Асаналиева: “Чыгармачыл адам үчүн акча биринчи орунда турбайт”
“Улут уюткусу” программасынын бул жолку коноктору Каракол шаарындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин алдында түзүлгөн “Жалын” элдик-студенттик театрынын жамааты жана театрдын көркөм жетекчиси, филология илимдеринин кондидаты, белгилүү драматург Кыял Асаналиева болду.
Театрдын курамы 4-5 жылда жаңыланып турат
Кыял Асаналиева: – «Жалын» элдик-студенттик театры алыскы региондо болгондуктан жалпы республикага анча деле таанымал эмеспиз деп айтсак болот. Бирок театр жыл бою активдүү иштерди жүргүзүп келет. Ысык-Көл аймагында төбөсү көрүнүп калган, белгилүү театрлардын бири болуп саналат. Ал эми борбордон алыс болгондугубуз үчүн көпчүлүк иштерибиз элге билинбей, көрүнбөй калып атат. Бул театрдын 25 жылдык тарыхы бар. 1991-жылдын аяк жагында негизделген. Алгач Ысык-Көл мамлекеттик университетиндеги филология факультетинин алдында түзүлгөн драмкружок болчу. Курамында 4-5 студент бар эле. Кийин ага кызыккандар, каалоочулар көбөйүп отуруп, чоң студенттик театрга айланды. Учурда 20, кээде 30га чейин студенттер катышып калат.
1991-жылдарда өзүм Улуттук университетти бүтүп жаңы келгенде, филология факультетинин 3-курсуна сабак берип калдым. Ал жерде өтө билимдүү жана таланттуу балдар көп экен. Алгач бир кече уюштурабыз деп, ар бирибиз бирден драма жазып келмей болдук. Алардын ичинен эмнегедир меники өтүп кетти. Ошентип, «Тайыз сүйүү. Тагдырдын өгөй балдары» деген биринчи пьесамды коюп чыкканбыз. Бул пьеса биздин жетекчиликке, студенттерге абдан жагып, кийинкилерин койгонго түрткү болду. Акырындап чыныгы таланттар иргелип отуруп, күчтүү актердук курам пайда болуп калды. Анан алар бүтүп кеткенден кийин ордуна кайра жаңы студенттер менен толукталып жатып уланып кетти. Биздин бир кемчилигибиз, студенттер 4-5 жыл иштеп, дасыгып калган учурда бүтүп кетишет. Кайра 1-курстун балдары менен «А» тамгасын үйрөткөндөй кайра баштайбыз. 4-5-курска келгенде кадимки актерлордой дасыгып калышат. Бул нерсе биз үчүн бир чети көндүм болуп калды, бир чети жакшы жаңылык, өзгөчөлүк болуп саналат.
Аталган театр жергиликтүү өкмөттүк, өкмөттүк эмес уюмдар менен тыгыз иштешип, ар кандай кайрымдуулук иштерине жигердүү катышып келет. Көл аймагындагы алыскы айылдардын мектептерине чейин барып, акысыз спектаклдерди көрсөтүп келебиз. Жаштардын күчү, деми менен башка театрлар бара албаган жерлерди кыдырып келдик. Азыркы учурда борборго келгенибиздин дагы максаты театрды көбүрөөк таанытуу болуп саналат.
“Менин күйөөм мачо” – бүгүнкү күндүн актуалдуу көйгөйүн чагылдырат
– Башында бир топ классикалык чыгармаларды коюп жүрдүк. Чынын айтканда ага көп каражат керектелет экен. Мисалга, тарыхый чыгармаларды коюу үчүн ошол мезгилдегидей кийим-кече, боектор, музыка табуу керек экен. Мунун баары биз үчүн өтө кыйынга туруп калды. Көп учурда жаштар менен иштегендиктен, жаштар көйгөйүн чагылдырган, тарбиялык мааниси бар, турмуштан алынган драмаларды коюп жүрөбүз. Студенттерге дагы мүмкүнчүлүк болсо, жазып келгиле деп айтабыз. Ага ушул эле балдар цензура, редактор, корректор болуп берет. Оңдоп-түздөп, өзүлөрүнүн ой пикирлерин кошуп отуруп жакшы пьеса жаралат. Мисалга, «Карт дарактын көз жашы» деген пьеса менен Көлдү, Нарындын, Чүйдүн айрым райондорун кыдырып, көрсөткөнбүз. Ошондой эле «Үзүлгөн үмүт» пьесасы эл тарабынан жакшы кабыл алынып, учурда фильм тартылып атат. Андан сырткары «Закым кубалаган балдар» деген жетим балдар тууралуу жазылган пьесаны университеттеги томолой жетим балдардан түзүлгөн топ аткарып, жер-жерлерди кыдырып келгенбиз.
