Кыз Сайкал

Канча муун алмашса да аты өчпөй, ар бир муундун сүйүктүү эстрада тобуна айланып келе жаткан легендарлуу «Кыз-Бурак» эстрада тобунун ырчы кыздары бүгүнкү күндө да күйөрмандарын жаңы ырлары менен ырахатка бөлөп келишет. Бүгүн биз айтылуу топтун көчүн улап келе жаткан Сайкал Садыбакасова менен маек курууну эп көрдүк.

Эстен кеткис балалык

Менин балалык кезим Ош шаарында өттү. Кичинекейимде унчукпай туруп, тымызын иш жасаган шок кыз элем. 3 жашымдан тартып бала-бакчада тарбияландым. 1998-жылы 6 жашымда “Алтын балалык” конкурсуна катышып “Мама” деген чыгарманы аткарып, Гран-прини жеңип алгам. Бул менин шыгыма-шык кошуп, чыгармачылыкка кадам таштоого чоң стимул болду. Адегенде Ош шаарындагы Ломоносов мектебинде билим алып, 2004-жылы Ага-Хан мектебинен окуумду аяктадым. Мектептеги билимиме удаа Чуйков атындагы музыкалык мектептин фортопиана классын бүттүм. 9-10-классымда спорттун кикбоксинг түрү менен машыгып жүрдүм. Ошондо атаандаштарымды бир уруп жыга койчу элем. Түштүк Кореяга спорттук мелдешке мени алып бармай болушканда, “жеңиштин даамын татса чыгармачылыкты таштап коёт” деп апам жибербей койгон. Эгер ошол мелдешке катышып, спортту уланта турган болсом, балким бүгүн мен ырчы эмес, спортчу болмокмун. Бала чакты, окуучулук күндөрдү эстегенде тентектигим көз алдыма тартылат. Мектепте окуп жүргөндө ХБК, Юго-Восток, Западный ж.б. болуп район-районго бөлүнүп урушчубуз. Мен фрунзеликтердин командири болчумун. Бир жолу башка райондогу бир кыздын чачын жулуп коюп, апамды мектепке чакырышып, апамдан таяк жегем. Ошондон кийин тентектигими таштадым. Ошондо апам абдан капа болуп ызаланган, азырга чейин ошол кылыгым үчүн апамдын алдында өзүмдү ыңгайсыз сезем.

 

Алгачкы кадамдар

“Кыз-бурак” аталышы кичинемден сезимге сиңген. Анткени, “Кыз-бурак” менен уктап, “Кыз-бурак” менен ойгонуп, “Кыз-бурак” менен айылчылап чоңойдум. Кичинемде төшөктүн үстүнө чыгып алып же короого элди чогултуп концерт коё берчүмүн. Көрсө ырчылыкка жедеп бышып бүтүпмүн. Азыр сахнада элдин демин сезип ырдайм. Сахнага бардык проблемаларды унутуп чыгып кетем. Берилип ырдайм. Себеби, ар кайсыны ойлой берсең ой чачыранды болуп, эмне ырдаганыңды да билбей каласың! Кичине кезимден чыгармачыл чөйрөдө болдум. Биз кайда барсак деле, үйгө коноктор келсе деле ырчылар, чыгармачыл адамдар болчу. Бир жагымды карасам «Кыз-Бурактын» кыздарынын жасанып жатканы, экинчи жагымды карасам ырдап жатканы… Ушул бактылуу балалык күндөр менин ырчылыгыма түрткү болду. “Кыз-Бурак” менен гастролдорго чыкканда кезегимди күтүп отуруп уктап калчумун. Бир жолу 7 жашымда Кызыл-Кыяга концерт коюп барып кагаз куту ичине уктап калып, апамдар көрбөй, ырдоо кезегим өтүп кеткенден кийин табышкан. Ильяз Абдыразаков экөөбүз эгиз козудай болуп чоңойдук, концерттерге бирге катышчубуз. Экөөбүз уруша бергенден, апам жараштыргандан тажачу эмес. 2000-жылы ноябрь айында спорт сарайындагы “Кыз-Бурактын” концертинде чоң сахнага чыктым. Ошондо апам конокторго дасторкон жайып койсо, Ильяз экөөбүз кирип-чыгып конфеттерди жеп койгонбуз. 13 жашымда “Эстей жүр” деген чыгарманы аткарып, бул ыр эл арасында популярдуу болду. Ушул “Эстей жүр” ырына кыштын кычыраган күнү үн жаздырганы барып, үшүп ырдай албай койгонумда, апам “жакшы ырдасаң сага эң жакшы көргөн шоколад сатып берем” деди. Шоколадды жакшы көргөн жаным, ошондо, күчүмдү жыйнап ырдап, 1 кг. конфет жегемин.

