FACEBOOKтагы поэзия берметтеринен
Нурланбек Кайрыев
* * *
Жаман ой, жаман ишти кишендеймин,
Жамандык жеңет десе ишенбеймин!
Жер карап жалгыз баскан жетимдеймин,
Жакшылык жалгыз менин ишенгеним!
Жамандык бул дүйнөдөн түгөткөнүм,
Жакшыга жаным менен күзөттөмүн.
Чалгыла кара жаным курмандыкка,
Жалынга жүрөгүмдү бүт өрттөгүн.
Жакшылык жамынганым, артынганым,
Жакшылык жалынганым, табынганым!
Дүйнөдө мен болоюн жаманыңар,
Дайыма бар болгула, жакшыларым!
25.11.15
АППАК КАР
Асманда ак сүт ташкандай,
Ааламды каптап жаткандай.
Карарган дүйнө агарткан
Аруулук барбы ак кардай?
Кара жер калбай, таш калбай,
Тал-терек баары – ак маңдай!
Адамзат ачып ак барак,
Жаңы өмүр баштап жаткандай.
Айранга чалган талкандай,
Адырда бир да так калбай.
Тоңбостон жылуу жатсын деп,
Тоолорго ак тон жапкандай.
Жаадырап жаай бер, ак карлар,
Баркыңды баалап, баккан бар.
Жылдыздай улам жылт этет,
Жылгаяк тепсе жаш балдар.
10.12.15.
* * *
О тирүүлүк, кумар канбай ойнуңдан,
Чыккысы бар кимдин жылуу койнуңдан?
Ушул тура, өмүрүмдү аз-аздан,
Убакытка уурдатып олтурам.
Жашоодо көп жоготоорум, табаарым,
Жашоо – менин базарым да, мазарым.
Аттиң, ушул ырыскымдан үзүп жеп,
Ар бир күндү акыркы ирет жашаймын.
Тартсак дагы сыноо, түйшүк эсепсиз,
Аман жүрүү чексиз бакыт эмеспи.
Каталарың оңдоп кайра жаша деп,
Кайран өмүр, да бир жолу келсечи!
Бүтпөйт сенин улам чыгып кызыгың,
Алдым тосуп сыза көрбө сызыгың,
Жолоочулар жолдон окуп өтсүн деп,
Ташка чегип жазгычакты ысымым.
11.12.15.
Калчоро Көкүлов
ЖОЛ
Кашкайып күлөт чындык,
Кашкайып жатат жолдор алдыңарда.
Үмүтүң көөдөнүңдө,
Тагдырың канжыгада…
“Оң жакка кеткендердин өлөт аты,
Сол жакка кеткендердин өлөт өзү,
Түз кеткен таалай табат”
Деп апам жомок айтып берээр эле.
Түз кеттим таалай издеп,
Түшпөдүм оң жагына, сол жагына,
Ишендим балалыктын жомогуна,
Ишендим апам айткан жол барына.
“Сапарда дулдул арыйт,
Сапарда карыйт жапжаш дубаналар”
Эзелтен келе жаткан дүң жомоктор,
Эзелтен келе жаткан уламалар…
Кашкайып жатат жолдор даңгыраган,
Чындыктын мөөрү болуп алдыңарда.
Максатың көкүрөктө,
Шыбагаң канжыгада…
-Жолоочум бакыт тилейм ак жолуңа,
Оомийин, таалай тапкын сапарыңан.
Ак бата агып түшөт,
Ак пейил карыянын сакалынан.
Ак бата, аппак сакал,
Аргымак туягында эленет жол.
Ак тилек, аппак сапар,
Ааламда андан өткөн керемет жок.
Жолдосуң өмүр боюу,
Орундайт оюңдагы бир тилегиң.
Жолдосуң өмүр боюу,
Жолоочум илкибегин.
Кан жолдор, өрүм жолдор,
Кан жолдор, өмүр жолдор.
Бир ууртам ичээр сууң бар,
Жолуңду иңир чалды.
Бир айтчу керээзиң бар,
Бир кочуш күнүң калды.
Оо дүйнө опасызсың,
Ойлонот кары болжоп,
Мүрзөгө жетчү жол бар,
Мүрзөдөн ары жол жок.
Кашкайып күлөт чындык,
Кашкайып жатат жолдор алдыңарда.
Тилегиң көмөкөйдө,
Үмүтүң канжыгада…
26.01.2016
* * *
Бир толкусам бирде кайра чөгөмүн,
Бирге тийсе миңге тийбейт керегим.
Мезгил менен эрездешип тытынган,
Мен дагы бир кудай ургур элемин.
Бир сөз айтса миңге кеткен чечими,
Бар эмеспи адамдардын жетиги.
Менде анчалык алмаз сындуу акыл жок,
Бирде оң сүйлөп, бирде кетем тетири.
Бирде жокмун бирде туруп бар болом,
Бирде кенен, бирде туруп тар болом.
Бирде баймын байманасы ташыган,
Бирде кайра бир тыйынга зар болом.
Бирде жоошуп, бирде болом көпкөлөң,
Бирге ишенип, да биринен шектенем.
