Мазаны кетирген эрден кач…
“Сөз дайра” рубрикасында бүгүн арман, аруу, маза, маңыз, мата жана маш деген сөздөрдүн маанисин чечмелейбиз.
«Арман” деген сөздүн маанисин чечмелейли. Иран тилинен кирген “арман” деген сөз “эңсеген кыял”, “ишке ашпай калган каалоо”, “жетпей калган ой-тилек” дегенди билдирет. “Армандуу дүйнө” деп коет. “Армандуу ыр экен” дейт. “Чыкем дүйнөдөн армансыз өттү” дейт. “Бейиштин төрүндөй жерде жашап жүргөн кыргызда арман жок” дейт.
“Аруу” деген сөздүн эки бөлөк мааниси бар. Аруу – таза дегенди билдирет. Аруулап жуугула -таза жуугула дегени. “Келген жериңден кеткен жериң таза болсун” дейт. “Аруу кыз” – таза кыз эле дегени. “Аруу буюм” – кымбат буюм, аялуу буюм дегенди билдирет.
Аруунун экинчи мааниси – талма дегенди же ылдам кармай калып кайра тарап кете турган оорунун атын да билдирет.
“Маза” деген сөз бар. “Тамактын мазасы жок” – тамактын даамы жок дегенди түшүндүрөт. “Эшматтын окуусунун мазасы жок” – Эшматтын окуусу начар, “Эрим мазамды кетирип бүттү” – эрим жашоо бербей койду, “Мазамды кетирди” – айламды алты кетирди дегенди түшүндүрөт.
“Маңыз” деген сөздү чечмелеп көрөлү. Биринчи мааниси – мазмуну, мааниси деген мааниде. Мисалы, сөзүнүн маңызы жок экен дейт, ал – сөзүнүн маани-маңызы жок дегени. “Чөптү маалында чаап албаса маңызы кетет” дейт.
Экинчи мааниси, маңыз – тайыз, майда кишилерге берилген сыпаттама. “Мээни ачыта бергенди жакшы көргөн маңыз адам” дейт. “Акмак кылат башыңды, айтышпа маңыз менен” дейт. “Намыстан качпа, маңыздан кач?” дейт.
“Мата” деген сөздүн да эки мааниси бар. Биринчи – мата. Пахтадан токулган кездемени мата деп коет. Мындан улам: “Макал атасы – сөз, мата атасы – бөз” деген бар.
“Мата” сөзүнүн экинчи мааниси, “Кереге мата – керегени ий” дегенди, “Уукту мата” десе, “Боз үйдүн уугун ий” дегенди түшүндүрөт.
“Төөнү матады” десе, төөнү чөгөрүп, туруп кетпесин деп, моюнундагы жип менен эки колун таңып таштаганды айтат.
“Он алты айры бугу отуздай маралды матап алыптыр” дейт.
“Сен эмнеге эле мени матап калгансың?” дейт.
“Чалдар маталып басып келатты” дейт. Эңкейип басып келаткандагысын айтканы.
“Маш” деген сөздүн да бир канча мааниси айтылат. Маш – маш буурчак.
“Бардык ишке маш экен – бардык ишке жөндөмдүү, “Сөздү машына келтирип айтты” дейт. “Машын келтирип оку – маанисине келтирип, көркөм оку” дегени.
Дагы бир мааниси, “Бири-бирине маш экен” дейт. “Бири-бирине тең экен” дегени. “Ал эч качан маш бербейт” дейт.
Шайлообек Дүйшеев, «Азаттык», 09.03.2016