Мезгил Исатов. “Экөөбүз эле”
Жашагым келбесе деле жашап жатам.
Бир кылмыштуулук сыяктуу жасала элек.
Калп менен чындык ортосунда.
Бир нерсе бир башкача.
Менче…
Мен жана Мен,
Экөөбүз элек.
Сен түш көр мен көрөйүн дедим. Макул дегендей башын ийкеп жок деди. Менин түшүм менин денемде, тек гана карегимде. Жаштыгыма тойбой келем. Ачмын. Ач жаштыгым. Өмүр бүтөт ошол ирмемде. Ойгонгонумда түшүм жок, түш ичинде болчумун. Балким дагы жалгыз, ар дайымкы сыяктуу уйкусуз элем.
Сага келдим. Эшикти ачып жогору өтөйүн дегем. Бирок сен күзгү белең? Менин көздөрүм менен мени карайсың? Ошондо кача баштагам, жылдызы жок , айсыз түндөргө . Көздөрүмдү жумсам көңүлүмдү жума албай, сенсиздикке агып бараткан жолумду тосушту. Жокмун, бирок сен деле жоксуң.
Мен сенби?
Же сен менби?
* * *
Бойдок бөлмөдө.
Бойдок күндөрүмдүн акыркы түнү. Бир аз башка , өзгөчө болушу керек. Жарыктыктын ордуна эски бир шамды жактым. Жалтак жалындардын жалтак сезимдерге жолугушкан жери…
Мен жана мен бармын. Түстүү жалындардын үчүнчү жүзү. Экөөбүз сыяктуу эки жүздүү жана бүтүн. Мен батпаган дүйнө бар ичимде. Жүрөгүм ичинен илинүү.
Менсиз кет.
Менсиз кетпейм.
Ызы-чуунун ичинде отурсам. Үн көрунөт көзүмө үнү бүткөн. Ошондо караштарым көздөрүмдү жаратты. Дагы ойлуу, жашынчаак. Бул эмнеси? Жалгыз гана туштөрүмдү даярдап жатпадым беле бир түнчөлүк. Эми болсо журөгүмдүн жалгыз калган жеринде ошол ойдо түнөдүм. Бирөөнүн ичинде бирөө бар, кабагы болгон.
Мен ичимин
Мен тышымын
Экөөбүз адам.
Мезгил Исатовдун башка чыгармалары