Ким бирөөнүн кыңыр ишин жактырып,
Ким бирөөнүн калыс ишин жек көрөм.
Жетилсем да бийик тоонун койнунда,
Бийик болуп, тоого жетпей койдум да.
Бүркүт болуп чалкыбадым асманда,
Бүт каргысы пенделиктин мойнумда.
Өткөн-кеткен кылыгымды чыпкалай,
Өйдө-төмөн ыйманымды тытмалай.
Акыл калчап, ары-бери толгонуп,
Азыр кээде калчу болдум уктабай.
Бирде билип, бирде билбей ченемим,
Бирин айтсам айтпай да миң себебин.
Мээнет менен тиргилик деп жулунган,
Мен деле бир кудай урган немемин…
20.01.2016
* * *
Биз жаштыкты ырдай бердик ыр кылып,
Анын сыры түш оогондо билинди.
Жаштык бизди ырчы кылып ырдатып,
Жаштык бизди ийик кылып чимирди.
Перизаттын кумар көзү карагат,
Жанарлантат күлгүн курак кезими.
Перизаттын жүзү жарык ак маңдай,
Келбети куш, тунук тамчы сезими.
Перзаттын көздөрүндө оту бар,
Күндүз күлүп, а түндөсү күйүүчү.
Жибек көйнөк көздөн учуп ар дайым,
Жигиттердин жан чыдатпайт сүйүүсү.
Биз жаштыкты бийлей бердик бий кылып,
Анын сыры түш оогондо билинди.
Жаштык бизди бийчы кылып бийлетип,
Жаштык бизди ийик кылып чимирди…,
29.12.2015
* * *
Көрүстөн көкүрөгүм…
Ырлар бар көз жара албай өлүп тынган.
Ойлор бар өлүк туулган.
Максат бар жетим калган.
Мансап бар башкаларга кетип калган.
Арман бар уюп калган.
Азап бар туюкталган.
Куса бар бир танабы өчүп калган.
Ыза бар бир тарабы көчүп калган.
Өчүм бар бирөөгө деп катып жүргөн.
Сезим бар бирөөлөрдөн качып жүргөн.
Туюм бар бир шумдукту сезип жүргөн.
Ыйым бар ыйманымды эзип жүргөн.
Өзүмдү өзүм жерип,
Өзүмчө көп нерсеге өкүнөмүн.
Көңүлүм көчкөн жардай,
Көрүстөн көкүрөгүм…
24.12.2015
* * *
Бир дүйнөдөн, бир дүйнөгө дүңгүрөп,
Бир замандан бир заманга жолу бар.
Күйүп турган билиги бар өчпөгөн,
Күтүп турган күнү менен доору бар.
Мындан ага, андан буга керилген,
Мансабы бар, максаты бар бүтпөгөн.
Кара жерди камыр кылып ийлесе,
Каруусу мол, каалаганы бүт белен.
Сен адамзат күнүсүңбү жарыктын,
Сен адамзат гүлүсүңбү тарыхтын.
Канча доордон канча доорго аттанып,
Канча кылым, канча заман карыттың.
Сенин ишиң, сенин кушуң бөлөкпү,
Сенсиз дүйнө сетирейип сенекпи.
Эчен ирет каргашага жеңдирип,
Эчен кайра ыргап турдуң желекти.
Кара башта кайрат жанды жыйылбай,
Кара жерди каптап турдуң кыйырдай.
Канча доорлор каркырадай чубашып,
Канча кылым майдаланды тыйындай.
Канча чекке куруп турдуң чебиңди,
Канча мезгил сүрүп турдуң өмүрдү.
Сенсиз дүйнө караңгыбы күн тийген,
Сенсиз айдын жарык нуру төгүнбү…
18.12.2015
* * *
Менден өткөн мажүрөсүң сен дүйнө,
Менден өткөн шоркелдейсиң чынында.
Айта жүрөөр атың барбы кашкайган,
Ала жүрөөр наркың барбы ырымга.
Анан эле күтүр, күтүр, күтүрөп,
Анан эле чатыр, чатыр, чатырап.
Ала көөдөк нөөкөрлөрүң көбүртүп,
Атыңды атап,айкай салып чакырат.
Ызгырылтып ырга салат ана деп,
Күүлдөтүп күүгө салат мына деп.
Сенин ташың бийик ыргып дайыма,
Сенин шагың бир да жолу сына элек.
А мен болсо эрбелеңдеп, эпеңдеп,
Эми аз калды эңсегенге жетем деп.
Көрүп келем далайлардан далайды,
Угуп келем эчендерден эчен кеп.
А мен болсо кабак чытып түнөөрүп,
Арман менен өтүүчүдөй түбөлүк.
Адамдыктын салты болот ушу деп,
Бир жүгүрүп, бир тирилип, бир өлүп,
Келем бирок зордугуңа ийилбейм,
Келем бирок чоңдугуңа жүгүнбөйм.
Адалдыктын салтын тутуп ар дайым,
Адамдыктын болгон шартын ийиндейм.
Менден өткөн мажүрөсүң сен дүйнө,
Менден өткөн шоркелдейсиң чынында.
