Манасбек Мусаев, «Эсимде калган кино тасмалар
(Сандан-санга)
Кыргыздын алгачкы кинооператорлорунун бири Манасбек Мусаевдин өлкөнүн алтын фондусуна киргизилген көркөм фильмдер кантип жаралгандыгын эскерген «Кинокадры моей памяти» аттуу орус тилинде жарыкка чыккан (2012-ж.) китебинен үзүндүлөрдү жарыялап турмакчыбыз.
22.10 70
“Ыбрайдын айылы” Байзакта тартылган
“Ыбрайдын айылын” Байзак айылында тарттык. Бир үзүндүнү тартып бүтүп, “заставаны”, айлана-тегеректи карап көрдүк. Кино тарткан топтогулар, баарыбыз кино тарткыбыз келбей, эс алгыбыз келип туруп алды. Операторлор Виктор Леонидович айткандай, адаттагысындай эле ишке “дайым даяр турганда” Болот “Ыбрайдын айылы” аттуу эпизодду тартып келели деди. Ошол замат эле ал жакты карай жөнөдүк.
Болжогон жерге күүгүм талаш кирип бардык. Жарык берчүлөрдү көпкө күтүп калдык. Ал байкуштар келген жакка эки ирет барышты, анткени жарык берчү жабдуулары жүк ташуучу машинеге батпай, дагы кетишти. Алар келгиче Виктор Леонидович экөөбүз прожекторлорду кандай жайгаштыруу керектигин болжодук. Эң негизгиси биз эпизоддун мизансценасы каякта жайгашаарын аныктап алдык. Артисттердин абалына же кинонун тартылышынын жүрүшүнө жараша режиссер авансценаны өзгөртүп жибериши мүмкүн, ошондуктан операторлор ар кандай бурулушка даяр турушубуз керек.
Ал эпизоддун мазмуну мындай: Жалпы айыл бака-шака түшүп, көчүп кетүүгө камынып жатат. Уруунун башчысы Ыбрай ат үстүндө өйдө-төмөн чапкылап, аялын, жалпы эле айылдагыларды шаштырып турат. Анан аялынан кызынын кайда жүргөнүн сурайт.
Чынын айтканда, уюштуруучулук жагынан алганда бул татаал эпизод болчу. Бир канча ондогон атчан жана жөө кишилер көп эл чогулган учурда тартылмак, беш боз үй тигилген, окуянын жүрүшүнө жараша боз үйдү чечип, аттарга жүктөшмөк, бир канча атар кой жайылып жүрөт, алыста от алоолойт.
Эпизодду автокрандан синхрондук камера менен тартмак болдук. Ал камера эле кыйла оор. Буга оператордун өзүнүн салмагы да кошулат. Тең салмак сакталып, коопсуз болушу үчүн анын каршысына салмактуу кишини олтургузуш керек. Кран айдаган Сережа Титов ошондо гана кранды жакшы айдап, тиешелүү аппаратын тиешелүү абалда кармап турмак.
Кадрдагы чуру-чуу кино тартып жаткан топтун арасында да байкалып турду. Анын үстүнө караңгы болуп, дежур жарыкты жакшылыктуу бере албай атты, ошол учурда майдалап кар аралаш жаан жаап кирди. Чуру- чуу аралаш жарык берип, мизансценаны коюп, кинону тарта баштадык. Кээде жооптуу кез келгенде техникага жин тийип, бузулуп калат эмеспи. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй калдым, кандай көрүнүп жаткандыгын улам текшерип, объективди 8 метр жерде койгонбуз. Бирок тунук болбой, ассистенттердин бири каармандардын кыймыл-аракетине болжоп атты, экинчи оператор кыймыл-аракеттин жалпы көрүнүшүн трансфокациядан көзөмөлдөп турган. Бул эпизодду тартып бүтүп, трансфокаторду киностудияга оңдогону алып кетти.
Тасма тартып жаткан жер абдан чоң болчу, ошондуктан кубаты 110 киловаттан ашык эки аппарат менен тартылды. Буга кошумча эки лампа, ар бири 16 кВт келген догоо сымал прожекторлорду пайдаланууга туура келди. Жана айтканымдай, кино тартып жаткан жер абдан чоң болгондуктан, жабдыктардын ар биринин жарыгы канчалык болорун билбей эле, тажрыйбабызга таянып, көз болжол менен иштеп жаттык. Ал эми жалпы планда, кеңейтип тартканда экспонометрди колдонуп, тиешелүү диафрагманы текшерип жаттык.
Көзгө сайса көрүнгүс убак, кадрга лихтвагенди (көчмө генератор-А.Б.) пайдаланып, ал пленкага түшпөйт болуш керек деп ойлодук. Бирок биз кааласак дагы аны башка жерге коё алмак эмеспиз, анткени электр зымдары жарык берүүчү аспаптарыбызга чейин жетмек эмес. Ошентип, карайлап тартып жатканыбызда, бир аспабыбыз кадрга тартылып калыптыр. Бирок аны турмуш-тиричилик көрүнүштөрү менен сылап-сыйпап, катып салдык.
22.11.70
“Башка жерде өскөн апийим талдарын кыркып келип, кино тартуучу аянтчага сайып койдук”
“Элдин кайтып келиши” деген эпизодду Жети- Өгүз районунун Светлая Поляна айылынан тарттык. Биз тасма тарталы деген аянттагы апийим жыйналып кетиптир. Ошондуктан башка жердеги али жыйнала элек апийимди кыркып келип, тасма тарта турган талаага сайып койдук. Буга көп убакыт кетип калды. Кино тасмага тартылчулардын баары апийим талдарын сайып жүрүштү.
Фильмге абдан көп эл катышты. Мынча эл менен биринчи иштешим эле. Жакынкы айылдардан атчан, жөө, үйүр жылкы айдаган кишилер келишти. Абды аттуу администраторубуз кыска убакытта эле ушунча элди жыйнап келе коюптур! Ал мыкты уюштуруучу экен! Дагы илгерки кийимдерди кийгиси келбей, жөн эле карап тургандар да толтура! Алар киного тиешелүү кийимдерди кийбей коюшса да, тартып жатканда кадрга аралашып кетип жатышты. Убакыт болсо учкан куштай өтүп, иңир кирип баратты. Бул сценаны мынча киши чогулуп турганда тартып үлгүрүп калбаса, кийинки жолу чогулта албай калышыбыз мүмкүн. Бир саат-бир жарым сааттын тегерегинде караңгы кирет.
Чуру-чуу түшүп эле калды. Баягы адатын карматып, кассета кыйшаңдай баштады. Ассистенттер кыйпычыктап ары-бери жүгүрүп, улам кассетаны алмаштырып жүрүшөт. Бир топ жерин тартып, кассетанын бир далайын толтуруп койдук.
Ушундай башаламан учурдагы бир окуя эсимден кетпейт. Болот көп эл чогулган жердин акырынан тарткан кызык болот дейт. Колума камераны алып, элдин акыр жагына чуркап бардым. Сонуркап карап турган балдарды, кишилерди алымдын жетишинче айдап жаткам. Кинонун кийимин кийбей коюшкан немелер улам эле кадрга түшүп калышат. Биздин кийимди кийген бир кемпир мен көрсөткөн жакка кетип баратып эле, бир убакта бүчүсүн ачып жиберсе болобу! Көрсө, анын бешмантынын ичинде ордени бар экен! Ой, бир боорум эзилип калса болобу, урушканга да дарманым келбей. Анан негизги тартчу жагыма чуркаган бойдон кеттим.
Орусчадан которгон Айгүл Бакеева, «Полит Клиника»