Бүгүнкү күндө «Кара кемпирдин жоруктары» пьесасынын уландысы кылып «Менин күйөөм мачо» аттуу комедияны даярдап келдик. Телеге тартылабыз жана бир катар жогорку окуу жайларын кыдырып, студенттер менен жолугушабыз. Коллектив жалаң эркек балдардан турат, бирок, алар орто жаштагы аялдардын образын жаратып беришет. Бул пьеса белгилүү драматург Жеңишгүл Өзүбекованын 80-жылдары жазган «Күйөө сатам» аттуу пьесасынын негизинде бүгүнкү күндөгү көз караштарга ылайыкталып жазылган сценарий. Бул бүгүнкү күндөгү өтө актуалдуу көйгөйдү чагылдырган пьеса. Башкача айтканда “Эрди эр кылган, жер кылган дагы аял” деген маанини, идеяны камтып турат. Бул пьесаны бир ай убакыт даярдадык. Себеби, трагедияга караганда комедия кичине оор болот. Элди күлдүрүү үчүн көп иштөөгө туура келет. Ошондой эле күз айларында буюрса, Улуу үркүндүн 100 жылдыгына жана Касым Тыныстановдун 115 жылдыгына арналган эки пьесаны коюуга даярдыктарды көрүп жатабыз.
Жаштар көптөгөн эрдиктерге түртүп турат
– Мен лекция өтүп жатканда эле балдардын кулк-мүнөзүн карап турам. Алардын ичинен ролдорго ылайыктуусун тандап, сабактан кийин сүйлөшөм. Чындап эле менин тандоом калп айтпайт. Ошол баладан сөзсүз түрдө бир нерсе чыгат. Балдарга болгон талабым өтө күчтүү. Эгер жоопкерчиликтүү болбосо, ал абдан талнттуу, өтө сулуу болсо деле театрдан кетирип жиберем. Биринчи кезекте тартип болбосо, эч нерсе майы чыга жасалбайт. Эгер дипломдуу, профессионал актер болсо дагы кечиримдүү, ишенимдүү болмок да. Бул балдарды башынан тарбиялаш үчүн канча эмгек кетет. Акыры чыдамкай, күчтүүлөрү театрда калат. Ар биринин мүнөзүнө жараша мамиле кылып, бардык нерсеге көңүл буруп, экинчи апасындай, булар менин экинчи үй-бүлөмдөй болуп калды. Ошондуктан, менин колуман өткөн ар бир студент Кыргызстанды, элди, жерди уят кылбаган мыкты инсандар болот деп ишенем, алдыңкы жемиштерин учурда көрүп атам. Ушул жаштар менин бакытым, алар менен иштешүүдөн ар дайым дем-күч, эргүү алам. Булар мени көптөгөн эрдиктерге түртүп турат жана алар менен жаш бойдон жүрөм десем болот.
Биздин официалдуу деле демөөрчүлөрүбүз жок. Өзүбүзгө өзүбүз демөөрчү болобуз. Мурунку «Кара кемпирдин жоруктары» деген пьесаны телевидениеге тарттырганда биздин ректорат, коллектив, бүткүл студенттер колдоп жөнөтүшкөн. Алардын үмүтүн актап, жүзүбүз жарык барганбыз. Чыныгы таланттарга кээде акча биринчи орунда ойнобой калат окшойт. Театрдагы балдардын бардыгы фанаттар деп ойлойм. Себеби, жасайм деген иштерибизди эч нерсеге карабай эле иштеп келе жатабыз. Театр эле эмес, башка иштерди деле ошондой аткарышат.
Каныкей Бозгунова, «Марал ФМ», 30.05.2016-ж.