“Сөз дайра”: көзү тик келин экен
Бүгүн “Сөз дайра” берүүсүндө кайран жана көз деген сөздөрдү чечмелейбиз.
“Кайран” деген сөз көбүнчө көзү өтүп кеткен адамга карата айтылат. “Кайран жигит! Эрте кетип калбадыбы!” деп кайгырган адам дүйнөдөн жаш өтүп кеткенде. Адам дүйнө салганда кыргыздар “Эс кайран! Эсил кайран!” деп өкүрүп түшкөн. “Кайран болду” деген сөз, “Көзү өттү”, “Дүйнөдөн кайтты” дегенди да билдирген. Анткен менен “кайран” сөзү тирүү жандарга деле айтыла берет. “Кайран эр, мыкты сүйлөдү!” деп коет. Бул мактагандагысы, сүйлөгөнүнө ыраазы болгондогусу. Кээде жактырбаган үн менен: – Ии, кайран, дагы келдиңби?,- деген.
Кыргыздар сүйлөгөнү, сүйлөө мамилеси, сүйлөө ыкмасы аркылуу бир эле сөздү ар кандай мааниге алып чыкканын көрүүгө болот. “Кайран башым кор болду!” дейт. Азаптан арылбай келаткан тагдырын ушинтип түшүндүргөн. “Кайран кыз, ишке жарады, азамат экен!” дейт. “Кайран акча эчтекеге жарабастан жок болду!” дейт. “Жаманга айткан кайран кеп” дейт. Акмак адамга акыл айтканча айтпай эле кой дегени. “Кайран шылуун, дагы баягы майталкан жерге орношуп алыптыр” дейт. “Баягы керооз неме барган жерин чиритип эле келатат” дейт.
“Көз” деген сөзгө байланыштуу көптөгөн маанидеги сөздөргө күбө болуп жүрөбүз. Мисалы: – Окуй берип көзүмдүн майы түгөндү, – дейт. “Аябай окуй берип көзүм чарчады, көзүм талыды” деген маанини билдирет. “Ал мени көзүнүн агы менен карады” деп коет. Бул жактырбай карады, жаман көрүп карады дегенди түшүндүрөт. Кээде “Көзүнүн төбөсү менен карады” деп да айтат. “Кирип барсак акча санап аткан экен, көрө коюп катуу чочуп кетти” дейт.
“Көз көрүнөө алдап кетти” дейт. “Көзү тик келин экен” дейт. “Улуудан тартынбаган, кичүүдөн ийменбеген келин экен, адептүү келин болбойт окшойт” деп чочулагандагы сөз. “Мен өлүп калсам энеме көз сала жүр” деп коет. Мен өлгөндөн кийин энеме каралашып, жардам бере жүр деген мааниде. -Көзүң аккыр! Көзүң агып калсын!, – деген каргыш бар. Кээде аялдар какшап ыйлап, басылбай койгон баласын, айласы кеткенде ушинтип каргап жибермейи бар. – Ийненин көзүндөй жерден өттүк,- деп коет. Өтө татаал, кыйын жерден өттүк дегени. – Бала таң аппак аткан маалда көз жарды, – дейт. Бала таң аткан кезде төрөлдү дегени.
Шайлообек Дүйшеев, “Азаттык”, 03.01.2017-ж.