 

Менин апам

Бардык эле балдардай, мен да, апам жөнүндө айта берсем сөз түгөнбөйт. Апам тартипти катуу кармаган, так, бекем адам. Баскан-турганыма, кийген кийимиме, сүйлөгөн сөзүмө чейин көзөмөлдөп турат. Анан, бир адамды жаныма кошмоюнча көчөгө чыгарбайт. “Мени түрмөдө жүргөндөй эле кармайсыз, мени кайтаргандан чарчабайсыз, эсиңизден да чыкпайт экен” деп айтып калам. “Баланын бутуна кирген тикен эненин жүрөгүнө кирет”- деп бекер айтылбаган чыгар. Бардык эле апалар балдарынын жакшы адам болуусун тилеп, максат кылат да. Эргүүнү, чыгармачылыктагы казынаны, дем-күчтү апамдан алам. Апам менин түгөнгүс казынам. Апакем жасаган иштин жарымын жасасам, чоң ийгиликтерге жеткен болот элем. Апамдай адам болуу өтө кыйын.

 

Менин досторум

“Атак дос”, “байлык дос” жана “акыреттик дос” деп достордун да түрү болот экен. Мен да, жогоруда айтылгандай, эсеп менен достошкон досторду да көрдүм, албетте, мындай достор болбой эле койгону жакшы. Кудайга шүгүр, көз караштарыбыз дал келип, жан дүйнөбүз табыштырган достордон да куру эмесмин. Азалия, Жака деген ишенимдүү досторум бар. Мен достукка бекеммин. Өзүмдөй көрүп элдин баарына ишенип, алардан тепки жегенде апама ыйлап барган күндөрүм болду. Апамдай катуу эмесмин, жумшактыгымдын кесепетин жакшы эле тартам.

 

Менин мекеним

Чыгармачыл жолдо көп эле мамлекеттерге чыгып, кооз шаарлары, асман тиреген имараттары, кенен, таза жолдору бар өлкөлөрдү кыдырдык. Бирок, баары бир киндик кан тамган жерибизге жетпейт. Биздин жердин таза абасы, тунук суулары, тоолору, тамак-ашы өзгөчө. Кол менен жасап, чөлдү шаарга айланта албасак да, табийгат тартуулаган касиеттүү, кооз, керемет жерди Жараткан бизге буйруптур. Шүгүрчүлүк келтирип, кыргыз болуп жаралганыма сыймыктанам.

 

Менин ийгилигим

Ырдоо менен бирге обон жазуу менен да алектенип келем. Учурда 20дан ашык обонум бар. 50гө жакын ырымдан эң мыкты 12 ырыма клип тартылды. 2010-жылдан бери мамлекеттик деңгээлдеги 210дон ашык иш-чараларга, концерттерге активдүү катышып, өлкөбүздүн өнүгүшүнө, маданиятына өз салымыбызды кошуп келе жатабыз. 2004-жылы “Мээрим” фондусу тарабынан өткөрүлгөн жаш таланттар республикалык кароо-сынагында Гран-При сыйлыгына татыдым. 2005-жылы КТРКнын “Хит-парад” долбоорунда жеңүүчү, 2007-жылы “Супер Инфо” гезитинин жыл жыйынтыгы боюнча “Жылдын мыкты ырчысы”, 2015-жылы “Жылдын мыкты айымы”, 2011-жылы “бири куудул бири ырчы” кароо-сынагында Гран-При сыйлыгын, 2011-жылы Уркуя Салиеванын 100 жылдык мааракесине арналган республикалык кыз-келиндер арасында өткөрүлгөн ыр сынак өттү, баш байгени жеңип алдым. 2010-жылы Ош облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы, 2011-жылы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак грамотасы, 2012-жылы КТРКнын, “Тамчы”, Обон”, “Кыз-жигит” гезиттеринин тандоосу боюнча “Жылдын мыкты ырчысы”, 2012-маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси менен сыйландым. Канчалык сыйлык алган сайын ошончолук жоопкерчилик пайда болуп, изденип иштөөгө туура келет. Менин максатым – элдин кызы болуп, мамлекетибиздин, жок дегенде, бир тармагына салым кошуу.

