Океандай чалкып… Түгөлбай
Бир кезде душмандын жамгырдай жааган огун токтотуш үчүн денесин дзотко тосуп жанын кыйган Чолпонкул Түлөбердиев өңдүү кыргыз жигиттери баатыр болгон.
Расул Гамзатов айткандай жаңы замандын “баатырлары” да Чолпонбай Түлөбердиев менен Александр Матросовго окшоп төштөрүн эгемендиктин дзотуна тосуп чыгышты. Бирок алардын Түлөбердиев менен Матросовдон айырмасы-төштөрүн дзотто ок жок экенин билип туруп тосконунда болууда.
Ошентип өткөн доордо кыргыз жигиттери эл душманы деп айыпталып, түрмөлөргө түшүп, атылып кетип жок болушса, бүгүнкү кыргыз жигиттери миллиондорду уурдап жеп айыпталып, түрмөгө түшүп, кайра миллиондорду парага берип, кутулуп кетип жок болууда.
Өткөн доордо кылмышкерлер жазасын атайын алар үчүн салынган түрмөлөрдө жатып өтөсө, азыркы кылмышкерлер жазасын өздөрүнүн үйлөрүнө “салып алган үй түрмөлөрүндө” өтөй баштады.
Өткөн доордо кыргыз жигиттери элди-жерди сырттан келип басып алган душмандардан коргоп баатыр болушса, бүгүнкү кыргыз жигиттери өз элин ичтен басып алып, өз өлкөсүнүн байлыгын талап-тоноп баатыр болууда.
Кыргыз деген европалыктарга окшоп “битин сыгып, канын жалаган”, энергиясын, күчүн үнөмдөп сарптаган сары эсепчил эл эместигин, кыргыз деген миң күнгө жетчү нерсесин бир күндө чачып жиберип басып кетчү эл экенин, кыргыз деген орустун токоюндай чытырман, жылчыксыз, орустун талаасындай учу-кыйырсыз кенен, көп эместигин, кыргыз деген өзүнүн жер-суусуна окшоп жайдак төш, ачык-айкын, ошол эле учурда өңгүл-дөңгүл, уңкул-чуңкул, кокту-колоттуу, буктурмалуу, ылдам өзгөрүлүп турма, бирде эңкейиштеп барып аркан бойлогус аң-чөнөккө түшсө, бирде бийиктеп, тоодон тоого чыгып олтуруп башы булутка тийип баскан жылкы кыял эл экенин Түгөлбай абабыз түшүнгөн. Кыргызды кыяматтан дал ушундай мүнөзү сактап келгенин да Түгөлбай абабыз эң сонун билген.
Чоң элдер кыргызды өздөрүнө окшош дем алып, окшош сүйлөй албагандыгы, өздөрүнө окшош жашай албагандыгы үчүн басынтып, кемсинтип келген. Кыргыздын кыргызча жашаганын жерип, жек көрүп турган кезде, Манасты төрөп баккан кыргыз энеге бала бакканды үйрөткөн программаларын ташып келип окуп калган кезде:
— Биз деген Кудайдан кийинки эле эң байыркы элдердин бири болобуз. Биз кыргыз болуп кылымдап жашап келгенбиз. Биз силер ыштансыз жүргөн кезде темир ээритип, чагылгандын ташынан кылыч соккон элбиз. Силерге шым кийгенди үйрөткөн бизди силер кантип жашаганга үйрөтпөгүлө, керек болсо кандай жашашты бизден үйрөнгүлө!-деп чыккан кыргыз Түгөлбай абабыз болгон.
Ал кездеги Акүйдү же Компартия башкарып турган ЦКанын терезесин карап туруп тилиңди көрсөтүп койгондун өзү эрдик болуп саналган кезде Кыргыз деген дудук эмес, тили бар эл экенин, дили бар экенин, ошондуктан орус тили экинчи эне тилим дегендик Москвага кулдук кылып, кол куушургандык болорун, кошоматтык болорун, бир тилдин бир гана энеси болорун, кыргыздын тили өгөй, бөлөк тилди таңуулагандардын энеси эмес, Кыргыз тили Кыргыз Энебиздин тили экенин башы кетерин билип туруп тайманбай айтып чыккан кыргыз Түгөлбай абабыз болгон.
Мамлекет деген элдин ичиндеги кайнап турган күч. Мамлекет деген элдин таянар тоосу, тиреп турган тиреги болушу керек эле. Мамлекет деген баш көтөргөн балдарын, баш көтөргөн баатырын башка чапкан камчы эмес, Мамлекет деген элинин байы, бийи, манабы, кожоюну эмес, муңдашы, сырдашы болуш керек эле. Ичинде ишенер тиреги, таянар таянычы жок элдин келечеги болбойт. Таянычы жок, тиреги жок элдин ындыны өчөт, дымагы түшөт. Таянычы жок эл ындыны өчүп, басынып, чачылып олтуруп кулга айланат. “Кулда кулак” жок дегендей, кул мүнөз элди кулча жашап өткөндөн башка эч нерсе кызыктырбай калат. Кул болгон элдин калкы өздөрүнүн байына, бийине, манабына кул болсо, кул болгон элдин байы, бийи, манаптары башка элдердин байлары менен бийлерине барып кул болот.
Түкөм Кыргыз элинин кул болбошу үчүн өмүр бою чоңдор менен ачык кармашып келген анык көкжал болгон. Жусуп Абдырахманов, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов сыяктуу далай азаматтардын жанын алган ал доордун огу аны каалаган учурда кайсап жок кыларын билип туруп Компартиядан коркпой, “бөрк ал десе алеки заматта башын алып жиберчү кыргыздын кошоматчыл чоңдорунан коркпой, Кыргыз Элинин Элдигин коргоп турган, Айкөл Манасын коргоп турган кыргыз Түгөлбай абабыз болгон.
Түкөбүз тирүү турганда Манасыбыз тирүү тургансып, Кошоюбуз тирүү тургансып, Бакайыбыз тирүү тургансып, өзүбүздү жарты сезбей бүтүн сезчүбүз, өзүбүздү баатыр сезчүбүз.
Түкөбүздүн көзү өткөн соң Манассыз калгандай, Кошойсуз, Бакайсыз калгандай кемип келдик, азыр да толуп турган жокпуз.
Кабыландын баары эле Манас эмес экен,
Калдайгандын баары эле канат эмес экен.
Калкын чанган, калкынын тилин чанган,
Кан болсо да кыргыздын баласы эмес,- деген экен.
Улуу Түгөлбай Сыдыкбековдун айкелин качан болсо оозун жок менен аарчыган өкмөт өзү орното албай, Болот Шер башында турган “Жетимен” кайрымдуулук фонду биз орнотуп берели, мыйзамыңарга тууралап токтомуңарды чыгарып бергиле деп кайрылса, Кыргыз өкмөтүнүн компьютер ойноп, сагыз чайнап олтурган кызматкерлери алты сүйлөмдөн турган токтомун эки жылдан бери жазып бүтөлбай, жакында гана, Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев артынан түшүп алгандан кийин гана бүтүп, бүгүн эми атабыздын айкелинин казыгын кагып, түбүн түптөйлү деп кубанып, чогулуп келип олтурабыз. Ушул кубанычыбыз кут болсун, кыргыздар!
Шайлообек Дүйшеев, Кыргыз эл акыны,
«Багыт.kg», 16.03.2016-ж.