Калдайган Ак-Өгүздү карап турдум, Кайран эл, ажал тапкан кезегинде…

Быйыл Улуу Үркүнгө 100 жыл. Улутубузга унутулгус кайгы-касырет алып келген бул трагедиянын келтирген кесепети толушу кыйын. Ачыгын айтканда улуттун уңгусуна балта чапкан Үркүн темасына эгемендик күндөрдө ачык кайрыла баштадык. Айтайын дегеним Үркүндүн 90 жылдыгына карата атайын экспедиция уюштурулуп, Ак-Өгүз, Беделге чейин барып, ата- бабаларыбыздын 90 жыл бою ашуу-белдерде көмүлбөй ачык калган сөөктөрүн чогултушуп, жерге коюп, эстелик орнотуп дегендей тарыхта каларлык иш жасашкан. Менин бул макалам да ошондо жазылып, кийин “Атаңдын көрү дүнүйө” аталган китебиме киргизилген.

sook

Сөөк

Ал экспедиция жөнүндө көп эле айтылды. Көп жазылды. Документалдуу кино дагы тартылды. Мен болгону далай качкындардын башын жуткан, кандуу Сөөк ашуусу тууралуу бир эки ооз сөз айтайын деп турам. Ак жайдын толугунда (июль айы болуш керек) биз сапарга аттанганда күн ысып, кайнап турган. Кубаттуу аскердик машиналар менен Сөөк ашуусуна жете бергенибизде кар боройлоп ашуунун туу белинде аяз чыкылдап туруптур. Бир аз токтоп, сыртка чыга калганыбызда сууктан каарылып кеткенбиз. Байкасам айлана-тегеректе үзүп жээр чөбү жок, какыраган кара таштуу, аскалары аюнун тишиндей арсайган, борошо-бороону боздогон, анык ач бел, куу жондун өзү экен…

Сөөктү ашсаң муз жатат,
Сөөгүңү суугу муздатат.
Өбөктөп муну ашалбай,
Өлгөндөр муунуң сыздатат.

Карайып калың таш жатат,
Кашкайып сөөгү баш жатат,
Калгандын мында көмүлбөй
Кайгысы жаның какшатат.

Көңүлгө санаа куйгандай,
Көрүнүш өзү бул кандай?
Көрүнбөй сага шейиттер,
Көз жашы кылып тургандай.

Тирүүлөй сөөгүң жаргандай,
Тирүүңдө бүтпөс армандай,
Сөөгү калып далайдын,
Сөөк аталып калгандай.

 

akoguz

Аалы жазган АкӨгүз

Кытайга алдырып жиберген Үзөңгү-Кууштун эзелтен бери келе жаткан стратегиялык мааниси бар экен. Мааниси ушул Үзөңгү-Кууштун коктусун өрдөп жүрүп олтурсаң, ашуу ашып кыйналбай эле Кытайга түптүз кирип барат экенсиң. Үркүндө баштатан ары-бери каттап көрүп жүргөн эл, адегенде Үзөңгү-Куушту беттешиптир биздин экспедициянын башчысы Дөөлөт Нусуповдун айтымында. Бирок Нарын чек ара бекетинен чыккан орустун отряды Үзөңгү-Куушту тосуп калыптыр деген кеп чыгып, карайлаган эл канетсин, жанталашып жарымы Беделге, жарымы Ак-Өгүзгө салыптыр. Кара-Сайга жеткенде экспедиция да экиге бөлүнүп, жарымыбыз Беделге, жарымыбыз Ак-Өгүзгө бөлүнгөнбүз.

Мен Ак-Өгүзгө баргандардын тобунда элем. Жан-Арт, Кайчы аталган, жаныңды сууруп алчудай болгон, кылт этсең сөөгүң сөпөт, устуканың упат болчу ашууларды ашып отуруп Ак-Өгүзгө жеткенбиз. Ак-Өгүз Аалы акын жазгандай пенде баласы карагандан заарканган, ашуусунун төрүндө жазылыгы кеминде бир чакырымдык ак кар – көк муз уюп жаткан, кум-ташы көчкүдөй көчүп турган, коктусунда атан төөнү ала салдырган ажаан дарыя агып жаткан, кырсык айланган жер экен.

