет. “Ал адам болбойт” дейт. Бул ооруп жаткан адамга айтылат. “Күндөн күнгө начар, ал адам болбойт” дейт. Кээде соо эле кишиге, жүрүш-турушу менен адамдын көңүлүн калтырган кишиге айтылат. “Ал адам болбой калды, ит экен, кайра эле ичип кетти” дейт.
Күтүүсүз жерден таң калгандыкты билдирген сөз бар. “Адам ээй, муну кара, мага каяша сүйлөгөнгө жарап калыптыр” дейт. Же башка бир мааниде “Адам ээй, сени да көрөт экенбиз да” дейт.
Эми “киши” деген сөзгө келели. “Киши” деген “Адам” деген сөздүн экинчи бир аты. Мисалы “ургаачы киши”, “эркек киши” деп коет. “Ургаачы аял экен” деп айтпайт.
“Көп кишинин бири экен” дейт. Эч кандай деле артыкчылыгы, өзгөчөлүгү жок эле киши экен деген маанини билдирген сөз.
“Киши кара келди” дейт же “Киши кара келип калбасын, чайыңарды даярдап турсаңарчы?” дейт. “Киши кара көрүнбөйт” же “Киши кара көрбөдүм” деген да сөз бар.
”Киши кийик” деп коет. Бул жапайы кишини атагандагысы.
“Эми киши бол” дейт. “Ал киши болбойт” дейт.
“Үйдө киши барбы?” дейт. “Кишиге айтпа” дейт. “Ал деген башка кишиники тийбегин” дейт. “Киши кейпиң жок экен” дейт. “Кишиликтен чыгып калды” дейт. “Үч жүз кишилик зал экен” деп да коет же “Беш кишилик аш кылыптыр” дейт. “Кишилиги бар эле” дейт. Сылык, сыпаа, тарбиялуу дегенди түшүндүрөт. “Кишимсип коюп жүрө бербейсиңби?” дейт. “Кишиге окшошумуш болуп түр көрсөтүп жүрө бербейсиңби?” дегени. “Бул жакындарын көргөн сайын киширкеп калды” дейт. Өзүн киши сезип калды деген мааниде. “Мурда аябай ындыны өчүп калды эле эми, оту күйүп тирилип калган турбайбы” деген мааниде. “Булар бу кейпи менен сени мындан кийин деле кишисинтпейт” дейт.
“Кишичил айгыр” экен дейт. “Кишичил буура экен, байка, чайнап салбасын!” дейт.
“Атаңгөрү, кишичилиги мыкты адам эмес беле?” дейт. Адамгерчилиги мыкты эмес беле дегени. “Киши-миши дебеймин, кишмишиңди жебеймин” деген да сөз бар.
Алтайда аялды “үй киши” деп атайт. Ошону менен бирге эле эркектин төбөсүн “ыйык” деп эсептешет. Алтайлыктар эркектин төбөсүнө өзүнүн энеси менен аялынан башка бөтөн бирөөнүн колун тийгизишпейт.
Шайлообек Дүйшеев, «Азаттык», 29.03.2015-ж.