«Ырдайлы кыргыз ырларын»

Кыргыз тилинин мамлекеттик тил статусун алгандыгынын 20 жылдыгына карата Ош шаарында мамлекеттик тилдин бир айлыгы жарыяланган. Анын алкагында кыргыз тилинин кадырын көтөрүүгө, аны сактоого багышталган иш-чаралар өтүп жатат. Мына ушундай иштердин бири «Ырдайлы кыргыз ырларын» деген аталыштагы ыр кесе шаардагы мекеме-ишканаларда старт алды. Ыр кесенин алгачкы сапарын Оштогу жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатынын эмгек жамааты баштап, анда эмгектенген түрдүү улуттардын өкүлдөрү кыргыз тилин даңазалаган ырларды ырдап, акыйнек, макал-лакап, «Манас» айтып көркөм өнөрлөрүн тартуулашты. Ыр кесе кезегин аталган жамаат Ош шаардык суу чарба башкармасынын эмгек жамаатына беришти.

Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө кыргыз ырларын ырдап, «Манас» айткан боордош элдердин өкүлдөрү менен баарлашып, бөтөн улуттун өкүлү болгондугуна карабай жүрөгүндө кыргыз деп жанган мекенчилдик духуна күбө болдук.

Түрк уулу Ибрагим Кучиев, «Кыргыз жери» ырынын аткаруучусу:

– Ырды аткарып жаткан учурда сизде кандай сезимдер болду?
– Кыргыз жергесинде төрөлүп, чоңоюп тузун таткандан кийин мен үчүн анын ар бир заты кымбат. Ырды аткарып жаткан учурда кыргыздын керемет жерлери, анан шыңга бойлуу башына ак калпак кийген кыргыз жигити менен кырк өрүлгөн чачы жерге төгүлгөн керме каш кыргыз бийкечи көз алдыма тартылат.

– Кыргыз тилинин сиздин жашооңузда орду кандай?
– Жогоруда айткандай менин бүт өмүрүм ушул жерде өтүп, өнүп-өсүп жаткандыктан эне тилим деп мен кыргыз тилин атайм.

Орус улутунун өкүлү, манасчы Сергей Кравуов:

– «Манас» айтууга кандайча кызыгып калдың?
– Мен биринчи жолу «Манасты» 18 жашымда кызыгып өз алдынча эле жаттап алганмын. Азыр жашым 25ке барганына карабай ошол мезгилдеги жаттаган саптарым күнү бүгүнкүдөй эсимде турат.

– «Манастан» үзүндү айтканыңда ошол саптардагы окуяларды айтып бере аласыңбы?
– Биринчи жаттаганда эле саптардын маани-мазмунун түшүнүп аламын. Ошондо жаттаганга оңой болот. Мен аткарган үзүндүдө кыргыз-калмак элдеринин урушу тууралуу баяндалат.

Өзбек кызы Данохан Игамбердиева, «Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын» ырынын аткаруучусу:

– Сиз аткарган ыр эмнеси менен жакты?
– Мен үчүн кыргыз тили ыйык. Бул тилдин ийкемдүүлүгү, сөздөрүнүн курчтугу, таамайлыгы мени ар убак ушул тилде ырдаганга куштар кылат. Көпчүлүк ырлардын текстине обону өзгөчө айкашып, оңой эле жаттап аласың. Мен аткарган ырда кыргыз жигиттерин өз элинин намысын сактоого, мекенин ардактоого үндөгөн чакырык жатат. Дегеле ырда кыргыз жигиттеринин эр жүрөктүүлүгү, намыстуулугу, акылдуулугу тууралуу айтылган. Эгерде аларда ушул сапаттар болбосо, анда кыргыздын чыныгы мырзасы деп айтууга болбойт го. Мен ырды аткарып жатканда иш билги, өз эл-жери үчүн бардык нерсеге даяр турган жигитти элестетем.

– Сизге кыргыз мырзаларынын кайсы сапаты жагат?
– Мага биринчи иретте марттыгы, өзгөлөргө урмат менен жасаган мамилеси, анан албетте, шайыр мүнөзү жагат.

НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА, “Zaman-Кыргызстан“, 24.07.2009

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.