 

Менин мүнөзүм

Апам дайыма “дарак канчалык мөмө алса, ошончолук ийилет, жөнөкөй, кичи пейил бол, улууну сыйлап, кичүүнү ызаатта” деп кулагыма куюп, жөнөкөй кылып тарбиялады. Текеберленгенди жаман көрөм, ичимтап болуп жүрө бербей ачык айтып, бетке сүйлөгөндү жакшы көрөм. Бир жаман сапатым – ишенчээкмин, анан жалкоолугум бар. Жалкоолугум кармаганда көпкө чейин жатып алам. Анан да эркемин, эркелигимди азырга чейин таштай албай жүрөм. Бек Борбиев, Расул Маматкулов, Алина Жетигенова, Мерген Турган, Айчүрөк Иманалиева ж.б. чыгармачыл инсандар биздин үйгө көп барышчу. Ошолор эркелетип атып эле эрке болуп калдым. Конфет, шоколадга шыкап салышчу. Шоколадды көп жеп тиш оорунун азабын жакшы эле тарттым.

 

Менин келечегим

Кесибим боюнча юристмин. Учурда Б.Бейшеналиева атындагы искусство университетинин телевидение жана кино режиссёр факультетинде 4-курста окуп жатам. Келечекте сценарий жазып, клип, кино тарткым келет. Өзүмдүн медиа студиям болсо, мыкты тасмаларды тартсам деген тилегим бар. Келечекте жароокер жар, мээримдүү эне болгум келет. Кайненем Гүлнара Калдарованын кайненесиндей токтоо, сабырдуу болсо деп кыялданам. Былтыр апам мага “ушул жылдын 30-декабрына чейин өзүң каалаган, өзүң сүйлөшкөн жигитиңе токтолгун, болбосо, 1-январдан баштап мен көрсөткөн жигитке турмушка чыгасың” деп шарт койгон (күлүп). Убактым аз калып, мөөнөтүм жакындаган сайын тыбырап жатам.

 

Менин алгачкы жеке концертим

Билинбей эле эл алдына чыгып, чыгармачылыктын тизгинин кармаганыма 15 жылдын жүзү болуптур. Отчёт катары, Кудай буюрса, 1-декабрда Кожомкул атындагы спорт сарайында алгачкы жеке концертимди тартуулайын деп жатам. Кызыктуу сюрприздер, кызыктуу номерлер бар. Жарык берүүчү каражаттарды, аппаратураларды Алматыдан алдырып жатабыз. Чакырылган коноктор бар, Кыргызстандагы эң мыкты ырчылар менен дует ырдайбыз. Ыр жандуу күйөрмандарымды концертке чакырып кетем. Келип, көңүл ачып кетиңиздер.

 

Сайкал тууралуу кызыктуу фактылар

*Оң колунун аты жогуна дайыма күмүш шакек тагып жүрөт. Себеби, аны эң биринчи айлыгына, 2700 сомго сатып алган.

*Сайкалга обон жазуу эргүүсү идиш жууп жатканда, тамак жасаганда же машина айдап баратканда келет. Айрым учурда, түшүндө кайсы бир ыргакты угуп калса, ойгоноору менен кыңылдап диктофонго жаздырып коёт. “Жан сырым” деген ырынын обону идиш жууп жатканда жаралган.

*Сайкал келбетине химикат кошулган бет майларды колдонбойт. Жөн гана, табигый нерселерден бетине, чачына маска жасап турат.

*Бош убактысында фортепианодо ойнойт, психологиялык китептерди окуйт, кыздар менен киного барат.

*Сайкал төрт айда 76 килограммдан 53 килограммга чейин арыктаган.

*Жылдыз төлгөгө ишенбейт.

*Чычкандан, даракка чыккандан коркот.

*Сууда сүзгөндү, машина айдаганды жакшы көрөт.
*Дайыма апасы менен сырдашат.

*Өзгөчө, палоо, лагманды мыкты жасайт.

“Кыргыз тили”, 29.11.2016-ж.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.