Курган аталарыбыз акын Абдрасул Токтомушев эскергендей, ашуунун музун чагып жол салып, муздун жаракаларына кереге-уугун төшөп жиберишип, малды тирүүлөй эле кескилеп жиберип, этин музга чаап тоңо түшкөндө ошону таканчык кылып, тирүү калганы эптеп Кытайга өтүп кетишиптир. Такталган маалыматтарга Ак-Өгүздү 20-октябрда ашышкан экен. Каран калгыр Ак-Өгүз ашуусунун ак жайдын күнүндөгү кыялы бул болсо, кеч күздөгү кебетесин элестете албай кеңгиреп турдум. Анан калса качпай-бозбой эле кара жанымды алып баса албай, эки тизем сыздап ооруп, канчалык аракет кылганыма карабай ашууга жетпей жолдо калгам. Кийин мени ат менен алып түшүшкөн.

Төмөнкү ырды белгиленген жерге эптеп жетип, аталарыбыздын армандуу изи калган Ак-Өгүздүн айбатынан сүрдөп олтуруп жазган элем… Ошол биздин экспедиция чогултуп келген, ата-бабаларыбыздын сөөгү Ак-Шыйрак айлындагы көрүстөнгө коюлуп, эстелик орнотулду. Жергиликтүү эл бир топозун союп, боорсокторун жасап, куран окутушкан. Барскоонго жалпы кыргыз чогулуп, жалпы Үркүндө шейит кеткендерге арналып ашы да өткөрүлгөн.

Кандуу суу агып жаткан өзөнүндө,
Канчанын муңу каткан өзөгүндө.
Калдайган Ак-Өгүздү карап турдум,
Кайран эл, ажал тапкан кезегинде,

Түшүргөндөй колуңдан жылдызыңды,
Түшүнгөндөй качаңкы кылмышыңды.
Түгөнгүр ай, түнөрөсүң мынча неге,
Түртүп салып өлүмгө кыргызыңды.

Көрүнүшүң тажаал да, жөнөкөйдөй,
Көпкөк музду кийипсиң тебетейдей.
Кытайдан кызгандыңбы кырдың элди,
Кырк чоросун жайлаган Семетейдей.

Аарчый албай жашымдын тамчыларын,
Аталардын изин көрүп жанчыламын.
«Өгүз болсоң, өчөйбөй жолдон кач” деп,
Өзүңдү келип турду камчылагым.

Бууракандап кылымдар жоно албаган,
Булут жетип бооруна коно албаган.
Буурул чалган зоолоруң кандай муздак,
Бурутуна калканыч боло албаган.

Жан чыдап келмек эле буга кандай,
Жар ташың, жакындасаң кулагандай.
Тозогун да, кудай өзү жаап салып,
Тосуп алып ушул жерден сурагандай.

Азыр эле түгөнчү кешигиңдей,
Апкаарыттың, а дүйнөнүн эшигиндей.
Арман ай, адам сөөгү ачык жатат,
Ак мөңгүнү жазданып кепининдей.

Ашуу бербес адатың көнгөн демек,
Ажыдаардай сүрүң да жерден бөлөк.
Качкан кушту корголоп калуучу эле,
Карагандын түбү артык сенден көрөк.

Балта менен жаргандай аскаларың,
Барган жанды жутчудай каш-кабагың.
Жети атабыз жер сууга тил тийгизбейт,
Жебээриңе жетээр элем жазганамын.

Сестендим кара мүртөз кыялыңан,
Сезип кайттым алптыкты сыягыңан.
Ашуулары кыргыздын атаандашса,
Ак-Өгүз, келбестир ээ туягыңан.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Жаңы Агым», 28.04.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.