Айта жүрөөр атың барбы кашкайган,
Ала жүрөр наркың барбы ырымга…
01.12.2015
* * *
Чоң калаа кара мүртөз,
Чоң короо айлампалуу.
Кыйкырык ызы-чуулуу,
Сүрөөндүү майрам шаңы.
Каргышат жанбырлар,
Күн жалдуу, ай туяктуу.
Куш болуп сызат алар,
Эңсешип мөл булакты.
Торгойлуу талааларды,
Коктуну аргымактуу.
Жоктошуп сызар алар,
Карегин бото кылып.
Жер сайып туякатары,
Зыркырап жото жилик.
Төрт дубал айлампалуу,
Кендирин кесип турат.
Ышкырык мээни көзөйт,
Бул аттар тешик кулак!
Кадимки аттар эмес,
Көк кечкен, шибер кечкен,
Төрт дубал кармап турат,
Төрт дубал… Жибербестен!
Бул заман чок соорулуу,
Кайырсыз оттуу кылым,
Дүбүртүң жүрөктү эзип,
Буй кылат кошкуругуң.
Адырдан адыр арткан,
Чоң мараа керек беле?!
Эй силер чабендестер,
Чабендес эмессиңер!
Бул жарыш жарыш эмес,
Аралаш оюн-чыны.
Бул аттар аттар эмес,
Калаанын оюнчугу.
Буудандар каякта азыр,
Ааламды титиреткен?!
Чоң короо айлампалуу,
От бүркөт көкүрөктөр..!
26.11.2015
Сирень Сарбалаева
* * *
Бул дүйнөнү жалган десе ишенбе,
Бурмаланган ойлор салат кишенге.
Чын дүйнөнүн барын кимдер айталат.
Чымдуу дөбө мүрзөлөрдү кайтарат.
Тоодой болуп үйүлсө да өлгөндөр,
Тозок менен бейиштен жок келгендер.
Аурасын тирилүүктун кирдетпе,
Аруу, аман жашоо ааламда милдет де.
Падышасы болом десең өмүрдүн,
Пакизалап тазарт жолун көңүлдүн.
Талкалап чык алсыздыктын зынданын,
Таппай өтүү күнөө сүйүү жыргалын.
Тандырдагы отко окшоп жагылган.
Тамырыңда ойноп турсун чагылган.
Махабаттын лазаатына киринип.
Мажнундардын шарабын ич шимирип.
Ашыктардын асманында уча бил,
Алтын, күмүш аяктан бал жута бил.
Аткарылсын эңсегени жүрөктүн,
Адам үчүн суусу ошол мүрөктүн.
Сүйгүн ! Сүйдүр дуулдатып көңүлдү,
Сүйүүсү жок өмүр дагы өмүрбү.
31.01.2016
Ш. Мамбетаипова
(“Көл боюна жүз келем” тандалма ырлар жыйнагынан)
МЕНИН ОЮМ
Жигит дебейм, сөзүнө турбаганды.
Адам дебейм, ак эмгек кылбаганды.
Сулуу дебейм, акылсыз кашын боёп,
Көлөкөдө ак жүзүн сырдаганды.
Тааныш дебейм, сырымды билбегенди.
Тууган дебейм, жаныма күйбөгөндү.
Досум дебейм, кейисем кошо кейип,
Тозогумду бөлүшүп жүрбөгөндү.
Күлкү дебейм, сүйүнүп күлбөгөндү.
Сүйүү дебейм, экөө тең сүйбөгөндү.
Акын дебейм, айтканы насаат болуп,
Арткы муундар эскерип жүрбөгөндү.
Зайырбек Ажыматов
АКЫНДЫН ӨМҮРҮ
(Маркум акын Барчынбек Бугубаевге)
Түшүнө албай заманыңдын кандайын,
түтөп, күйүп арбын болду арманың.
Акылыңа сыйдыра албай куурадың,
асылдыктар арзан болуп калганын…
Тумчуктуруп ылайланган мезгилиң,
тууруңдан учуп кеттиң, кайраным!
Тирүүлүктөн издедиң чын жан арга,
талантыңды таптап, жөлөп, таярга.
Ичтиң, сүйдүң, ак бороон ыр жараттың,
илип коюп көр турмушту шамалга.
Чырдап жүрдүң көктүк кылып, көнбөстөн,
чыныгы акын керек эмес заманга.
Өктөмдүгүң карайлатып кечиңди
өрттөдүң ээ, өрттөдүң сен өзүңдү.
Жаның күйдү, каның күйдү чыркырап,
жаркыраган алмаз талант кетилди…
Сезими жок дооруңа түкүрүп,
сен өзүңдөн алдың өзүң өчүңдү.
Кайран акын – капкан мезгил чаптырган,
кайран акын – жан дүйнөсү жанчылган.
Эрдик бирок ыр деп өлүү акынга,
эч кандай сый күтпөй туруп тагдырдан.
Күндү көздөй кеттиң мүмкүн, ким билет,
күмүш шоола таратам деп жакшы ырдан…
22.01.2016