Элдик ырым-жырымдар
- Идиш-аякты тепсебе
- Күл дөбөгө даарат ушатпа
- Жаздыкты тескери жазданба
- Бешиктин аягын кыбылага каратпа
- Баланы теппе
- Шамдан кийин шыпырындыны эшикке чыгарба
- Дасторконго ооз аарчыба
- Дасторконду жамынып жатпа
- Дасторконду бүктөп салба
- Нике кыйылып жатканда колду кайчылаштырып отурба
- Шам мезгилинде уктаба
- Түнү арыктан суу ичпе
- Бычактын мизин жогору каратып койбо
- Мейман келгенде үй шыпырба
- Мазарды сөөмөй менен көрсөтпө
- Кол жуугандан кийин силкпе
- Үф деп үшкүрбө
- Бетти жуубай күзгүгө көрүнбө.
Акрамали Камбаров, Ноокат р-ну,
“Кыргыз тили”, 29.11.2016-ж.
Соц тармактар: